Жалганды жазса баатыр, жоопкерчилигине келгенде байкуш боло калган Карабеков

13.02.2018 | Саясат

aricept uk.

            a18e6e168eef77451e87b4aa369d27c6

Өткөн жылдын октябрь айында болуп өткөн президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун пайдасына катуу жүгүрүп иштеп берген журналисттердин бири – Кабай Карабеков болгонун жакшы билебиз. Саясатта анча-мынча аты чыккан, журналистикада кайсы бир деңгээлде орду бар Кабай мырзанын туруп-туруп эле бир талапкердин колундагы куурчакка айланып калганына көпчүлүк тан берген.

Кыязы ушул шайлоодо Бабановдун агылган миллиондорунан финансылык абалын чыңдап алайын дегенби, айтор Карабеков анын кызыкчылыгы үчүн жалган маалыматтарды жазып, Бабановдун ошол кездеги башкы атаандашы С. Жээнбековдун аброюна шек келтирген макалаларды жарыялаган. Натыйжада анын өзүнө жана ал макала («Визит в Сочи. Кремлю вновь объяснят, чем хорош преемник?») жарыяланган «24.kg» маалымат агенттигине карата кылмыш иши козголгон. Жалпы жонунан аларга 10 миллион сом айып пул төлөтүү талабы коюлган болчу. Бирок, президент С. Жээнбеков аталган маалымат агенттигинен материалдык доо алуудан баш тарткан.

Албетте, бул кадамы менен мамлекет башчысы өзүнүн айкөлдүгүн көрсөттү. Ал эми макаланы жазган автор жалган жазганы үчүн баары бир жооп бериши керек. Тактап айтсак, ал 5 миллион сом айып пулга жыгылган. Эгерде анын да бул кылыгын кечирип кое турган болсо, анда жалганды чындай койгулаштырып жазгандардын катары коюлуп кетери бышык. Андыктан ар бирадам өзүнүн жасаган иши үчүн толук мыйзам чегинде жооп бериши керек.

Эми болсо К. Карабеков ар кайсыл маалымат булактарына барып, даттанып, «Менден сот 5 миллион сом талап кылып атат, менде анча акча жок да» деп байкуштун кебетесин кийип атканын көрдүк. Анда эмнеге ошол жалган маалыматты таратуу алдында мыйзам чегинде жооп берип калышы толук мүмкүн экендигин эсине алган эмес? Камчысын чаап бергени үчүн Бабанов аны куру кол койбосо керек, эми деле ага кайрылса, 5 миллион сомду балким төлөп береттир. Кандай болгон күндө да бул макала анын кызыкчылыгы үчүн атайын даярдалган эмес беле.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: