Домой Саясат Журналистти каккан депутаттын адеби талкууга түштү

Журналистти каккан депутаттын адеби талкууга түштү

13

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Азизбек Турсунбаев «Kloop» басылмасынын журналистине орой жооп бергени социалдык тармактарда талкууга түштү.

Журналист Айзирек Иманалиеванын “Сиз парктан (ред: Ататүрк) жерди мыйзамсыз алгансызбы? Бул боюнча эмне айта аласыз?” – деген суроосуна депутат Турсунбаев “барчы ары” деп жооп берген. Эл өкүлүнүн мындай мамилесин социалдык тармактын айрым колдонуучулары сындап жатышат.

Депутаттын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Бирок, жардамчысы Түлен Жолдошев бул окуяга өзү күбө болгонун айтып, буларды билдирди.

— «Клооптун» журналисттери депутаттан Ататүрк паркынан жер алгандыгы боюнча интервью сурашкан. Мен ал сессияда экенин жана чыга албай турганын айткам. Бирок, улам-улам сурап, эшиктин оозунда күтүп турушту. Мен аларга Турсунбаев жерди мурда эле берген жана эч кандай маселе жок дегем. Ал чыккандан кийин журналисттер кайрадан “чабуул” коё башташты. Турсунбаев: “кыздар, менин кеңешчим баарын айтып берди, мен эч нерсе айта албайм, сессияга шашып баратам” деген.

Эл өкүлүнүн кеңешчиси депутаттын бул кадамын туура деп эсептерин кошумчалады.

«Kloop» интернет басылмасы жакында Бишкектеги Ататүрк сейил багынын аймагынан мамлекеттин мурдагы жана кийинки жетекчилери, өкмөт башчылары, министрлер, депутаттар жана ыңкылаптын башында турду деген төбөсү көрүнгөн саясатчылар кантип жер тилкелерин алышканы тууралуу иликтөө чыгарган. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун да аты аталган.

Булак: Азаттык