Жыпар ЖЕКШЕЕВ, коомдук ишмер: “Бакыт Төрөбаев Бакиевдердин долбоору экенин тастыктады”

07.10.2017 | Саясат

dsc_00336407987           

 Интернетте “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин үнүнө окшош аудио тарап кетти. Анда Төрөбаев Сооронбай Жээнбековдон Бакиевдерди Оштон кууганы үчүн өч ала турганын билдирген. Муну менен Төрөбаевдин чыныгы жүзү ачылган жокпу?

   Мен башында эле Бакыт Төрөбаев Бакиевдердин долбоору деп айтып жүргөм. Курманбек Бакиевдин денеси сыртта болгону менен анын адамдары, бизнеси ушул жерде. Парламентте Бакиевдин көздөй адамдары отурат деп айтып келгем. Мына эми ал тастыкталды. Булардан баарын күтсө болот. Азыр жөн эле элди таттуу сөз менен эмизип, куру убадаларды берүүдө. Эл да көрүп турат.

   Ошондой эле Төрөбаев Бабанов менен “бийликке барабыз, бизнес кылабыз, башкасын да кылабыз” деп сүйлөшкөнүн ачыкка чыгарган. Муну менен булар бийликке байлык топтош үчүн эле баратканын тастыктап койгон жокпу?

   Өмүрбек Бабанов да кандайдыр бир деңгээлде реваншисттер менен чогуу экенин билдирип койду. Булардын максаты байлык топтоо, Бакиевдерди Кыргызстанга алып келбесе да аны реабилитациялоо. Өлгөн балдардын арбагын тебелөө. 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: