Канат Муратбеков: Доо айыпты 20 пайызга көтөрүү зарыл

28.03.2016 | Маек

Канат МуратбековМамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инпекциясынын директору Канат Муратбеков менен маек.

Аталган инспекциянын түзүлүп, толук кандуу иштеп баштаганына быйыл 20-февралда туура 4 жыл толду. Бул аралыкта инспекцияны Осмонбек Артыкбаев, Таалай Нурбашевдер жетектегени белгилүү. Үчүнчү директор болуп буга чейин өзүн бир катар кызматтарда мыкты менеджер, мыкты жетекчи катары көрсөткөн Муратбеков Канатбек Камбарбекович иштеп жатат. Аталган инспекция буга чейин экология жана техникалык коопсуздук боюнча жалпысынан 10 багыт менен иш алып барып келсе, жакында дагы 5 багыт кошулганы турат. Бул инспекциянын мамлекетке келтирген пайдасы, толгон-токой мыйзам бузуу тууралуу ж.б. маселелер тууралуу башкы директор Канат мырза айтып берди.

— Канат Камбарбекович, бул кызматка келип калганыңыздын чоо-жайын өзүңүз айтып берсеңиз?

— Биздин партиянын негизги максаты — парламентке келүү болчу. Бул биз үчүн абдан чоң жеңиш. Бир айдан ашыгыраак депутат болдук. Кызматка кеткенимдин бирден-бир себеби, бизде мурда-кийин өкмөттө иштеп, тажрыйба топтогондор саналуу эле болуп калдык. Айтсак, алардын бири Арзыбек Кожошев, бири мен. Дагы бир маселе, биздин артыбызда да шайлоодо көп добуш алгандарга орун алгандар бар эле, аларга орун бошотуп берүү маселеси тургандыктан, мен кызматка барууга даярдыгымды билгизгем. Мен өзүм чарбакер болгондуктан –чарба жумушуна барсамбы деп тилек кылгам. Бирок, бул кызматка ишеним көрсөтүлгөндө, баш тарткан жокмун. Күтүүсүз да болуп калды. Мен бул жерге биринчи кезекте – менеджер катары келдим десем болот.

— Инспекциянын негизги милдеттери, өзгөчөлүгү тууралуу кеп кылсак…

— Негизи инспекция абдан уникалдуу инспекция деп айта кетсек. Биздин инспекцияга башка мамлекеттер да кызыгып жатышат. Коңшу мамлекеттерде мындай инспекция жок. Орусияда биздин мекеме аткарган кызматтарды башка мекемелер аткарат. Мисалы, буга чейин Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги курулуштун долбоорун өздөрү чийип, куруп, анан өздөрү кабыл алушчу да. Бул үч иш үч башка болгон күндө деле, жетекчи бирөө болгон да. Баарын өзү чеччү дегендей. Курулушчулар “хозрасчөт” деп түшкөн акчанын 0,3 пайызын өздөрүнө алышчу. Айлык кошуп, инспекторлор өздөрү бөлүп алышчу. Азыр ал акчаны биз мамлекеттин казынасына түшүрүп жатабыз. Мисалы, курулуш жагынан эле (кызмат көрсөтүү жагынан) жылына 30 млн. сомго жакын акча төгөбүз.Экология жактан деле ушундай. Бирөө бакты тиксе, экинчиси кыйып келген. Биз анализ кылганбыз, буга чейин эч кандай майнап чыккан эмес.  Инспекция түзүлгөндөн бери – мыйзам бузуулар мурункуга салыштырмалуу азайып баратат деп айтсак болот. Азыр биздин президентибиз дагы, өкмөт башчыбыз дагы инспекцияны абдан жакшы колдоп жатышат. Жакында эле 34 НИВА үлгүсүндөгү машинесин беришти. Биз жаңыдан басып, бутубузга туруп жаткан инспекциябыз, келечекте күчтүү ишкана болот деген ишенич бар. Азыр 10 багыт боюнча иш алып барып жатабыз, алар: экологиялык копсуздук, тоо-кен, жер инспекциясы, суу ресурстары, ядролук, атомдук, энергетикалык коопсуздук, өрт коопсуздугу, курулуш копсуздугу, суу транспорту, эмгек инспекциясы. Бул он багыт экологиялык жана техникалык деп экиге бөлүнгөн.  Эми жакында өкмөттүн токтому менен: темир жол курамы, темир жол инфрастуктурасы, дөңгөлөк транспорту, жол, айыл чарба техникалары боюнча багыттары боюнча да функциялар берилип жатат. Бир мисал айтайын, бир үй-бүлөдө 5 бала эмес, 3 баланын башын бириктирүү маселеси дагы абдан эле кыйын. Анын сыңарындай,  биз үчүн министрликтин башын бириктирип, талапка ылайык иш алып кетүү оңойго турбайт, айтор жеңил эмес.

 

“Республика боюнча 323 таштанды таштоочу жайдын, 61и гана мыйзамдуу”

— Түшүнүктүү. Аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз?

— Биздин инспекция аркылуу көп иштер бүтүп жатат. Жакында эле Сокулук районундагы 7 көп кабаттуу үйдүн тазалоочу трубаларын “Аю” компаниясынан суранып жатып алмаштырып, борбордук канализациясына коштуруп бердик. Ысык-Көлдүн жээктериндеги пансионттардын баарына да тазалоочу жайларды курдурталы деп жатабыз, анткени Чолпон-Атанын борбордук канализациясынын мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп калган. Мындан тышкары, тоо-кендерин казып иштетишкен фирмалардын баары тең жерди рекультивация жасашпайт да. Бул маселе боюнча абдан чоң нааразычылыктар бар. Биз ушул маселенин үстүнөн да талапка ылайык иштерди аткарып жатабыз. Ошондой эле Миң-Куш, Майлуу-Суу сыяктуу жерлерде радициялык жерлер көп, бул боюнча да тиешелүү иштер аткарылып жатат. Бул боюнча убагында сигнал берип, чара көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө республика боюнча 323 таштанды таштоочу жайы бар, анын 61и гана мыйзамдуу, калгандары эч кандай документтери жок, мыйзамсыз таштанды жайлары болуп эсептелет. Жакында эле Чоң-Алайда таштанды жайды жок кылдык. Биз бир гана текшерүүчү эмеспиз. Бизге тиешелүү тармактар боюнча жардам да беребиз. Себеби, биз да түздөн-түз жооптуубуз. Жалпылап айтканда, биз 2015-жылы айып-доодон тышкары, укук коргоо органдарынын кароосуна 400дөн ашуун иш өткөрүп бердик. Бүгүнкү күндө соттордун кароосунда 100дөн ашуун ишибиз бар.

— Инспекция мамбюджеттен бөлүнгөн каражатты актап, кайтарат да, туурабы?

— Биз дотацияда болгонубуз менен, доо айып аркылуу өндүргөн каражат менен бизге бөлүнгөн жылдык бюджеттин жарымын жаап жатабыз. Мамлекетке мынча акча төгөбүз деп кадыр-колко кылбайбыз. Бирок, инспекторлорго стимул болуш үчүн, материалдык-техникалык базаны чыңдоо үчүн ж.б. керектүү маселелерге пайдалануу максатында айып-доолордон түшкөн каражаттын 20-25 пайызын биздин атайы эсепке калса деп демилгелеп жатабыз. Биздин инспекцияда талапка ылайык реформа да сөзсүз болот. Биздин инспекция текшерүүчү органдарга кирбейт. Андыктан биздин максат — текшерүүнү көбөйтүү эмес, жылдан-жылга азайтуу жана эң башкысы, убагында талапка ылайык жардам берүү.

— Курулуш тармагындагы баш аламандыкты, мыйзамсыздыкты жакшы билебиз. Бул багытта сиздер тараптан кандай чаралар көрүлүп жатат?

— Бизге бул маселе боюнча кандай укук берилсе, ошол укуктун алкагында иш жүргүзөбүз. Курулуш тармагында чынында эле талапка жооп бербеген көрүнүштөр, ар кандай көйгөйлөр көп. Мисалы, биз кыргыздар биринчи үйдү куруп салып, анан документтерине чуркайбыз да. Бул туура эмес. Жер үйлөрдү айтпай эле коёлу, айрым 12 кабат үйлөрдүн да документтери жок болуп чыгат. Биз барып текшерип: “Светиңерди өчүрөбүз” — дейбиз, алар: “Билгениңерди кылгыла” — дейт. Биздин билгенибиз, болгону 20 миң сом айып салабыз. Ойлоп көрүңүз, миллиондогон доллар сарпталып жаткан андай көп кабат үйлөргө 20 миң сом кеп эмес. Ал акчаны төлөп коюшат да, кайра эле жыл бою өз билгендерин кыла беришет. Биз жакында курулуш боюнча доо айыпты көбөйтүү сунушун киргизели деп жатабыз. Мисалы, 12 кабат үй 10 же 20  млн. долларга салынса, анан кандайдыр бир мыйзам бузуу болсо, ошол акчанын 20 пайызын доо айыпка төлөтө турганга жетишсек — анда бул тармакта бир топ эле тартип болмок деп ойлойм. Ушул сыяктуу энергетика маселесин алсак, биз энергетика коопсуздугун карайбыз да, маселен уурдалган электр энергияга — болгону 1000 сом айып салабыз. 10 миң, 100 миң сомдоп электр энергиясын уурдагандар – бизге 1000 сом төлөп коюп, бир жыл бою каалагандай жүрө беришет. Бул маселе боюнча да айыпты көбөйтүү керек. Дагы бир айта кетчү маселе – биз үйлөрдү дароо эле текшере албайбыз. Текшерерден мурун Экономика министрлигинен уруксат алып, анан кайсы жерди текшере турган болсок, 10 күн мурун билдирүү жөнөтүп, анан гана текшеребиз. 2015-жылы Кыргызстан боюнча 88 көп кабаттуу үй бүттү. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен биз жаңы жылдын алдында бир айда 35 көп кабаттуу үйдү эксплуатацияга бердик. Бул чоң жаңылык. Кыска убакыттын ичиндеги мындай ишке көптөр таң калды. Себеби, буга чейин 2-3 жылдап ондогон үйлөр (бирөөнүн жери туура эмес, дагы бирөөнүн электр энергиясына, газына уруксат берилген эмес дегендей) тиешелүү документтерин бүтүрө албай келишкен экен. Мындан тышкары, былтыр 70 мектеп бүттү. Аларды биз талапка ылайык колдонууга кабыл алдык. Бул да чоң жетишкендик. Мындайча айтканда, биз былтыр курулуш тармагы боюнча ишти 118 пайызга аткардык.

— Кызматкерлер жетиштүүбү, кадр, айлык маселеси талапка жооп береби?

— 588 мамлекеттик кызматкерлер иштейт, жогоруда айтылган 5 багыт берилсе, дагы 135 штат берилет. Айтор, биз акырындык менен чоңоюп жатабыз. Бирок, оптимизацияга барып, инспекцияны күчтөнтүп жатабыз. Атайы фонд же атайы эсеп ачуу маселесин да байкаштыруудабыз. Айлык абдан аз, маселен орточо айлык 7-8 миң сом. Ал эми кадрларды тандап алуу маселеси шарты оор. Атайы сынакта Кадр кызматынан борбордук тесттен өтүп келишет. Суроолор абдан оор болгондуктан, тесттен өтө албай калгандар да көп. Бүгүнкү күндө өрт коопсуздугу боюнча 21 эле инспекторубуз бар. Албетте, алар жетишпейт. Мына ушул сыяктуу кадрлардын жетишсиздиги бар.

— Мыйзам бузгандар боюнча  — жек-жааттык, өң-тааныштык кылып, айрым бир учурларда жең ичинен чечилип калган көрүнүштөр бар да. Такыр жок деп айтууга болбосо керек?

— Мен инспекторлорго пендечиликти биринчи орунга койбогула деп айтып жатам. Туура, 7-8 миң айлык менен жашаш абдан оор. Ошентсе да, ишке болгон мамиле таза болуш керек да. Айлык да бара-бара көбөйөт дегендей. Сиз айткандай, тааныштыкка салып айып төлөөдөн кутулууга жол издегендер да көп. Менин да тааныштарым көп суранышат. Андай учурларда мен алардан, “мыйзам чегинде иштеп койгула” — деп суранып жатам. Бизде да терс көрүнүштөр көп эле болот, кээ бир жерлерде “бөрк ал десе, баш алган” кызматкерлер боюнча атайы иш алып барылып, айрымдарын кызматтан кетирсек, айрымдары мыйзам чегинде жазаланат.

 Маектешкен Эралы ЭСЕНБАЕВ


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: