Каныкей Эралиева: «Мен сени сүйөм” деп айта элек

16.04.2016 | Маек

Каныкей Эралиева

Таланттуу жубайлар Каныкей Эралиева менен Атайбек Бөдөшевдин мукам кайрыктарын укпаган адам жоктур. Бүгүн биз калың журтка “Тууган жер”, “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Акыркы коңгуроо”, “Бал кымыз” “Бала жыты” сыяктуу ырлары аркылуу белгилүү болгон Каныкей эжебиз менен жашоо-турмуш, ыр дүйнөсү, чыгармачылык тууралуу маек курдук.

 

“Эстен кетпеген кызыл баян”

— Ата-энем студент болгондуктан Ысык-Көлдүн Кожояр деген айылында тайенемдин колунда чоңойдум. Менден улуу Кубанычбек деген агамды чоң энеме Ак-Талаага алып барып беришсе ал жаңыдан там-туң басып калганда каза болуп калыптыр. Ошондон улам атам сенин ата-энеңе эле берели деп экинчи баласы мени Көлгө алпарып беришет. Менден бир жаш кичүү иним Кадырбекти да тайенем баккан.Ошону менен Көлдүн Кожояр айылында 5-6 жашыма чейин жашап калдым. Аңгыча атам өтүп кетип, апам Рыбачыга көчүп келди. Апамдын аты Малике, атамдын аты Иманалы. Бир жыл Рыбачыда окусам, экинчи жылы Ак-Талаада окудум. Апам өзү ошол убакта мода болгон мандолинде жакшы ойносо, атам комузда ойночу экен. Эң негизгиси, Ак-Талаада Мааданбек Алмакунов деген обончу өткөн. “Колхоз кечи”, “Грейдерчи жигитке” деген жакшы ырларды жараткан. Бул 50-жылдардын аягы, 60-жылдардын башы болгон. Ал киши М.Күрөңкеев атындагы окуу жайды бүткөн экен. Бир күнү апам мени, атамдын бир тууган эжесинин баласы Турдубек Чокиевди Ак-Талаада музыкант болуп иштеп жаткан Мааданбек Алмакуновго алып барды. Апам Ак-Талаада 55 жыл врач болуп иштеген билимдүү дарыгер эле. Мааданбек агай бизге адегенде аккордеон тарттырып көрдү. Аккордеондон араң боюбуз чыгат. Ошентип кагазга нота чийдирип үйрөтө баштаганда эле башка жакка которулуп кетип Турдубек экөөбүз мугалимсиз калдык. Турдубек нота жаттаганга жетишип калыптыр, а мен эчтеке билбейм. Турдубекке атасы гармошка алып берди. Ал биздин үйдө жашайт, окууга биз менен барат. Бизден улуураак болгон үчүн бизди башкарат. Гармошканы тартып көрүп, ээ буга кыргыздын обондору келишпейт экен деп калды. Ошентип атып атасына баян саттырып алды. Баян менен “Долонду” тартат, эски ырлардын баарын ырдайт. Биз анын артынан цыгандай болуп ээрчип алабыз, Турдубек үйрөтүп койчу деп. Ал болсо кыйыктанат. Биз апама арызданабыз. Апам болсо ай Турдубек, кенен болсоңчу деп калат. Турдубектен эки нерсени, до-мажор гамма мененКалыйбек Тагаевдин “Долон” деген ырын үйрөндүм. Ошентип көк беттенип жүрүп баянда ойногонду үйрөнүп алдым. Турдубек мектепти бүтүп Күрөңкеевге окууга келди.Бирок, ал жерден окуусун таштап коюп, кийин Искусство институтун бүтүрүп белгилүү композитор болду. Анын кызыл баяны бизди сыйкырдуу обондор дүйнөсүнө жетелеген маяк болду десем жаңылбайм.

 

“Окуу жайды бир көйнөк менен бүткөнмүн…”

— Азыр ойлосом, ошол кезде элдин жан дүйнөсү да, пейли, ою, искусствого умтулуусу да башкача экен. Бара-бара музыкага баш-отум менен берилип, обон жаратууга өттүм. Алгачкы обонум “Тууган жер” деген ыр болду. Классташтарым Каныкей обон чыгарыптыр деп тим эле жетине албай кубанышат. Мектепте окуп жүргөндө айылыбызга келген Саякбай атанын алдында ырдап, батасын алганбыз. Ошол кезде Рыспай Абдыкадыров чыгып калды. Анан көрүп ал, анын артынан обончулардын дээрлик бир плеядасы өсүп чыкты. Элдин баары Рыспай менен ооруп калышты. Аксуубай Атабаев, Бейшеке Жандаров, Үсөн Сыдыков сыяктуу обончулар, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушева, Эрмек Мойдунов сыяктуу ырчылар чыгышты. Мен дагы музыкалык кароо-сынактарга катыша баштадым. Адеп борборго сынакка келгенимде бир мугалим эжекем чемоданын берди. Колума деректирибиз 6 рубль берип шаарга келдим. Сынакта мага кезек жетпей калып, эми элге не деп айтам деп кейип турсам, сен али кичинекейсиң, комсомол боло элексиң деп алдашты (күлүп). Айылда үйүбүз так мейманкананын алдында эле. Эртең менен турсак эле артисттердин машинеси келип калат. Биз үчүн космонавттар учуп келгендей эле болот. Аңдыганыбыз артисттер. Куурдагыбызды кууруп, чайыбызды кайнатып аларды мейманга чакырабыз, таанышабыз. Бир күнү Искусство институтунун теория бөлүмүнүн мугалимдери келишти. Алар да мейманканага жатышты, аларды да сыйладык. Анан алар мени ырдатып көрүп жактырышып ата-энеме кызыңыз таланттуу экен, музыкага бериңиз дешти. Анда адамдар артисттикке балдарын бергиси келишпейт. Апам да мени врач болот деп эбак чечип койгон. Ошентсе да августта мени Жумамүдүн Шералиев атабызга барып көрсөтүп келели деп калышты. Атамдын кызгылт-сары “Запорожеци” боло турган, ага түшүп алып борборго келдик. Ал киши аялы экөө тең ушунчалык жөнөкөй, меймандос кишилер экен. Огинскийдин “Полонезин”, “Кичинекей ак куулардын бийин” ойноп, Индия ырларын ырдап бердим. Ошондо ал киши кой, кызыңардын убалына калбагыла, врач кылам деп кыйнабагыла, Күрөңкеевге эле алып баргыла деди. Ата-энем ойлонуп калышты. Аңгыча сентябрь болуп калды. Атам бухгалтер болгондуктан быякка отчётко жөнөп калды. Мени ээрчитип алды. М.Күрөңкеев атындагы окуу жайга келдик. Директору Амангелди Керимбаев кабыл алып ырдатып көрүп, ай, мен бул кызыңарды теледен көргөнмүн деди. Чыгармачылык башатым ошентип ачылды. Музыканы ушунчалык сүйгөн экем, эч кыйналбай окуп кеттим. Оюмда окуудан башка нерсе жок. Абдан эле эби жок болгонмунбу, көйнөгүмдү башка кыздар сурап кийип кетишсе, кайра берчи деп айта албайм. Күнүнө 8 сааттан музыкага машыгабыз. Бир күнү окуу жайга Аксуубай Атабаев келип калды. Окуу жайда жакшы ырдаган кыздар барбы деп текшерип, биз баарыбыз чурулдап кезекке турдук. Мен “Кыргыз жерин” ырдап берсем, ии деп жактыргансып калды. Анан дагы кайра ырдачы деди. Баламын да, кайра ырдап бердим. Ошо боюнча кеткен киши бир күнү аялын ээрчитип кайра келиптир. Уктап турганга үнүм анча жакшы чыкпай калды, ал киши булар бирдеңке болсо эле уктайт деп нааразы болгонсуду. Мен аа, эми өтпөй калдым го деп турамын. Жок, мени ээрчитип радиого алып барып “Кыргыз жерин” жаздырдык. Өзү аккордеондо ойноду. Курган киши тамак да алып берген жок, курсагым болсо курулдайт. Ошентип, эки дубль менен ырды жаздырып бүтүп, радиодон тынбай кете баштады. Анан популярдуулукту көрүп ал. Элдин баары көчөдөн “Каныкейсиңби?” деп сурашса, мен жок, мен эмесмин деп качамын. “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң”деп музыкага болгон чексиз сүйүүнүн, тынымсыз эмгектин арты менен эл оозуна алындык.

 

“Биздин үй-бүлөнү дайым чогуу жүргөнүбүз сактады”

— Атайбек менен ушул окуу жайда чогуу окудук. Көз караштарыбыз келишип, баш кошолу дегенибизде ата-энебиз жер алыс деп кыйла каршы болушту. Ал Аксыдан, мен Ак-Талаадан. Ага карабай, тагдырыбызды өзүбүз чечип, баш кошуп алдык. Жердин алыстыгынан атам өтүп кеткенде туман болуп самолёт учпай, атама топурак сала албай калдым. Кайненем 14 бала төрөп, анын 12си бар. Мен улуу уулумду төрөгөндө кайненем кичүү кызын төрөгөн. Азыр ойлосом эрким күчтүү экен. Чыгармачылыкка, үй-бүлөгө, жумушка да жетишип келдим. Эки уул, бир кызыбыз бар. Биздин үй-бүлөнү да бузгусу келгендер болду. Бирок, биздин ортобузда шайкештик, өз ара сый болгон үчүн ынтымак жашадык. Ушунча жыл жашап, агайың “мен сени сүйөм” деп айта элек (күлүп). Үйлөнүп жатканда да “биз үйлөнөбүз” деп кыска эле айтып койгон. Күрөңкеев окуу жайында беш жыл окудум. Бир көйнөк менен окууну бүтүп кеттим. Ошону менен Искусство институтун бүтүп, радионун камералык хорунда 8 жыл иштедим. Ошондо да бир кыйналдым деп айткан эмесмин. Турмушту баштаганда орустун бир үйүндө батирде жашап баштадык. Кийин анан атамдар 3 миң рублга там сатып беришти. Алыстан келген туугандардын баары биздин үйгө келишет. Анда пейил кенен, кабагым-кашым дебей баарын батырчубуз. Заман алмашып, искусство адамдарына кыйын күндөр келди. Айлыгыбыз 110 сом. Кыйналбаган, өкмөттүн эрке артисттери да болду дечи. Биз болсо, гастролго чыгып, өкмөткө акча төгүп, процентке иштейбиз. Экөөбүз тең байлык менен бийликке кызыкпадык. Биздин жашообуз музыка дүйнөсү болду.

 

“Ыймандай сыр…”

— Ыймандай сырымды айтсам, баары жайында болуп турса, көңүлүм тынч болсо, гүлчөтайды да жасайм, баарын катырам. Анан минтип жашоо туш-тараптан тынчыңды алып, жетпеген тирилик ийинден басып турса, менеджер болуп кетет экенсиң. Ошентсе да баары эле жаман эмес, азыркы учурда бала бакчадагы наристелер ырдай турган 24 ырдан турган эки музыкалык түрмөк жазып жатам. Чыныбай Турсунбековдун “Жалын тоо” деген китеби чыккан. Анын “Жылдыздуу жээк”, “Сага” деген ырларына обон жаздым. Күзүндө бир мыкты концерт берсек деген оюбуз бар. Акыркы күндөрү “Салам, салам сагынычтуу ырлардан” (сөзү: Бактыгүл Чотурова),  “Айылым мени сагынат” (сөзү: Бүбайша Арстанбекова), “Оюнчук паровозго” (сөзү: Сагын Акматбекова) деген ырларга обон жараттым. Акыркы убакта ооруп жүрүп, учурда жакшы болуп калдым. Көрсө, мен депрессияда экенмин…

Назгүл Осмонова


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: