Канат Исаев жана анын санаалаштарынын күнөөсү далилденүүдө, эми Ѳмүрбек Бабановдун да айыбы ачылабы?

04.10.2017 | Коом, Саясат

1A48A2B9-1B86-4496-BE5D-22630C38A882_w1023_s

УКМКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда ЖК депутаты Канат Исаевге карата коюлуп аткан айыптоолор тергөө маалында алынган далилдердин негизинде аныкталууда.

Маселен, иштин материалында соттун санкциясы менен далилденген видео жана аудио материалдар, түз күбөлүк көрсөтмөлөр бар. Аларда К. Исаев жана анын тарапташтары бийликке мыйзамсыз, басып алуу жолу менен келүү максатында мамлекетибиздеги кырдаалды дестабилдештирүү планын иштеп чыгышкан. Алар КР президентин шайлоо убагында жана андан кийин республикабыздын региондорунда «добуш берүүнүн жыйынтыгы жасалма болуп калды» деген жалган лозунг менен элди көтөрүп чыгууну көздөшкөн.

Бул билдирүүнү УКМК айтууга аргасыз болду. Себеби, депутат Канат Исаевдин кармалышы айрым саясатчылар, алардын ичинде президенттикке талапкерлердин да өздөрүнүн саясый кызыкчылыктарына жетишине пайдаланылып жатканын көрүп атабыз.«Бул планды жүзөгө ашыруу үчүн Исаев жана анын жактоочулары ири суммадагы акча каражатын мобилизациялашкан, укук тартибин көзөмөлдөөчү органдарга каршы туруу үчүн жаш жигиттерди, алардын ичинде деструктивдүү элементтер катары уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн да тандап жана өздөрүнө тартышкан», — деп билдирет УКМК.

Бүгүнкү күндө бийликти күч менен басып алууну жана башаламандык уюштурууну даярдоо боюнча ишке Исаев менен чогуу катышкандар сурак маалында Исаевдин бул ишке катыштыгы бардыгын жана анын күнөөсүн аныктаган көрсөтмөлөрдү беришүүдө.

Бул этапта тергөө тарабынан бул ишке дагы кимдердин катышканы жана алардын күнөөсүнүн деңгээлин аныктоо аракети жүрүүдө. Кыязы, жакынкы күндөрү мына ушул бийликти басып алуу планынын башында Ө. Бабановдун турганы да далилденип калышы мүмкүн. Себеби, К. Исаев Ө. Бабановдун талапкерлигин сүрөөнгө алууну чечкенин жакшы билет эмеспизби.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: