Жээнбеков негизги басымды айыл чарбага жасап жатат

18.07.2017 | Экономика

     SAB_3623

 Жер иштетүү жана мал чарбачылыгы Кыргызстан калкынын киреше табуудагы негизги булактары болуп саналат. Анткени өлкө тургундарынын үчтөн эки бөлүгү айыл аймактарында жашайт.         

Негизинен, Кыргызстандын жаратылыш ресурстары жер иштетип, жашылча-жемиш өстүрүп, жакшы түшүм алып, мал багып чоңойтуу менен өлкөдөгү жакырчылыкты жоюуга жетет. Бирок, элдин табигый байлыктарды сарамжалсыз пайдаланганынан, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепетинен түшүмдүүлүгү мол болгон жерлер барган сайын азайып, чөлдөрдүн аянты барган сайын чоңоюп, бийик тоолордогу жайыттар жок болуп баратат. КР жер кадастрынын берген маалыматтары, айыл чарбага багытталган 10,7 млн га аянт жер 88%га кыскарып кеткенин билдирет.

Азыр айыл чарбага бөлүнгөн жердин жалпы аянтынын 40%ын таштак жерлер, 12,5%ын өсүмдүктөр үчүн зыяндуу заттар түзөт. Айдоо аянтынын жарымынан көбү эрозияга учураган. Алардын 53%ы суу эрозиясы, 54,3%ы шамалдын эрозиясынан жабыркаган. Жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашынан улам, 1990-жылдардан бери түшүмдүүлүктүн көлөмү 20 миң гектарга чейин кыскарган.

Семиз айдоо жерлери жетишпейт. Анткени сугат системасы иштен чыгып калган, топурактын жана жер семирткичтердин химиялык курамын текшере турган лабораториялар жок, илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөйт. Ал эми жергиликтүү бийликтерде ага жумшаганга каражаттары жетишсиз.

Дыйкандар топуракты, сууну, же айыл чарба өсүмдүктөрүн кантип сактап калуу технологиясын билбейт. Мындай сабатсыздык, айдоо аянттарын туура эмес пайдаланууга алып келет. Ошону менен бирге түшүмдүүлүк аз болуп, киреше чыгашаны актабайт.

Буга кошумча климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктар да таасирин тийгизип, жердин түшүмдүүлүгүн төмөндөтүп жатат. Өткөн жайда, Нарын облусунун Беш-Кайыңды айылында, нөшөрлөгөн жаандан улам дарыя деңгээлинен көтөрүлүп, суу ташкыны болду. Ал эксперименттик изилдөөгө бөлүнгөн тез өсө турган дарак-бактарды өстүрүүчү жерди жууп кеткен. Калган жерди сактап калуу үчүн жергиликтүү калк областтык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен бирге бөгөт куруп, жерди эрозиядан сактап калуу боюнча иштерди жүргүздү. Бийлик айыл жергесин суу ташкынынан куткарып, жерди эрозиядан сактап калды.SAB_3521

Түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча өкмөт “Кыргызстанда 2017-2020-жылдарга карата айыл-чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу” концепциясын кабыл алды. Бул концепцияны жакында эле премьер С.Жээнбеков бекитти. Бул концепция премьер-министр С.Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө ишке ашат. Өкмөт башчынын айыл чарба жаатында чоң тажрыйбасы бар.  Анткени, премьер айыл чарба окуу жайын гана бүтүрбөстөн, КР Айыл чарба министрлигин, Жогорку Кеңештин айыл чарба комитетин да жетектеп келген. Ошондуктан өкмөт башчынын бул жааттагы тажрыйбасы концепцияда белгиленген милдет жана максаттарды толук ишке ашырууга жумшалат деп ишенсе болот.

Концепциядагы негизги максат – “айыл чарба аянттарынын түшүмдүүлүгүн 15-20%га өстүрүү, жердеги азык балансын жакшыртуу жана үзгүлтүксүз түшүм алуу.” SAB_3538

Аталган концепцияны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекетте бардык өбөлгөлөр бар. Айта кетсек, жагымдуу климаттык шарттар, таланттуу агрохимиктер, жердин курамын изилдөө үчүн техникалык база да бар. Ал эми өлкөнүн ЕАЭБга мүчөлүгү бул долбоорлорго каражат табууга жана тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзөт.

Концепция боюнча өкмөттүн алдында чоң маселелер турат: жарандардын жерди жоопкерчиликтүү пайдалануусун мыйзам деңгээлинде өнүктүрүү, 5 башка жаңы жер-агро-химиялык борборлорду ачуу, чакан жана ири каналдарды, 450 км бөлүштүрүү  түзүмдөрүн орнотуу, республиканын 120 гектардык аянтында жер жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү.

Жогоруда айтылган концепция “айыл чарба тармагын өнүктүрүү” деп аталган долбоордун бир эле элементи. Мындан сырткары, С.Жээнбеков башында турган өкмөт, сугат иштерин өнүктүрүү мамлекеттик программасын жана региондук өнүгүү концепциясын бекитти, экологиялык жана коопсуздук стандарттарына ылайык айыл чарба азыктарын иштетүү жана экспорттоо боюнча өндүрүштүк тармактагы долбоорлорду ишке ашырууда.

“2016-жылы айыл чарбасынын дүң продукциясы 197 миллиард сомдон ашты жана мурунку жылга салыштырмалуу 3%га өстү. Дүң продукциянын өсүшүнө мал чарба продукциясынын – 2,5%га, өсүмдүк өстүрүү өндүрүш продукциясынын 3,7%га өсүшү шарт түздү. Ошондой эле дыйкандарга 1,5 млрд сомдук жеңилдетилген кредит берилди. Жылдын аягына бул кредиттин суммасы 7 млрд сомго чейин көтөрүлүп, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн пайыздык үстөгүн 6%га чейин төмөндөтүү пландаштырылууда.”

Өлкөнүн өкмөтү аркылуу кабыл алынып аткан концепция жана программалар – элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн жасалып жаткан аракет. Муну таразалап так баалап берүү жоопкерчилиги жарандарыбызга түшөт. Анткени, кабыл алынган ар бир документте, мамлекеттик демилгени колдоо жөнүндө коомчулуктун ролу айтылат. Өкмөттү сынга алуунун ордуна, прогрессивдүү өнүгүүгө карай багыт алууга убакыт келип жетти..


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: