Искендер Шаршеев: Казакстанда экономика бир кылка бөлүштүрүлгөн эмес

1031676585

Балким, Кыргызстан ИДПнын деңгээли боюнча Казакстанга утулуп калаттыр, бирок Кыргыз Республикасынын региондорунда калкы аларга караганда жакшы жашайт. Бул тууралуу экономист Искендер Шаршеев билдирди.

Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзүнүн Алматыга жасаган сапарынын жыйынтыгын чыгарып атып, Алматынын экономикасы Кыргызстан жана Тажикстандын ИДПсынан 5 эсе көп деп билдирген.

Эксперт Шаршеев бул маселеде саясый боек бар экенин боолголойт. Анын айтымында, эгерде цифраларга карасак, анда Алматынын ИДПсы чындыгында Кыргызстандын ИДПсынан ашып түшөт. «Казакстан – бай өлкө. Аларда нефти бар жана мамлекет байыды. Бирок бул бардык каражаттар негизинен Алматы, Астана, Усть-Каменогорск сыяктуу чоң шаарларга агылып атат, бирок региондордо жана кичи шаарларда жашоонун абалы бизден төмөн», — дейт ал.

«Мен жакында эле Чуда болдум. Ал жакта чындыгында эле жашоо өтө жакыр, камсыздоо аз, адамдар ачка. Бардыгы жашап кетүүгө гана аракет кылып атышат. Балким чоң шаарларында эл жакшы жашайт, бирок мисалы мамлекеттин түштүгүндө жашоо оор. Казакстанда экономика бир кылка бөлүштүрүлгөн эмес, эгалитаризм, теңчилик, экономиканы тең бөлүштүрүү азырынча жок», — деп билдирет Шаршеев.

Экономист Кыргызстанда жалпысынан жашоонун абалы бирдей экендигин белгилейт. Белгиленген экономикалык теңчилик бар.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: