Жээнбековдордун кудасы Малабаев Бишкекке мэр же, Чүйгө губернатор болом деп мактанып…

10.05.2018 | Саясат

sharipov_1611171455362267_33482400

Аргынбек Малабаевди эл көбүнчө жакшы жагынан эмес, жаман жагынан билет. Себеби, ал коомчулукка Транспорт министри болуп иштеп турганда Балыкчы-Корумду жолун салуу ишинде ызы-чуу кылып, коррупциялык иштерге жол ачкан. Акыры ошонун айынан кызматтан да кол жууган. Бирок андай былык иштери үчүн эмнегедир эмдигиче жооп бере элек.  Мындайда таянган тоосу күчтүүбү, деп ойлойсуң. Ойлогонуң, ойдо жок жерден туура чыгып жатса,  таң калбай койбойсуң  да.  Көрсө, Малабаев президент Жээнбеков жана анын туугандарына куда  экен. Кандайча деп чоочуп кеттиңизби? Сооронбай Жээнбековдун бир тууган агасы, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусуп Шариповдун аялы Аргынбек Малабаевдин аталаш тууганынын кызы экен. Малабаев өзүн министрлик даражага чейин колдоп, өстүргөн  Алмазбек Атамбаевди Сооронбай Жээнбеков президент болгону Атамбаевди каратып туруп шыбап, жамандап баштады дейт. Анан калса, акыркы күндөрү: “ Бишкек шаарына мэр, же ал кызмат болбой калса, Чүй облусуна губернатор болом” – деп төш кагып, мактанып калды дешет.Бул боюнча маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыгышты.Кудаларына таянып, ушинтип асманды  сүйлөп жатканына жол болсун. Андан көрө бийликте иштеп жүргөндөгү чатак иштери боюнча мыйзам алдында жооп берсе жакшы болмок.

Баса, жакында Сокулуктун Белек айылында Адыгине уруусу чогулуп, өздөрүнчө “курултай” кылып, улуттук оюндун түрлөрүн уюштурушту. Ал тойго республика боюнча миңдеген адамдар катышып, алар үчүн бери жагы 5-6  бодо мал союлуп, ондогон боз үйлөр тигилген. Аламан, жорго, кунан чабыштардын ж.б. улуттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө баалуу байгелер (жылкы ж.б.) берилди. Эми мына ушундай чоң тойдун башында биз сөз кылып жаткан Аргынбек Малабаев уюштуруучу катары туруп, чыгымдын да бир тобун көтөрүптүр. Мейли туугандашып, ынтымак чайын ичишти дейли. Анысы кут болсун. Бирок Малабаев кайсы акчасына, тагыраак айтканда  кайдан алган акчаны мынча элге чачып мактанып жатат? Ушул сыяктуу суроолор көп, бирок ал суроолорго чыркыраган ачуу чындыктан турган  жооп алуу кыйын.

Чынында Малабаев Жээнбеков Сооронбай президент болуп келгенче, Жээнбековдорго жакшы сөз айтпаганын аны жакшы билгендер айтып жүрүшөт. Ошондон улам, Малабаевдин Адыгинелерди бир айылга топтоп, минтип өз билерман өңдөнүп жатканын Сокулук эли бийликке болгон жагынуу деп билсе,  аны менен мамилеси барлар  Жээнбековдорго: “мен бармын” деп бир көрүнүп коюу кадамы болду деп баалап жатышыптыр. Бирок Жээнбековдор Малабаевди баалашабы? Таза адам, ишке жарамдуу деп эсептешеби? Кеп ушунда. Эгер таза болсо, министр болуп иштей берет эле го, элге жек көрүнбөй.

Аргынбек Малабаев “Кыргыз темир жол” кызматында көп жыл иштеди. Тактап айтканда, Акаевдин заманына бери, 1997-жылдан  бери жооптуу кызматтарда иштеп, 2010-2015-жылдары жетекчи болуп турду. Баарыбызга маалым болгондой “Кыргыз темир жолу” коррупцияга кокодон малынган мекеме. Малабаев жетекчи катары коррупцияны жоймок турсун, күчөткөндөрдүн катарында болду окшобойбу. Себеби, анын ишмердүүлүгүнө ичи чыкпагандар абдан көп болгон. Буга далил катары Жк депутаты Тынчтык Конушбаевдин Малабаевдин коррупциясы тууралуу берген маегинен үзүндү келтирели.  Могу назвать проблемы в железнодорожной отрасли. В этой отрасли бывает два вида соглашений «унуцивирный» и национальный договор. В государство в год ввозится 1 млн тонн нефти. Из-за халатности наших специалистов мы теряем с каждой тонны по 60 долларов. Тогда всего за один год мы теряем 60 млн долларов. Такое коррупционное соглашение подписал бывший руководитель государственного предприятия «Темир жол» Аргынбек Малабаев.

Мына Малабаевге берилген баа. Бул бир эле айтылган коррупциялык иши дейличи. Мындан башка да санап олтурсуң, көп. Ал эми министр болгондон кийинки былыктары деле көп айтылып, көп жазылды. Бирок ага деле жооп бербей, өз билгенин кылып келет. Деги Кыргызстанда мыйзам иштейби? Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш баштады эле. Кудасына тиши өтөбү, же аяп коёбу?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: