Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” партиясынын тең-төрагасы: “Өкмөт курамына жаштардын тартылышы жакшы көрүнүш”

25.08.2017 | Саясат

zhenish_moldokmatov

— Жеңиш мырза, президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде убадасына туруп, бийлик бутактарына жаш кадрларды алып келүү саясатын жигердүү улантууда. Мына Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн курамына да кырктын кырындагы жаш кадрлар келишүүдө. Сиз Алмазбек Шаршеновичтин кадрдык жүрүштөрдү жанданткан мындай жакшы кадамдарына кандай көз-караштасыз?

— Негизи, акыркы убактарда бийликтеги стратегиялык мааниси бар кызматтарга жаш кадрлар келишүүдө. Маселен, коопсуздук кеңешинин катчысы болгон Темир Жумакадыров, баш прокурор Индира Жолдубаева, эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов баштаган жаш кадрлар иштеп жатат.  Буюрса жаңы өкмөттүн курамына да жаш кадрлар тартылып, ишке кирүү алдында турушат. Мунун өзү жакшы көрүнүш. Себеби, мамлекеттик бийлик, өкмөттүк структура деле адамдын денесиндей эле да. Кан алмашып, жаңы реформалык идеялар жанданып турушу керек дегендей. Бийликтин жаш кадрлардын иштөөсүнө жол ачып, бийик посттогу кызматтарга тартышы колдоого гана алаарлык көрүнүш.

— Сапар Исаков баштаган жаштардын өкмөт курамына келишин кандай кабыл алуудасыз?

— Бүгүн айрым курамы жаш кадрлардан куралган жаңы өкмөттүн курамы бекип кала турган болсо, анда буюрса, сөзсүз жылыштар болот деп ойлойм. Жеке мен бийликке, өзгөчө өкмөткө жаштардын келишин колдоп жатам.  


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: