Домой Тагдыр Журналист Чынара Токонованы узатуу зыйнаты 6-ноябрда өтөт

Журналист Чынара Токонованы узатуу зыйнаты 6-ноябрда өтөт

61

Журналист Чынара Токонова 4-ноябрда 37 жаш курагында Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Чынара Токонованын жүрөгү экинчи ирет инсультту көтөрө албай калган.

Чынара Токонова КТРК, НТС, Бешинчи каналда, ошондой эле «Санжыра» радиосунда, Булан институтунда иштегени маалым.

Журналист 2018-жылдын 3-майында биринчи ирет инсульт алган. Бир топ убакыт дарыланып жүргөн. Биринчи алган инсультту жеңип жаңы дем менен кесибине кайтканына аз гана убакыт болгон.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-ноябрда саат 10.00дө өзү жашаган үйдө өтөт.

Дареги: Новопавловка айылы, Алтын-Ордо жаңы конушу, Ак-Шоола көчөсү 1. № 199 маршруттун эң акыркы аялдамасы.

PS: Эгер кошумча маалыматтар керек болсо жеңеси Айгүлгө телефон чалып сурасаңыздар болот: 0555744902.

Багыт.kg редакциясыЧынара Токонованын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.