Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, юрист: «Башкы прокуратуранын реакция кылуусу укук бузууларга шайкеш ченемде болушу керек»

22.05.2017 | Коом, Саясат

         zanoza—  Башкы прокуратура «Заноза.kg» сайтын президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын коргоо боюнча сотко бергени маалым. Аталган сайт жана айрым бейөкмөтчүлөр муну сөз эркиндигин кысымга алуу катары сыпаттоодо. Сиздин оюңуз кандай?

— Прокурордук реакция кылуу укук бузууларга шайкеш ченемде болушу керек.  Мындай ырааттуулук жок, эгерде кимдир-бирөө президенттин ар-намысына шек келтирсе, ага «акыркы кытайдык эскертүү» берилиши керек. Шарттуу айтканда 20-30 жолу эскертүү берет. Реакция кылуунун чарасы шайкеш ченемде болушу керек. Мына ушундай ырааттуулук жок, адегенде эскертүү, андан кийин дагы эскертме берүү, андан кийин сотко кайрылуу. Бардыгы канчалык деңгээлде, ар-намыска, кадыр-баркка, кызматтык репутацияга жана башкаларга шек келтирилгенинен көз каранды.

— Баш прокуратура сотко кайрылардан мурун эскертүү берген эмес деген кептерге кандай карайсыз?

— Кандайдыр бир ооз эки эскертүүлөр, сүйлөшүүлөр болгонуна мен ишенем. Анан андай эскертүүлөрдү түшүнүшпөсө, анда бул прокурордун реакция жасоосу анын укугу жана милдети. Башкы прокурор болгону президенттин жана анын ишмердүүлүгүнүн кепилдиги боюнча мыйзамда тагылган өз милдетин аткарып жатат. Ал эми кандайдыр бир эскертүүлөр болушу керек деп айтуу – бул адашууга жетелөө. Баш прокурор бала тарбиялоочу эмес да. Эгерде Занозаны алсак, алар кандай чектерден өтпөшү керек экенин түшүнүүлөрү керек. Болбосо бизде бардыгын жасай берсе болот деген майрам болуп жаткандай. Акыры биз бардыгыбыз балдар бакчасында жашап атпаганыбызды билишибиз керек. Кааласаң ар-намысына шек келтир, кааласаң жугунду куй болбошу керек. Баш прокуратуранын доо арызы бир нече жылдан бери карай системалык түрдө болуп келаткан көрүнүштөрдүн натыйжасында болду. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

— Негизи эле ушул өңдүү маселелердин сот аркылуу чечилишине кандай карайсыз?

— Бул маселе боюнча сотко арыз менен кайрылуу маселени цивилдүү жол менен чечүү жолу. Эгерде президенттин ар-намысына, кадыр-баркына бир эле жолу жасалган шек келтирүү болсо, анда эскертме менен чектелсе болмок. Ал эми эгерде ал максаттуу болуп, бир нече жыл катары менен системалык түрдө уланса, эмнеге прокурор эскертүү бериши керек? Мындай ырааттуулук жок. Бул нормалдуу көрүнүш, башка маселе, президент бул доо арызды каалаган учурда чакырып ала турганында. Эми мына сот болсун, анан «Заноза» аларга тагылып аткан дооматтардын негизсиз экенин тастыктап берсин. Акыры кандайдыр бир жоопкерчилик болушу керек да.

 

Теги:


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: