Домой Саясат Жээнчороев: Бийлик иликтөөгө көңүл бурбаса эл нааразы болот

Жээнчороев: Бийлик иликтөөгө көңүл бурбаса эл нааразы болот

4

Бажыдагы көмүскө схемалар жөнүндө журналисттик иликтөөдөн соң бийлик органдары тезинен иликтөө баштап, чара көрүшү керек. Бул тууралуу тууралуу “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди. Анын айтымында, иликтөөдө айтылган маалыматтарды объективдүү түрдө иликтеп, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартылбаса жарандар арасында нааразылык жаралышы мүмкүн.

— Жоопкерчилик бийликте болот. Бүгүн расмий бийлик реакция кылып, ал жерде аты аталган жогорку кызматтагыларга карата Башкы прокуратура иликтөө башташы керек. Андай болбосо эл көчөгө чыгып, нааразылыгын билдириши толук мүмкүн, — деди Жээнчороев.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланды.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.

Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттерге бул маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди 10-ноябрда, Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити берген. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы чиеленишкен коррупциялык схема боюнча суроолорго да жооп берген.

Акыркы иликтөө боюнча Райымбек Матраимов жооп бере элек. Ал эми анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Булак: Азаттык