Жыпар Жекшеев: Митингдердин аркасында чоң күчтөр турат

27.03.2017 | Саясат

Жыпар мырза, Садыр Жапаровдун тарапкерлери митинг өткөрүп, анын арты баш-аламандык менен аяктады. Сиз бул иш-чараны кандай баалап жатасыз?

Жыпар Жекшеев

Садыр Жапаровдун колдоочуларынын митинги санкциясыз өттү, бул түздөн-түз мыйзам бузуу болуп саналат. Кыргызстандын мыйзамында санкциясыз митингдерди өткөрүүгө арналган белгилүү бир берене бар. Эгер кимдир бирөө митинг өткөргүсү келсе, чектен чыгып кетпеши керек. Тактап айтканда, мыйзамга баш ийип, митинг өткөрүүгө уруксат алып, андан соң гана аны өткөрө алат. Ошондо алар бардык таарынычтарын айтып, ой-пикирлерин ачыкка чыгара алышат. Бирок дагы бир жолу айтайын, бул мыйзамдуу болушу керек. Анын үстүнө бизде демократия, сөз эркиндиги бар. Бирок, биз Садыр Жапаровду колдогон митинг санкциясыз өткөнүн көрдүк. Анда адамдар ары-бери чуркап, жолдо өтүп бара жаткан машиналарды токтотуп, коомдук тартипти бузушту. Албетте, мындай иш-чараларда атайын ажиотаж жаратууга аракеттенген провокаторлор да көп болот. Бул мыйзам бузуу. Бугай байланыштуу санкциясыз митингдерди өткөрбөш керек.

Айрымдар митингге эч ким тоскоол болбушу керектигин айтып, ызы-чуу салып мыйзам бузгандарды колдоп жатат. Биз бул темп менен кете берсек кандай барабыз?

Эгерде биз чыныгы эркин, туруктуу жана демократиялуу өнүккөн мамлекетти курууну кааласак, бул сыяктуу аракеттерди токтотуубуз керек. Ошондой эле маселелерди митингдеги кыйкырык, талаптарсыз, цивилизациялуу жол менен чечүүгө өтүшүбүз керек.  Президент бүгүн Кыргызстанда өтө кооптуу саясий оюндар жүрүп жатканын бир нече жолу ачык айтты. Мамлекет башчыдан тышкары бул тууралуу эч ким үндөгөн жок, бул мындай эмес сыяктуу баары унчукпай турушат. Биз президентти сындагандын ордуна кулак түрүп, айланага көз чаптырсак, эмне болуп жатканын түшүнөбүз. Анткени биз бүгүн митингдер эмнеге өтүп жатат, аларды кимдер уюштуруп жана демөөрчүлүк кылып жатканын жакшы билебиз. Бул иш-чаралардын аркасында чоң күчтөр турат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: