Жоробек Аралбаев: Бакен Кыдыкеевадан сүрдөгөнүм дале эсимде

06.03.2017 | Маданият

Жоробек Аралбаев

Чейрек кылымдан ашуун кино тармагында башкы ролдорду жаратып келе жаткан Жоробек Аралбаев мырзанын күйөрмандары али да көп. Жоробек аганын мамлекет тарабынан берилген бир да сыйлыгы жок экени бизди адаттагыдай таӊ калтырды. Актөр менен чай кайнам убакыт отуруп кенен баарлашып кайттык.

 

“Арман” тасмасындагы башкы каарман мага буйруптур”

— Мен Москвада театралдык окуу жайда окуп, мекениме эс алууга келгенмин. Жаш Гвардия көчөсүндө С. Жумадыловдун уулу досум Канат менен баратып кинорежиссөр Дооронбек Садырбаевди учуратып калдык. “Кул жеймин дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дегендей, “Арман” тасмасындагы башкы каарман мага буйруптур. Д. Садырбаевдин  “Арман” тасмасы Ч. Айтматовдун “Уулу менен жолугушуу” повестинен алынган. Кыргыз адабиятын ааламга тааныткан  улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган тасмага түшүүнүн өзү бакыт эмеспи.

 

“Жантурин дагы күчтүү таланттын ээси эле”

— Бүтүн дүйнө кенедей өлкөбүздүн маданияттын бул жаатындагы ийгилигине кол чаап турду! Чыгаан кинорежиссөрлорубуз Болот Шамшиев жана Дооронбек Садырбаевдин тасмаларына тартылып калганым мен үчүн чоң сыймык.

1986-жылы Пржевальск (Каракол) шаарында уникалдуу таланттуу актриса Бакен Кыдыкеева менен “Түркүн тагдырлар” тасмасында роль жараттым. Бакен эже менин апамдын ролун аткарды. Тасмада тартылуу учурунда улуу актрисадан абдан  сүрдөгөнүм дале  эсимде. Бакен эже сүйлөшө келсең абдан боорукер, асыл сапаттарга ээ мыкты инсан экен. “Арман” тасмасында менин атамды аткарган казактын үлкөн актөру Жантурин дагы өзгөчө сыйга ээ күчтүү таланттын ээси эле. Кийинки актөрлук чеберчилиме таалим-тарбия берип, зор таасир калтырган Жантурин менен жашоодо дагы ата-баладай мамиледе болуп жүргөнүмдү эстеп бир кубанып аламын.

 

“Биздин гүлдөп турган жаш курак Союз учуруна туш келген экен”

— Жыл сайын Россиянын тасмаларына тартылчумун. Болгондо дагы башкы каармандардын ролун аткарчумун. Биздин гүлдөп турган жаш курак ошол Союз учуруна туш келген экен. Азыр ошол элестүү ажайып күндөрүмдү эстеп бир жылмайып аламын. Андыктан, биздин жаштыгыбыз укмуштуудай доордо өкүм сүрүп калганын сыймыктануу менен  айта аламын. Өзүм орус тилдүү актөр болгондуктан мени ошол Совет доорунда орустун кинорежиссөрлору өз киностудияларына көп чакырып тартып калышты. Ал убак такыр башка доор, башка коом эле. Кино жаатына келсек, мыкты актөрдун улутуна карабайт эле. 1987-жылы Киев киностудиясында тартылган Шмилицскийдин “Тундранын ак бугусу” тасмасында жердешим Талгат Нигматуллин экөөбүз чогу тартылып калдык. “Бөрү зынданда” тартылганда жакындан тааныш эмес элек. Бөтөн элде эки кыргыз көрүшсө бир  туугандай эле болуп калат экенсиӊ.

 

“Капиталисттик режимде жашаганыбызда бүгүнкү күндөгүдөй кыйналбайт элек”

— Союз кыйраган соӊ базар экономикасы башталды. Ал кезде маданиятка көӊүл бурулмак тургай, ар ким колунан келишинче оокат кылууга өтүп, коом бир топ кыйынчылыктарды башынан кечирди. Эгер биз социалисттик режимден соӊ, капиталисттик режимде жашаганыбызда бүгүнкү күндөгүдөй кыйналбайт элек. Ал учурда коммунизмди курган жаштардан болобуз деп тилек кылчубуз да. Ким ойлоптур күтүлбөгөн жерден эсил кайран СССРдин кыйрашын. Ошентип, жашоодогу кыйынчылыктар адамды курчутат экен.

 

“Кино — кыйноо”

— 2001-жылы тартылган Ахмадеевдин “Юридикалык консультация” сериалына тартыла баштагам. Андан кийин акын Жолон Мамытовдун уулу Азамат ар кандай клиптерге, жарнамалык роликтерге тартып калып жүрдү. Бул жигит өзү жаӊыча ыкма менен иштейт. Азамат башкалардан айырмаланып турган өз почерки бар таланттуу режиссөр. “Уул”, “Арзы”, “Үркүн”, “Бажарики” жана башка кыргыз тасмаларында тартылып келе жатамын.

Кино жаатында уюштуруучулук жактан эмгек өргүүмдү баштагам. Мүдүрлүк кызматты дагы иштеп калдым. Мыкты жетекчинин айткан сөзү менен жасаган иши дал келиши абзел. Кино тармагында болгон бир топ көйгөйлүү маселелерди козгоп, анын негизинде бир топ ийгиликтерге жеттик.

 

“Ата-энем — аска-зоом”

— Мен шаардын так ортосунда интеллегенттердин үй-бүлөсүндө тарбиялангам. Атам 1941-1947-жылга чейин согушка катышып, полковник наамын алып кайткан. Союз доорунда Ак үйдө партия комиссиянын төрагасы болуп көп жылдар бою эмгектенген Аралбаев Эркинбай.  Атам менин адам болуп калыптанышыма үлгү болду. Атамдан  башка насаатчы, кеӊешчи жок бул дүйнөдө. Апам Сулайманова Астай өмүр бою мугалим болуп математика, геометрия, кыргыз тили жана адабияты предметтеринен сабак берчү.

 

“Өнөр баккан адам болом деп үч уктасам дагы түшүмө кирбеген”

— Менин актөрлук кесипти тандашыма атам гана өмүрүнүн акырына чейин караманча каршы болуп жүрдү. Атам мени өз жолун жолдогон аскердик кесиптен көрчү эле. Бирок, мен өжөрлөнө актөрлукту тандадым. Чыгармачылыкка баш бакканыма бир чети өзүм дагы таӊ калып жүргөм. Себеби  атам тараптан дагы, апам тараптан дагы чыгармачылыкты аркалаган эч ким болбоптур. Ошондуктан өнөр баккан адам болом деп үч уктасам дагы түшүмө кирбеген. Бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм.

Акыркы учурда кыргыз тасмасынын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш режиссөрлордун чыгып жатканы кубандырбай койбойт. Себеби өзүм аралашып тартылып жүргөн соӊ, алар тарткан азаптарды чогу көрүп келе жатамын. Жаштарды колдошубуз керек. Коммерциялык багытта тартылып жаткан тасмалардын келечеги жаман болбойт. Себеби ар бир жеке режиссөр же продюсер өкмөттөн бир тыйын да жардам сурабай, өз чөнтөгүнөн чыгарып тартып жатпайбы. Кантсе да, алар куру-жалак калбаш үчүн элге жага турган, тарбиялык мааниси тереӊ мазмундуу тасма тартууга белсенип жатышат. Бул тасмалардын келечеги али алдыда.

P.S. Эң өкүнүчтүүсү-чейрек кылымдан ашык чыгармачыл жолунда Жоробек аганын мамлекет тарабынан берилген бир дагы наамы жок экени. Биз кыргыздар ушундай үлкөн талантты иштетип күчүн, сүйлөтүп акылын алганды гана билип калдыкпы. Бир кагазыӊдагы чиймеленген жазуу өмүр бою иштеген эмгектин акыбети тура.

Төлөбүбү Касымалиева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: