Жээнбеков үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогорубу же Эрдогандын сөзү өйдө турабы?

10.04.2018 | Саясат

Без названия

Кечээ 9-апрелде, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияга иш сапары менен барып, аталган өлкөнүн бийлиги менен тар жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки өлкөнүн башчыларынын кезигүүсүндө кандай маселелер талкууланганы тууралуу учкай гана айтылып, толук маалымат берилген жок.

Ал эми Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин жолугушуусунан кийинки маалымат жыйында түрк президенти Режеп Таййип Эрдоган дин аалымы Фетхуллах Гулендин уюму тууралуу кеп козголгонун ачыктап: “2016-жылы Түркияда аскердик төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген айып тагылган бул уюмдун мүчөлөрүнө карата кыргыз бийлиги да чара көрүүсү керектигин баса белгиледи. Жээнбековду урмат-сый менен тосуп алган Эрдоган: “Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү мыйзам алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 551 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт. Бетме-бет жана делегациялар ортосунда болгон жолугушууларда да ушул темаларды карап чыктык”, — деди.

Эрдогандын билдирүүсүнөн улам, Жээнбековго Кыргызстандагы “Себат” лицейлерин жабуу талабы коюлганын баамдоого болот. Аталган тема боюнча кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында үн каткан жок. Мындай учурду орусча айтканда “молчание — знак согласия” дейт эмеспи. Кесиптешинин айткандарын жоопсуз калтырган Жээнбеков “айтканыңыз аткарылат ляпбай” дегениби? Жээнбеков үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогорубу же Эрдогандын сөзү өйдө турабы? Кеп мына ушунда…

Эске салсак, Түркияда 2016-жылы “аскердик төңкөрүш аракети” ишке ашпай калгандан кийин түрк бийлиги бул иштин артында дин аалым Фетхуллах Гүлен тураарын жар салып, ал адам түзгөн уюмдун мүчөлөрүн жана алар менен кызматташкан адамдарды камакка алып, далайын түрмөгө кесип жиберген. Ошол жылы өлкө сыртындагы “гүленчилердин” билим берүү мекемелерин жабуу, ал жакта иштегендерди кармоо аракети да кармоону буюрган Эрдоган кыргыз бийлигинен “Себаттын” ишмердүүлүгүнө тыюу салууну талап кылган. Бирок экс-өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев мындай талапты “башка мамлекеттин ички ишине аралашуу” деп түрк бийлигин кескин сынга алган. Мына ушундан соң эки өлкө ортосундагы мамиле салкындай түшкөн.

Ал эми “Себат” билим берүү мекемелеринен “террордук коркунучу” бар деген шектенүүнү алып салуу үчүн өткөн жылы аталышы “Сапат” деп өзгөртүлүп, анын негиздөөчүлөрүнүн курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кошулган. Тиешелүү тараптарга мындай сунушту 2016-жылдын 1-декабрында маалымат жыйыны учурунда киргизген экс-өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев: “Мен Гүленди тааныбайм, бирок “Себат” мектептерин Түркияда жана Кыргызстанда төңкөрүш уюштурууга даярдык көргөн саясый уюмдар менен алмаштыруу болбогон кеп. “Себат” эмне менен алектенерин биз билебиз”, — деген пикирин билдирип, окуу жайлар жабылбасын, ошол эле учурда көзөмөл күчөтүлөрүн так кесе айткан.

Ал эми кечээки эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуунун жйынтыгына баам салсак Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жөнгө салынгандай түр калтырды. Бирок, эмнени курмандыкка чалабыз? Акаев Кытайга Үзөңгү-Куушту карматса, Бакиев казак бийлигине Каркыраны тартуулаган өңдүү Жээнбеков 12 миң кыргызстандык окуучунун тагдырына балта чабабы? Дегеним, Кыргызстандын аймагында “Себатка” караштуу 30га чукул билим берүү мекемелери иш жүргүзүп келет. Жалпысынан алганда ал жакта 12 миңдей окуучу бар. Эгер түрк бийлигинин тилеги орундалып калса, 12 миң бала жабыр тартары турган иш.

Акыркы 7 жылда кыргыз бийлиги өлкөбүздүн көз карандысыздыгын бекемдеп, стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Орусия менен Кытай өңдүү ири державалар менен тең ата сүйлөшүүгө жетише алды. Сырткы саясат өлкөбүздүн кызыкчылыгын жогору коюу менен жүргүзүлүп келди. Ошондуктан коңшулар дагы көзүнүн кыры менен карабай, эсептешүүгө өткөнүнө жалпыбыз күбөбүз. Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун бул сапары жана түрк лидери менен жолугушуусу Кыргызстанды башкалар “иниси катары” санап үстүртөн караган 8 жыл мурдагы кейпин кийгизип койбойбу?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: