Жаӊы ѳкмѳт Сооронбай Жээнбековдун ишин улантат

29.08.2017 | Маек, Саясат

      2017-08-18_11-22-26_320137

Кыргызстан эгемендиктин 26 жылдыгын белгилөө алдында турат. Ушул мезгил аралыгында министрлер кабинети 29 ирет алмашты. КСДПдан президенттикке талапкер катары аттангандыгына байланыштуу ѳкмѳт башчылыгын ѳткѳрүп берген Сооронбай Жээнбековдун ордуна келген Сапар Исаков ѳлкѳ  тарыхындагы эӊ жаш премьер-министр болуп калды.  

Тарых барактарына «Алмазбек Атамбаевдин алты жылы» аталышта кире турган соңку жылдардын ичинде Кыргызстанда эң башкысы – туруктуулук болду. Саясаттабы, экономикадабы туруктуулук өнүгүүнүн пайдубалы экенин түшүндүк. Мурдагыдай көчө солкулдаткан митингдер кан буугандай токтоду. Кыргызстан ЕврАзЭСке кирип, миллиондогон калкы бар рыноктун эшиги ачылды. Аны менен Россия, Казакстанда жүргөн эмгек мигранттарыбыздын укугу узарды. 1 миллиард долларлык кыргыз-орус өнүгүү фонду ишке кирип, дыйкан-фермерлер, кайра иштетүүчү жана өнөр-жай ишканалары үстөгү төмөн насыя алышып, өндүргөн продукциялары экспортко чыгарыла баштады. Айрыкча, коңшу өлкөлөлөр менен ынтымагыбыз артып, чек ара маселелери  чечилүү жолуна  түштү.

Бул иштердин ишке ашышына, өзгөчө президенттик шайлоого катышууга байланыштуу жакында эле отставкага кеткен Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн аракети зор болду. Муну президент Алмазбек Атамбаев да баса белгилеп, «2011-жылдан берки эң жакшы өкмөт» деген жогорку баасын берди.

Сооронбай Жээнбеков президенттин мамлекеттик бийликтеги, өкмөттүн деңгээлиндеги  жасалган иштердин  ырааттуулугун, анын андан ары уланышын да камсыздай алды. Эми  Сапар Исаковдун өкмөтү Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн  жасаган иштерин мындан ары улантаары белгилүү. Анткени, ал өлкөнү ѳнүктүрүүчү  Алмазбек Атамбаевдин саясатынын күрѳѳ тамыры болуп саналат.

 

Бийликке жаңы муун келди

Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгына дайындалышы менен бийликте муун алмашуу процессине жол чабылды. Буга чейин бийликте «эски малдын көзүндөй болуп»  баягылар эле жүргөнүн көрчүбүз. Жөн жүрбөй кыйратып жаткансып «керней-сурнай» тарттырып, эки күндүн биринде экрандан түшпөй, «аны кыйратмак болдук, муну жыргатмак болдук» дешип, тил эмизмейлери көп эле. Дагы эле болсо, өкмөт башына келгендердин ичинен, «керней-сурнайы» жок эле эл үчүн иштесе боло тургандыктын үлгүсүн көрсөткөн, президенттик кызмат ордуна башкалар менен «тең жарышмак» болуп,  премьерлигин өзү өткөрүп берген Сооронбай Жээнбеков болду.

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн курамы, аныгында эле Кыргызстандын жаңы саясатында бурулуш жасады. Анын өкмөт мүчөлөрүнүн жаш курамы  отуз жаштан, алтымыш алты жашка чейинки куракты түзөт. Бул жерде баары сакталган. Көрүнүп тургандай жаштыкка мүнөздүү курчтук, улуулардын жаш курагына мүнөздүү токтоолугу, акылгөйлүгү С.Исаковдун өкмөтүнүн иштөө процессин тең салмактап турары анык. Кырк жаштагы Сапар Исаковдун өкмөт башчылыгына дайындалышы эл арасында жакшы пикирди жаратып, айрыкча жаштар тарабынан жылуу кабыл алынды.

Ушуну менен президент бийлик олимпин  эволюциялык жаңылоо жаатындагы чечкиндүү кадамдарын негизинен аяктады. Ал алты жыл аралыгында Сапар Исаков өңдүү жаштарды такшалдырып, мамлекеттик өтө жооптуу кызматтарга  алып келүү жолу менен, бийликти жаңыртуу, жаңы кан кошуу, ошол эле учурда жылдап топтолгон улуу муундун зор тажрыйбасын ошол жаштар аркылуу андан ары улантуу саясатын жүзөгө ашыра алды.

  

Жаӊы өкмөттүн үч максаты

Сапар Исаковдун өкмөтү өз алдына негизги  3 максатты алдына койгон. Ал  – элдин бакубат турмушун камсыз кылуу, экономиканын өсүп-өнүгүшүнө жагымдуу  шарттарды түзүү, калктын коопсуздугун камсыздоо. Бул айтылгандарды чечмелей келсек – ар жагында эбегейсиз зор иштер жатканы белгилүү.

Учурда эл ичи тынч, өнүгүү жолунда. Элге болгону калыс бийлик, жашоо-турмушуна шарт түзүү, элди тейлөөдөгү мамлекеттик кызматтардын ыкчамдыгы, сапаты керек экен. Cооронбай Жээнбековдун өкмөтү «Таза коом» долбоорунун алкагында мамлекеттик санариптик тейлөө кызматын ишке киргизүүгө батыл киришкен. Жаңы өкмөт башчысы Сапар Исаков да бул долбоор улантыла турганын айтууда. Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөгү бут тоскон бюрократияга каршы  күрөшүүнүн ачкычы ушул долбоордо жатканын, элибиз жакшы түшүнүп турат.

 

Элет өнүкмөйүн – эл өнүкпөйт

Экономиканын өсүп-өнүгүшү тууралуу маселеге келсек, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү ЕврАзЭСтеги мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен айрыкча, кайра иштетүү ишканаларынын продукциясын бирликке экспортко чыгаруу аркылуу аймактарды, айыл-чарбасын өнүктүрүүгө басым жасап келди. Сапар Исаков да анын өкмөтү ушул багытты улантаарын туюндурду. Бул туура жол. Жалпак тилге салганда, элетти, аймактарды комплекстүү ар тараптан өнүктүрмөйүн – элибиз өнүкпөйт.

Аймактарды жер-шартына жараша өнүктүрүү, аймактардагы шаарларга кайра иштетүү ишканаларын  куруу менен жумуш ордун камсыздоо, инфраструктурасын жакшыртуу, андагы калкты тейлөөдөгү мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу, дыйкан-фермерлерге үстөгү төмөн насыяларды берүү улантылышы керек.

 

Калктын коосуздугу камсыздалат

Премьер-министр Сапар Исаков белгилеп жаткан калктын  коопсуздугун камсыздоо – ѳтө актуалдуу маселеге айланды. Учурда аалам тынч эмес. Диний экстремизмден, радикалдашуудан, террордон жапа чекпеген «боору бүтүн, башы эсен» дээрлик бир дагы мамлекет калган жок. Калктын коопсуздугу жөнүндө сөз болгондо  «Коопсуз шаар»  долборуунун мааниси күн эмес саат сайын артып баратат. Өзгөчө Бишкек, Ош өңдүү ири шаарлардагы адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары өкмөттөн чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылууда. Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү дал ушул долбоорду жүзѳгѳ ашырууга батыл киришкен. Мына ушул жана башка алгылыктуу иштерди улантуу, аларды аягына чыгаруу эми жаӊы ѳкмѳткѳ жүктѳлдү.

 

        1377121.1.1492422455ЖК депутаты, “Бир Бол” фракциясы: “Жаңы өкмөт Сооронбай Жээнбековдун иштерин улантып кете алаарына көзүбүз жеткен соң колдоого алдык”

— Парламентте Сапар Исаковдун жаңы өкмөт курамы колдоо тапты. Азыркы өкмөт ал ишеничти актап кете алабы?

— Биздин фракция жаңы өкмөттүн курамын колдодук. Парламенттин жыйынында да азыркы жаңы куралган өкмөттөгүлөргө өзүбүздүн каалоо-тилектерибизди айттык. Министрлер кабинетинин бул жолку курамына басымдуу бөлүгүнө жалаң жаштардан куралган жаңы команда, айрым жаңы жүздөр кошулду. Өкмөт курамындагы билимдүү, илимдүү мындай жаш кадрлардын – компетенттүү, иш билги, жаңы муундагы прагматикалык көзкарашка ээ заманбап жетекчилер экенинен эч кандай шегибиз жок.

—  Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү кадамдарды жасап, катуу иштеп жаткан. Азыркы өкмөт анын ишин улантып кете алабы?

— Биз жаңы өкмөттүн курамын буга чейинки Сооронбай Шарипович башында турган өкмөтүнүн жакшы иштерин улантып кете алаарына көзүбүз жеткен соң колдоого алдык. Баарыңар билесиңер, Сооронбай Жээнбеков баштаган министрлер кабинети бар аракеттерин кылышып, жакшы иштешти. Айыл чарбасында чеке жылыткан жакшы иштер болгондугун баса белгилесек болот. ИДПнын көлөмү өсүп, социалдык жактан бир катар орчундуу көйгөйлөр чечилип, өзгөчө өнөр жайыбызда жылыштар болгонун тана албайбыз. Ал эми экономикабыздын өзүндө 30 %га чейинки өсүштөр болду. Кезегинде алар бир жылдык иши аркылуу парламенттен да оң баасын алышкан. Аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катары өлкөбүздүн баардык жактан өсүп-өнүгүшүнө бар аракеттерин кылышты. Өкмөттүн азыркы жаңы курамы мурдагы өкмөттүн жакшы иштерин өрнөк тутуу менен ишти шыр алып кетишээрине ишеничибиз бар.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: