Жанара Байсеитова, косметолог: “Бырыш болтурбоо үчүн терини кургатпаш керек”

IMG-20180224-WA0026

Беттин бырыштары, бет терисинин көйгөйлөрү, ботекс, мезотерапия туурасында косметолог  Жанара Байсеитова  айтып берди.

— Сизге канча жаштан баштап кайрылышат?

— Мага кайрылгандардын эң жашы 13-14 жаштагы балдар-кыздар. Алар ата-энеси менен чогуу келип, көйгөйүн айтып, менден кеңеш алып кетишет. Эгерде менин процедураларым керектүү болсо дарылай баштайбыз.

— Ботекс жана мезотерапиянын пайда-зыяны туурасында айтсаңыз?

— Ботекс бырыштын убактылуу кетирип койчу зат. Аны чыгарып аткан фирма 6 айга чейин деп кепилдик бергени менен менин практикамда азы үч ай, узагы 7-8 айга чейин кармагандар бар. Андан кийин тарап кетет. Эч кандай зыяндуулугу жок. Болгону булчуңду уктатып койуучу зат болуп эсептелинет. Мезотерапияны болсо бир курс алуу менен бир жылдык мөөнөткө бетке витаминди куюп койуу болуп эсептелет. Ал 3 процедурадан 5 процедурага чейин болот. Мезотерапиянын зыяны жок. Болгону ивтаминди бетке куйуу.

— Косметологдун кызматынан пайдалана албагандар бырыштан өз алдынча кантип сактанышы керек?

— Эгерде туруктуу болуп калган бырыш болсо аны үй шартында жок кылуу мүмкүн эмес. Ал эми бырыш түшүрбөөнү алдын алууга болот.  Бырыш болтурбоо үчүн терини кургатпаш керек, убак-убагы менен беттин терисине ылайык бет майларды колдонуу зарыл. Сапаты жагынан биздин бетибиздин терисин туура тандап алып, ошого туура корсметиканы колдонуш керек. Мимикадан, күлгөндөгү чогула турган бырыштарды болтурбоо үчүн күлүүнү азайтыш керек. Организмге терс таасир этүүчү жаман адатарды тамеки, баӊги, арак ичүүнү ташташ керек. Ошондой эле туура эмес косметика менен колдонгонго болбойт.

— Бетинин териси кургак жана майлуулар үчүн кандай маскаларды сунуштаар элеңиз?

— Маскалардын, бет майлардын түрү абдан эле көп. Теринин канчалык түрү болсо бет май менен масканын түрү андан да көп. Бир адамдын бети майлууларга бир эле маска бирине жакса экинчисине жакпай калышы мүмкүн. Ошон үчүн ар бир адамдын өзүнө туура келе турган бет майы маскалары болот.

IMG-20180224-WA0027

— Негизи эле бетке кантип туура кам көрүү керек?

— Күндө эртең менен жуугандан башташат. Бет терисинин PHы менен жууп жаткан заттын РНсы бири-бирине төп келиши керек. Эгерде туура келбей калса ар кандай көйгөйлөр башталат. Кургап, тырышып же кычышып баштайт. Бетти туура жууп, кургатып алабыз.  Кургатканда да сүлгү менен бетти сүрбөй, акырын коюп, сууну сүлгүгө сиңирип алуу керек. Андан кийин үйдөн чыгып баратканда 15 мүнөт  калганда күндөн сактоочу бет майды тоналдык бет май менен упанын алдына сүйкөш керек.  Келгенден кийин анын баарын жууп салып, керектүү беттин көйгөйүнө карата дарылоочу бет майларды сүйкөнүп коюш керек.

— Көздүн тегерегиндеги мимикалык бырыштарды толук кетирүүгө болобу?

— Көздүн тегерегиндеги мимикалык бырыштарды толук кетирүүгө болот, бирок ал бырыштар убактылуу гана кетет.  Аны жогорудагы ботекс менен кетирсе болот. Атайын жасалуучу точкаларга саналуу көлөмдөгү препараттан куябыз. Убактылуу ал булчуң иштебей, 6 айдан 8 айга чейин мимикалык бырыштар көрүнбөй калат.

IMG-20180224-WA0025

— Безеткиден кантип кутулса болот?

— Учурда эң көп берилүүчү суроо безетки болуп саналат. Безеткиден толук кутулууга болбойт. Безеткинин өнүгүп, өрчүп кетүүсүн алдын алабыз. Эгерде безетки менен алгачкы жолу мага келип жаткан адам болсо, алгач ал адамдын ички организмин текшерип чыгам. Боорду, өттү, ичегилерди, ашказанды жана гормондук фонун карайм. Аларда көйгөй болсо аны ордуна келтирип анан бетке киришем.

— Кандай косметика беттин терисине зыян алып келбейт?

— Сапаты жагынан жакшы келген, атайын адистер айтып, мөөнөтү көргөзүлүп, сертификат алган продукт зыян келтирбейт. Сертификаты жок, арзан, акция, арзандатып берип жаткан косметикадан качыш керек. Базардын ичинен албоо керек. Анткени ал косметика канча кышты, канча жайды башынан өткөргөнүн эч ким айтпайт. Базардагылар товарын эң сонун деп сатат. Ал эми сапаты, мөөнөтү туурасында көп айта беришпейт. Эң жакшысы өзүнүн адисинен туура косметиканы тандап алып, ошону менен колдонуусу.

— Жаз мезгили башталганы калды. Жазгы күндүн нурунан кантип сактанса болот?

— Жазында күндүн нуру ачуу тийгендиктен күндөн коргоочу бет майларды колдонуш керек. андан сырткары баш кийим кийип жана күндөн сактоочу көз айнектерди тагынып бетти күндөн коргош керек.

— Кош бойлуу кезде бетке сепкил түшүрбөй сактаса болобу?

— Кош бойлуу мезгилде бетке сепкил түшпөшү үчүн күндөн коргонуучу бет майларды сүйкөш керек. Эгер анда да болбосо төрөгөндөн кийин деле косметологго шашпаш керек. Себеби ал учурда гормондук фон өзүнүн өзгөчөлүгү, башкача иш алып баруусу 1-1 жарым жылдан кийин өз нугуна түшөт. Анда да болбосо косметологго кайрылуу керек.

Т.С.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: