Калифорния штатынын экономикасы Казакстандын ИДПсынан 15 эсеге ашат!

26.09.2017 | Саясат

42472

Алматы шаарын жана Алматы облусун иш сапар менен кыдырган Казакстан Республикасынын президенти “Алматынын экономикасы Кыргызстандын ИДПсынан дээрлик беш эсеге артыкчылык кылат. Бул шаардын эле эмес бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгынын далили” деп айтты.

Мамлекет башчысынын бул кебин Кыргызстандын элине карата кыр көрсөтүү жана кошуналыкка жат одоно мамиле деп баалоого болот.

Албетте, ал Алматынын экономикасы он эсеге артыкчылык кылат деп Гвинея-Бисау же Буркино-Фасонун ИДПсына деле салыштырса болмок.

Сыягы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусуна байланышкан КР ТИМинин нотасы менен Кыргызстандын карапайым жарандарынын нааразылыгы “Елбасынын” эсинен чыга элек окшоду.

Бул салыштыруу, бери дегенде ашкере мактануучулук, экинчи жагынан Кыргызстандын элин басынтуу жана маскаралоого барабар.

Казакстандын президенти азыр улгайган курагы, сыягы анын оозунан чыккан калпыс кептер карылыктын белгиси.

Эскертип кетүүчү жагдай кошуна мамлекеттин мурдагы президентинин туугандарынын башына келген тагдыр анын жакындарына да келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Тактынын мураскору тордун артында калды, маркум мамлекет башчысынын жакындары чет өлкөлөргө жашырганбүткүл элге таандык мыйзамсыз мүлктөрү менен байлыктары конфискацияланды.

Кошуна өлкөдө өткөн доорго кайтып келбес аралык азырынча узун эмес. Ал эми эки элдик революциядан кийин Кыргызстан баштапкы турмушуна кайра барбайт. Ошондуктан, Кыргызстандын Баш мыйзамына жана башка мыйзамдарына, карапайым калктын маңдай терлүү мээнети менен кошуна өлкөнүн экономикалык ийгиликтерине урмат көрсөтүү орундуу болмок.

Анткени, АКШнын бир эле Калифорния штатынын ИДПсы 2 трлн 44 млрд долларды түзөт, ал эми Казакстан сыяктуу бүтүндөй мамлекеттин ИДПсы 133,7 млрд долларды гана түзөт, бул Калифорния штатынын экономикасы Казакстандын ИДПсынан 15 эсеге жогору дегенди билгизет.

 

Расул ҮМБѲТАЛИВ, коомдук ишмер


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: