Кайрат Осмоналиев: Коррупцияга болгон күрөштө оппозиция, позиция деп бөлмөй жок

27.02.2017 | Маек

Кайрат Осмоналиев

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Аны саясатташтырып, оппозицияда болгону үчүн кысымга алып жатат дегендер чыгууда. Шыкмаматов деле ушундай пикирин билдириптир. Сиздин бул иш боюнча оюңуз кандай?

— Учурда коррупцияга болгон күрөштө оппозиция, позиция деп бөлмөй жок. Муну коомчулук көрүп турат. Ал эми Алмамбет Шыкмаматов кандайдыр бир кыңыр ишке аралашып, жубайынын кызыкчылыгы үчүн иштеген болсо ал жоопкерчиликке тартылышы керек. Сен позиция болосуңбу, оппозиция болосуңбу ал маанилүү эмес, кылмыш ишин жасаган болсоң жоопко тартыласың. Жакында эле КСДП фракциясынын депутатына кылмыш иши козголду. Ал айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турганда жерлерди мыйзамсыз саткан экен. Ошондуктан Шыкмаматов оппозицияда болчу деген аргумент суу кечпейт.

— Деги эле өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн жүрүп жатканын кандай баалайсыз?

— Коррупцияга аралашкан саясатчылардын жоопко тартылышы абдан туура. Бул жерде кимдир бирөөнү кайсы бир күчтөр калкалап калат деген түшүнүк болбошу керек. Мындай принципти эл да колдоого алууда. Анын үстүнө Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өз ыргагы менен жүрүүдө. Буга чейин президент А.Атамбаев коррупцияга каршы күрөш жарыялаганы баарыбыздын эсибизде. Андыктан бул аракет менен бийликти тазалоо керек. Бул бизге ийгилик гана алып келет.

— Шыкмаматов болсо чырылдап, ар кимге асылып жатат. Анын бул аракети жоопкерчиликтен кутулта алабы?

— Шыкмаматов өзү юрист. Эгер ак болсо аны сотто далилдесин. Кылмыш иши козголсо эле саясатташтыра берген туура эмес.

Азамат Кангелдиев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: