Домой Саясат Жогорку сот Салянованын ишин карайт

Жогорку сот Салянованын ишин карайт

3

Жогорку сот мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевдин лицензиясынын узартылышына байланыштуу соттук териштирүүнү баштайт.

Мурдагы юстиция министри Аида Салянова 2017-жылы эски мыйзам боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталып, беш жылга соттолгон.

Жогорку сот Салянованын ишин Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен негиздеп кайра карап чыгат.

Салянова жаңы кодекстин 320-беренесиндеги “Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын пайдаланып, мамлекетке олуттуу зыян келтирген учурда айыпталат” деген мазмунун негиз кылып, акталышы керек экенин айтууда. Ал кызматта турганда мамлекетке эч кандай зыян келтирбегенин айтты.

— 320-беренеде “бул кылмышта олуттуу зыян келтирилсе” деп жазылып турат. Алмазбек Атамбаевдин убагында кенедей да зыянды далилдей алышкан эмес. Эми Сооронбай Жээнбековдун тушунда саясаты жок карала турган болсо эч кандай “зыян келтирүүнү” таба алышпайт. Демек соттук териштирүүнү токтотуп, буга чейинки чечимдерди жокко чыгарышы керек.

Салянованын ишин Жогорку сот жаңы кодекстер менен 10-декабрда карай баштайт. Мурдагы юстиция министри сот оң чечим чыгарат деп үмүт кылып турганын кошумчалады.

Ал эми азыр сыртта жүргөн юрист Алексей Елисеев “Азаттыкка” берген маегинде Кыргызстанда адвокаттык лицензия мыйзамда так жазылганын айтып, аны мындайча чечмеледи.

— Мыйзам боюнча адвокат мамлекеттик кызматка барган учурда лицензиясын токтотуу боюнча арыз жазат. Мамлекеттик кызматтан кеткен учурда лицензиясын калыбына келтирүү боюнча арыз жазат. Бул автоматтык түрдө жүргүзүлгөн процесс, эч кандай министрдин укуктук аракетин талап кылбайт. Болгону Юстиция министрлиги лицензиясы иштеп жатканын тастыктап берет.

Экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков сыяктуу саясатчылар Салянованы коргоп, кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келишет.

Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова 2010-жылы кандуу окуяларга себепкер болуп качып кеткен ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин өнөктөшү делген Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына министр катары Салянова жоопкер болгон деп эсептейт. Мамырова «Салянованын мыйзамдык да, моралдык да күнөөсү бар» деди.

— Мыйзам бузуу да болгон. Ошол эле мезгилде лицензиясын шашылыш узартууга талап деле жок болчу. Карап турса болмок. Ошол мезгилде министр катары абалды эске алышы керек эле. Анын моралдык жоопкерчилиги да бар.

2016-2017-жылдары Аида Саляновага кылмыш иши козголгон учур — ал парламент депутаты катары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындап турган мезгилге туш келген.

Азыр болсо Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча кылмыш ишине шек саналып жатат.

Ал азыркы бийлик тушунда нейтралдуу позицияны карманган саясатчылардын бири болууда. Ушул жагдайды эске алган айрым саясат талдоочулар “лицензия иши” боюнча Салянова акталышы мүмкүн экенин божомолдошот. Саясат таануучу Марс Сариев буларды айтты:

— Салянованын ишинде саясий белгилер болгон. Азыр Текебаевдей кайра каралып, анан акталып кетиши мүмкүн. Азыркы саясий абалды да эске алышы керек. Ошондуктан акталат деп ойлойм.

«2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айыптын негизинде Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылы 10-октябрда Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Жазаны ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Өкүмдү Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин 2018-жылы 3-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан.

Булак: Азаттык