Домой Саясат Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин эмне мал-мүлккө ээ экени айтылды

Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин эмне мал-мүлккө ээ экени айтылды

1
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир жылдык кирешеси 803,6 миң сомду түздү. Бул тууралуу Салык кызматы 2018-жылга карата жарыялаган саясатчылардын декларациясында жазылган.

Анда Абжалиевдин жеке турак жайы жок экени айтылат. Өзүнө таандык болгон Toyota Land Cruiser автоунаасын, 702 миң сомго бааланган бодо малын жана 378 миңдик кой-эчкисин көрсөткөн. Декларациядагы маалымат боюнча мындан башка мал-мүлк жыйнаган эмес деп түшүнүүгө болот.Ал эми жакын туугандарынын кирешеси, ээлик кылган мал-мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Алиярбек Абжалиев президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болот.

Булак: Спутник