Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор президенттик шайлоонун алдындагы көнүгүү болууда

        ШайлооӨткөн аптанын жекшембисинде Жалал-Абад, Кадамжай, Айдаркен, Кемин, Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болуп өттү. Буга себеп мурдагы шаардык кеңештин курамы пикир келишпестиктердин улам жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун башчысын дайындай алышкан эмес. Ал эми айрым шаардык кеңештерде жадакалса сессияга да чогула алышпаган. Ошондон улам БШКнын сунушу менен Президент аларды таркатып, жаңы шайлоону дайындаган. Мындан сырткары Ноокат жана Көк-Жаңгакта жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугу аяктаганына байланыштуу пландык режимде шайлоолор өттү.

Ошентип өткөн 2016-жылдын акыры айында эле болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордон алты шаардык кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоого туура келди. Азыркы тапта бардык саясый окуялар алдыда өтө турган президенттик шайлоого даярдык катары бааланып атканынан улам, кече жакында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы кандай болгонуна көңүл бурууга туура келет. Президенттик шайлоого эртелеп аттанышкан Б. Төрөбаев, Ө. Бабанов, Т. Сариевдердин эл ичиндеги салмагы кандай? Муну билүү үчүн алардын партиялары жергиликтүү кеңештерден кандай добуш алганын эсептеп көрсөк эле дайын болот.

 

Жалал-Абадда шайлоо жыйынтыгы кандай?

Б. Төрөбаев жетектеген «Өнүгүү-Прогресс» партиясы дал ушул Жалал-Абад шаарынан гана алдыга озуп келген. Бул аймакта качкын президент К. Бакиевге болгон кусаматын жашыра албагандар дагы деле көп экенин эске алганда аталган партиянын биринчи болуп келиши күтүлгөн эле көрүнүш болчу.Ал эми Ө. Бабанов жетектеген «Республика» партиясы жадакалса 10% добуш да топтой албаган. Ал эми КСДП экинчи болуп келип, жалпы 31 мандаттын сегизине ээ болгону турат. Президенттик шайлоого эртелеп учуп алган Т. Сариевдин «Ак шумкар» партиясынан таптакыр дайын жок.

 

Айдаркенде жаш партия алдыга озсо, «Өнүгүү-Прогресс» эң артта калган, Кадамжайда жаш партиядан озо алган эмес

Айдаркан шаардык кеңешине шайлоодо «Мекеним Кыргызстан», «Республика» жана КСДП партиялары удаа ээрчишип маарага келген. Алардын алган добуштарынын пайызын эсептегенде үчөөнө тең болжол менен 5тен мандат тийет. Ал эми «Өнүгүү-Прогресс» жогорудагы аталган үч партиядан тышкары «Ата-Журт» жана «Жаңы доор» партияларынан да артта калып, бар болгону 6,46% добушка ээ болгон. Ага болгону 1 гана мандат тийиши мүмкүн.

Кадамжай шаардык кеңешине шайлоодо да «Мекеним Кыргызстан» алдыга чыгып келген. Ага удаа КСДПдан бир аз айырма менен «Өнүгүү-Прогресс» экинчи келген. Төртүнчү орунда «Республика» болсо, ышкырыгы таш жарган А. Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» болгону 7,81% менен 1 мандатка ээ болгону туру.

 

Төрт шаардык кеңеште алдыга озгон КСДП

Таш-Көмүр, Кемин, Кара-Балта, Көк-Жаңгак шаарларындагы жергиликтүү кеңешке шайлоодо «КСДП» партиясы алдыга озгон. Т. Сариевдин «Ак шумкар» партиясы бир гана Кара-Балта шаардык кеңешинде төртүнчү болуп маарага келген болсо, калган шаарларда таптакыр дайын дареги жок.

КСДП аталган төрт шаарда биринчи болуп келсе, калгандарында деле алдыңкы сапта, тактап айтсак, азыраак айырмачылык менен экинчи жана үчүнчү орундарда келген. Демек, элдин ишеними кайсыл партияга көбүрөөк болууда деген суроого жооп өзүнөн өзү даяр болуп турат. Элге курулай убада, ашынган пиар эмес, стабилдүү иш алып барган саясый топ, партия жана унчукпай гана көп иш бүткөргөн саясый лидерлер керек экенин баамдай берсек болот. 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: