ЖӨНӨКӨЙ, ИШТЕРМАН, ТАЗА, САТПАЙТ..

18.09.2017 | Саясат

          I28A1229

(Сөз – Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун курдаштарында жана бир кезде чогуу иштешкендерде)

Жаш кезинен айылдын суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, ат жалында уктап жүргөн Сооронбай  Жээнбеков чейрек кылымдан ашуун мезгилде айыл чарба тармагынын бардык тепкичтерин басып өттү. Совхоздун зоотехнигинен баштап өлкөнүн премьер-министрлигине чейинки эмгек жолунда бирге иштешкендер анын тазалыгы, жөнөкөйлүгү, карапайым калкка жакындыгы, ишбилгилиги тууралуу айтып түгөтө алышпайт.

 

Самидин Кудайбердиев, Ош областтык капиталдык  курулуш башкармасынын башкы эсепчиси:  

— 1988-89-жылдары «Совет» совхозунда Сооронбай Шарипович менен чогуу иштешип калдым. Анын улуу-кичүүгө бирдей мамилеси, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги кандай гана адамды болбосун өзүнө тартчу жана өзгөлөргө өрнөк болчу. Эл арасында болуп, алардын көйгөйүн чечет эле. Ат минип, резина өтүк кийип, кой кыркында жүргөнү алигиче көз алдымда. Малчылардын таламын талашчу. Кооз сүйлөгөндү жактырчу эмес, жалпак тил менен түшүндүрүп, бирок, айткан нерсесин сөзсүз аткарчу. Керсейүү дегенди билбеген жигит депутат, министр болгондо да ошонусунан жазган жок. Эң негизгиси – тазалыгы. Бир нерсени жулуп калайын дебейт эле. Бардык нерсени сабыр менен көтөрчү.

 

Шералы Бектеналиев, Ош улуттук драма театрынын директору:

— 83-90-жылдары «Совет» совхозунда маданият үйүнүн директору болуп турдум. Сооронбай Шарипович башкы зоотехник эле. Чынчыл, ишин так аткарган жигит болчу.  Ал мезгилде маданият кызматкерлери совхоз жумушчулары менен эриш-аркак иштешчүбүз. Сооронбай Шариповичтин жаш кезиндеги көптөгөн мыкты сапаттарына, иштерине күбө болдум. Совхоздо иштегенде ар дайым керзи өтүкчөн  жүрчү. Күнү-түнү чабандардан кабар алып, короолорду ат менен кыдырчу. Куш уйку эле. Бир сарайдан экинчи сарайга түнкү саат үч-төрттөрдө деле каттай бере турган. Үй бетин көрбөй, жүн таңгактардын үстүндө уктачу. Коллектив абдан сыйлаар эле. Ошондо болгону 25-27 жаштарда гана болчу. Атасы Шарип абанын күрүлдөп турган учуру. Башка бирөө болгондо, атасына таянып жүрмөк. Совхоздун айыл чарбасын, мал чарбасын алдыга жылдырууда Сооронбай Шариповичтин салымы зор. Эттин, жүндүн, сүттүн планын ашыгы менен аткарып, райондогу эң мыкты совхоз аталганбыз.

Адыл Кадыров, жеке ишкер:  «Топту чапканда жарылып кеткендей болчу»

— 71-жылдан баштап «Совет» районунун Кара-Кулжа айылында биринчи спорт мектеби ачылып, Сооронбай волейбол секциясында машыккан. Бир командада агам да, мен да аны менен чогуу ойноп калдык. 1976-жылы Ош облусунда окуучулар арасында эң мыкты оюнчу, команданын капитаны, лидери болгон. Жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, уюштуруучулугу менен айырмаланып турчу. Анын коллективге күйгөнү  жана жолдошчулукка бекемдиги үчүн да абдан сыйлайм. Колу ачык, март жигит. Машыгуулардан кийин баарыбыздын курсагыбызды тойгузчу. Ал эми 77-жылдары Мырза-Аке айылындагы Ленин мектебинде волейбол боюнча машыктыруучу болуп иштеди. Кийин Скрябин атындагы айыл чарба институтунун курама командасында ойноп жүрдү. Ошондон баштап Кыргызстандын биринчилигинде жана спартакиадаларда мыкты спортчу экенин көрсөттү. Андан соң зоотехник, совхоздун директору, депутат, губернатор болуп жүргөндө да волейболдон алыстабай,  дайыма ойноп жүрдү.

 

Гүлсана Эсенбаева, Ош шаардык кеңешинин депутаты:

— Сооронбай менен Асылбек Жээнбековдордун 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнүн сакталышына кошкон салымы эбегейсиз. Ош окуясы учурунда Сооронбай Жээнбеков эр жүрөктүүлүктү, туруктуулукту, сабырдуулукту көрсөтүп, эки элдин жарашуусуна чоң салымын кошту. Кыска мөөнөттө бүлүнгөн экономиканы калыбына келтирип, облусту өнүгүүгө багыттай алды.

 

Камчыбек Салиев, Ош облустук мамлекеттик архивинин директору:  

— Сооронбай Шарипович экөөбүз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө чогуу иштедик. Анын июнь окуясын жөнгө салууда, эки элди элдештирүүдө салымы абдан чоң. Бул адамдын ыкчам, уюштургуч, кыраакылыгынан, эл менен иштөөдө тажрыйбасынын молдугунан өлкө бүтүндүгү сакталып калды. Чынчыл жана таза, жөнөкөй калкка жакындыгынан «Эл уулу» аталды.

Чет мамлекеттен келген меймандарга, инвесторлорго аяр, сылык мамиле жасоону талап кылаар эле. Кызыл-Суулук кыргыздар менен жакындашып, алардын губернатору Фархад Турду менен дос болуп, кытайлар менен мамилени жакшыртышкан.

Сооронбай Шарипович чоң, кичине дебей, кызматына карабай, бардык адамдарга бирдей мамиле жасайт. Жакшылык, жамандыкта чакырган жерден эч качан калган эмес. Кандай мүнөздөгү адам болсо да, тил табышып иштечү. Бул кишинин дагы бир мүнөзү: гезит, теле берүүлөргө чыкканды анча жактырбайт.

Берилген тапшырманы же кызматтык милдетин так аткарбаган кызматкерге ачуусу абдан келгенде урушуп же жаман тил тийгизбестен, акырын залдан чыгарып жиберчү. Бир жолу кабинетине кирсем, «Кырк хадис» деген китепти берди. Таза жүргүлө, Кудайдан коркуп жашоо керек дейт эле. Бирге иштеген жылдарда бул адамдан тазалыкты, чынчылдыкты, жөнөкөйлүктү, ишке болгон жоопкер мамилени үйрөндүм.

 

Меңди МАМАЗАИРОВА, Кыргыз Республикасынын Эл акыны:  

— Акылман кыргыз: «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» — деп эбак айтып койгон. Атасы Шарип Жээнбеков аксакал, энеси Самар эже менен кудайдын буйругубу, эчен жолу баарлашып калгам. Шарип аке жөнөкөй, чоң-кичинеге ыйбалуу, адептүү, күйүмдүү, билимдүү, сөзгө кулак төшөй алган инсан эле. Жердештеринин айтуусу боюнча, март, берешен,  ажат ачкан адам болгон. Тоо көкүрөк элден чыккан, тоодой намыстуу, чыныгы кыргыздык адат-мүнөзү, шар, чечкиндүү, сыйчыл эле. Самара эже эр жигиттин канаты — жеңилин жерден, оорун колдон алган аялзаттын асылы, келин-кыздын үлгү алар туткасы болгон. Булардын үйү – кеп-кеңеш сурап келгендерге алтын уя, куттуу конуш эле. «Тарбия башаты – үйдөн» дегендей, балдарын терең билимге, боорукердикке, эмгекке багыттап, туулуп өскөн Ата-Журтту, анын ар бир ташын көздүн карегиндей сактоого үйрөтүшкөн.

Ушундай үй-бүлөдөн өсүп-өнүп чыккан Сооронбай Шарипович элдин, мамлекеттин башына келсе, калың элдин тилеги орундалат деген үмүттөмүн.

Даярдоочу:  «Айбат Аймак»КФ Токтогул көчөсү 196

КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

Нускасы  1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: