Канат Мамырканов: «Актёр болбой калсам, малдоктур болмокмун»

12.04.2018 | Маданият

 

17498821_174346903083999_297819589300959129_n

Бүгүнкү күндө кубанычтуу бир көрүнүш кыргыз киносунун кандай болгон күндө да өз орду бар. Түрдүү темадагы, түрдүү деңгээлдеги кыргыз кинолору элдин көңүлүн өзүнө бурууда. Ал эми кинонун өтүмдүүлүгүнө көңүл бурбастан, түбөлүктүүлүгүнө бел байлаган режиссёрлор бар экени сүйүндүрөт. «Айыл өкмөтү» , Боз салкын» , «Найман эненин көз жашы», «1-кадр», «Такси жана телефон», «Салам Бишкек», «Кентавр», «Арзы», «Анар жолу» жана башка кинолордо зор чеберчилик менен роль жаратып келген М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын актёру Канат мырзаны кепке тарттык.

 

«Искусство адамдарынын ар биринин өз почерки бар»

— Кино мен үчүн бирден бир кесибим. Режиссёрлор бүтүндөй бир кинону жараткан сыяктуу, биз, актёрлор каарманды жаратабыз. Искусство адамдарынын ар биринин өз почерки бар. Мындан өнөр адамынын жараткан эмгегинин изи десек туура болчудай. Анткени кино аркылуу көп жетишкендиктерим болду, мисалы мени элдер Канат Мамырканов дебестен, «Боз салкындагы» болобу же «Айыл өкмөтүндөгүбү» ошол каармандарым аркылуу тааныйт. Кино-мен үчүн жашоодогу багынткан чоң ийгилигим деп ойлойм.

«Мукамбет Токтобаевди мен үчүн корифей»

— Мен заманыбыздын залкары ырмаматылык КРнын эл артисти Мукамбет Токтобаев, КРнын эл артисттери: Табылды Актанов, Чоро Думанаев агаларым менен биргеликте киного тартылып калдым. Мукамбет Токтобаевди мен үчүн корифей деп эсептейм.

kanat_18

«Эркектин көктүгү кут, аялдын көктүгү жут»

— Турмушта бирде өйдө, бирде ылдый болот ошондо шартка жараша эмоцияны сактаганга туура келет. Көздөгөн максатка жетүү үчүн адам баласына сабырдуулук, токтоолук  керек. Көралбастык, кара өзгөйлүк, уурулук, ачкөздүк жана гыйбаттан  алыс болушу керек. Эң негизгиси өжөрлүк сапатың болсо, ошол максатыңа жетесиң. Эркектин көктүгү кут, аялдын көктүгү жут деген жакшы сөз бар. Эркек киши өжөрлөнө ийгиликке жетет.

“Атам чабан болсо, апам ага жардамчы эле…”

— Өзүмдүн кесибим малдоктур. Эгер актёр болбой калсам малдоктур же зоотехник болмокмун. 1983-1986 жылга чейин малдоктур болуп иштегем. Канчалык жашың өйдөлөгөн сайын балалыкты эстей баштайсың. Ошол убакка болгон сагыныч, кусалык, баёо сезимиң, кызык күндөрүң… Чыт курсак кезиңде топурак басып жылаңайлак чуркаган бойдон чүкө, жашынмак ойноп эч бир түйшүгү жок жыргап жүргөн күндөрүң тасмадай көз алдыңа чууруп өтөт. Жашоонун оош-кыйышы менен түк ишиң жок, эч кимге баш ийбеген «өжөр» мезгил тура. Ошол балалыгымдын бал татымы алигиче оозуман кетпей турганын жон терим менен сезип келем. Ата-энем карапайым адамдар. Айылда атам чабан болсо, апам ага жардамчы эле. «Солтон-Сары», «Көк торпок» деген жайлоолорубуз бар, ошол жакта атам мал багып, жайлоодо торолуп чоңойгон баламын. Кыргыз баласын мен тоого салыштырам. Ар бир кыргыз тоо сыяктуу көтөрүмү оор көөкөр таштай. Тоо жыттанган кыргыз экениме сыймыктанам.

18740615_215995675585788_7308773239329863550_n

“Элдин алдында жүзүмдү жоготкум келбейт”

— Бала чагымдан эле тарыхый романдарына жакынмын. Дүйнөлүк чыгармаларга да кызыгып окуп каламын. Элдин адамы болгон соң,  баары сенин кыймылыңды, турган турпатыңды, жасаган ишиңди мейли көчөдөнбү, же сахнаданбы карап турат. Эл алдында жүзүңдү жоготпой тургуң келет, мен ошого көп аракет жумшайм.

“Кыялга чек жок”

— Чыгармачылык менен үй-бүлө маселесин бир мезгилде бирдей жолго коюу сени менен турмуш жолуна бирге аттанган адамдан көз каранды. Эгерде жубайың сенин талантың менен жашаганды туура күз караш менен кабыл алып, жашоонун тоскоолдуктарына чыамкайлык менен мамиле кылса, анда чыгармачыл жолдо бийиктикке жете аласың. Ооба, менин жубайым…бүгүнкү күнгө чейин чыгармачылыгымды түшүнүү менен колдоп келет. Кыялга чек жок дешет. Артисттер кыялкеч болот. «Мосфильм» же «Ленинфильмге», чет өлкөдөгү тасмаларга түшүп калсам деген максатым бар. Туз насип буюруп калса тартылып калаттырмын.

(Т.К.)


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: