Кабай Карабеков шарты болбосо ушак тараткандан айланабы?

06.02.2018 | Саясат

              kabaj-karabekov

Былтыр сентябрда 24.kg сайтына Кабай Карабековдун «Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат» аталыштагы макала жарык көргөн эле. Анда Карабеков агездеги талапкер, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду негизсиз каралап, жалган маалымат тараткан. Ошондо президенттикке талапкер С.Жээнбековдун штабы жалган жалаа үчүн сотко кайрылган. Соттук териштирүү учурунда аталган макала атайын каралоо үчүн жарыяланганы маалым болгон. Бишкектин Свердлов райондук соту Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигин ушак таратканы үчүн ар бирин 5 миллион сомдон айыпка жыккан. 5-февралда болсо президент 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү талабынан баш тартты.

Эми болсо ушакты жазган К.Карабеков догурунуп, айыппулду төлөп берүү үчүн шарт түзүүнү талап кылып жатыптыр. Мындай айыпты төлөгөнгө шарты болбосо ушак жазгандан айланабы?

xanax and canada.

Демократиялык өлкөлөрдө ар бир журналист өзү тараткан маалыматы үчүн керт башы менен жооп берет. К.Карабековдун айткандары соттон далилденген жок, анын ушак менен Жээнбековду каралаганы ачыкка чыкты. Эми мыйзам чегинде жазасынан кутулуп, айыппулду кайдан болбосун төлөсүн…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: