Жакыр үй-бүлөлөргө ипотекалык насыя берүүчү долбоорго 11 миллион евро бөлүнөт

26.07.2017 | Коом

dom100216

Кыргызстанда аз камсыз болгон жарандарга ипотека менен турак жай берүү долбоору иштелип чыгат. Бул тууралуу «Мамлекеттик ипотека компаниясы» (МИК) ААКсы маалымдады. Аталган долбоорду Немис өнүктүрүү банкы каржылайт. Тиешелүү келишимге июлда МИКтин өкүлдөрү жана Кыргызстандын каржы министрлиги менен Немис өнүктүрүү банкы ортосунда кол коюлган. Биринчи этабында өлкөнүн элет жерлеринде ипотекалык насыя берүүнү өнүктүрүүгө багытталып 11 миллион евро бөлүү каралууда. Турак жай куруу жана сатып алуу үчүн каражат жакыр жана орточо шартта жашаган үй-бүлөлөргө берилет.

Булак: sputnik.kg


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: