Домой Маданият Жаманкулов: былтыр 23 тарыхый жай паспорттоштурулду

Жаманкулов: былтыр 23 тарыхый жай паспорттоштурулду

2

Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Министрдин айтымында, Бурана, Өзгөн мунарасы, Шах-Фазил күмбөзү жана Таш-Рабат тарыхый жайын реконструкциядан өткөрүп, туристтерге шарт түзүү маселеси биринчи кезекке коюлган.

«Кыргызстанда жайгашкан тарыхый-маданий жайлардын документ иштери буга чейин башаламан болуп келген. Былтыр ушундай 23 жерди документтештирүү иштери жасалып,  паспорттору берилди. Ага ылайык, тарыхый баалуу жайдын кайсы жери коргоо зонасы, кайсы аймагы буфердик бөлүк болору белгилүү болду. Мындай жайлар шаарлардан алыс жайгашкандыктан барган туристтерди тамак-аш менен камсыздоо үчүн ашканалар, жатакана, даараткана деген курулуштар жүрүшү керек. Эми паспорттоштуруунун негизинде анда жазылган эрежелерге таянып, жака-белине мындай курулуштарды жасоого уруксат берилет. Келечекте жеке жактар менен мамлекеттин кызматташуусунун натыйжасында тарыхый-маданий жайлардын инфраструктурасы жакшырып, келген туристтер үчүн шарттар түзүлөт», — деди Жаманкулов.

Ал тарыхый-маданий жайлардын абалын жакшыртуу боюнча бир канча долбоорлор бар экендигин кошумчалады.

sputnik.kg