Домой Саясат Жунушалиев: Атамбаевдин тарапташтары бийликти басып алууга аракет кылышты

Жунушалиев: Атамбаевдин тарапташтары бийликти басып алууга аракет кылышты

12

Ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бийликти күч менен басып алууну көздөгөнүн айтты. Ал мындай маалымат алдын-ала алынганын жана ага бөгөт коюлганын билдирди:

— 8-августта Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары саат 16:00дө «Форумдун» алдына чогулуп, анан кечинде бийликти мыйзамсыз басып алуу, массалык башамандык уюштуруу, талап-тоноо максаттары бар экендиги бизге маалым эле. Кечинде Бишкек шаарынын борбордук аянтына 1500дөй жаран топтолуп келди. Жаш балдар, баңгилер жана соттолгондор менен бийликти алып, шаарды тоногонго аракет кылышты.

Буга чейинки болуп өткөн окуяларда экинчи тарап бийликтегилердин койгон айыптарына макул эместигин билдирип, ортодо талаш маселе жаралууда. Айрымдар болуп өткөн кагылышууга бийликти күнөөлөсө, бийлик Атамбаевдин тарапташтарын күнөөлүү деп табууда.