Жумакадыр АКЕНЕЕВ: “Чек арадагы абал убактылуу көрүнүш, бул маселе саясий көз караш менен чечилбеши керек”

11.10.2017 | Коом, Саясат

жумакадыр акенеев

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал тез аранын ичинде мурдагы калыбына келиши керек. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, чек арада текшерүүлөрдү күчөтүү президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө байланыштуу болушу мүмкүн болсо, бул туура эмес.

“Мүмкүн Казакстан биздеги шайлоолорго байланыштуу чек арадагы көзѳмөлдү күчөткөндүр. Мен ал жакта кезекте тургандар менен байланыштым. Алар да шайлоого байланыштырып жатат. Албетте, бул маселени саясий көз караштан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Айрым казак чиновниктери атайын ушундай жолго барып жатышы ыктымал. Ошентсе да бул убактылуу көрүнүш жана шайлоодон кийин баары ордуна келет. Кыргыз жана казак эли бир тууган. Саясий мамилелер эки элдин жашоосуна терс таасирин тийгизбеши керек”, — дейт ал.

Ошондой эле Акенеев Кыргызстан менен Казакстан стратегиялык өнөктөш катары дайыма бири-бирин колдоп келгенин айтат. “Кыргыздар казактарга кыйын күндө кол сунуп, аларга жардам берген. Бул тарыхта калганын алар да билет. Советтер Союзу урагандан кийин Казакстан өзүнүн кен байлыктары менен алдыга кетти. Менин оюмча жакынкы 10 жылда Кыргызстан экономикалык жактан Казакстанды кууп өтөт. Кандай гана саясий кырдаал болбосун биз бир тууган эл катары кала беребиз. Ал эми чек арадагы кырдаалды убактылуу көрүнүш катары бааласак болот. Жакынкы убакта баары ордуна келет”, — дейт Акенеев.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: