Иса Өмүркулов: Стратегиялык маселелерди президент чечип жатат, эми өкмөт иштеш керек да

28.03.2016 | Маек

Иса Өмүркулов

ЖК депутаты, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов менен маек.

— Иса Шейшенкулович, эртең 24-март окуясына туура 11 жыл толот экен. Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинин башкаруу жылдарын эске албаганда, 6 жылдан бери мамлекетибизде кандай чоң өзгөрүүлөр болду деп эсептейсиз?

— Биринчиден, мындай суроону берип жатканыңдын өзү эле чоң өзгөрүү десек болот. Себеби, эски бийликтин тушунда журналисттердин бийликке ушундай түз суроону узатуусу кыйын болчу. Сөз эркиндигине кыстоо болуп, бир топ журналисттер куугунтукка алынган. 6 жылдан бери коомчулукта сөз эркиндиги болуп көрбөгөндөй орун алды. Мунун өзү чоң жетишкендик. Эң орчундуу маселе – бул саясый маселе да. Бул маселе азыр талапка жооп берет десек болот. Туура, дале болсо кемчиликтер көп. Ушул жылдары ким нааразы болсо же өз максаттарына жеткиси келсе, айтор өзүн саясаттан татыктуу көрсөткүсү келсе, анда сөзсүз түрдө шайлоого катышуу керек экенин баарыбыз терең түшүндүк. Шайлоо маселеси да мурункуга салыштырмалуу жогорку деңгээлге чыкты. Бул жагынан ишеним бар.  Мен да шайлоочуларга кирем. Кимди депутат кылып шайласак, жоопкерчиликти, элге, мамлекетке кам көрүүнү кимден сурап алабыз деген суроо туулбай койбойт. Андыктан, татыктууларды гана шайлап алышыбыз абзел. Ал үчүн эл өкүлүн эл таанышы керек да. Тааныбагандан кийин, эл менен депутаттын ортосундагы байланыш үзүлүп, элдин үнү угулбай калат да. Эл менен депутаттын ортосундагы байланыш маселеси анча жакшы болбой турат.

— Туура айтасыз. Бүгүнкү күндө депутаттардын басымдуу бөлүгүн эл тааныбайт да…

— Туура. Тилекке каршы, жогоруда мен айткан мисал — бул партиялык системанын кемчиликтери. Анткени, эл шайлоодо кимдин ким экенин ажырата билбей эле жалпы шайлап жатышат.

— Өкмөткө коомчулукта ар кандай нааразычылыктар болуп жатат. Сиз бул маселенин себептерин далилдер менен айтып бере аласызбы?

— Бул маселеден саясат издебеш керек. Бирок, болгонун болгондой айтышыбыз абзел. Өкмөт айтып жатат, бирок айтылгандар жасалып жатабы? Мына маселе ушунда. Мисалы, өкмөт ар бир районго, акимчиликтердин баарына жыл ичинде бир нече ишкана ачуу тапшырмасын койду. Ошол маселе ишке ашып жатабы? Канча киши ишке орношту? Же 3 же 5 адамды ишке орноштуруп, статистика кылып жатышабы? Мунун баарын тыкыр иликтеген, жемишин сураган киши жок. Сураса да, аны элибиз билбейт. Бул бир. Экинчиден, бийик тоолуу аймактардын жеңилдиктерин алуу боюнча сунуш киргизишти. Кышында Суусамырга, Нарынга же Алайга барып жашап көрүшсүн, ошондо бул маселенин төркүнүн толук түшүнүшмөк. Эл буга абдан нааразы болду эле, айла жок токтотушту. Мындан тышкары, машинелерди камсыздандыруу маселеси да токтоп, артка жылды. Ипотека деп чыгышты, ал маселенин шарттарын абдан оор коюп коюшуптур. 12-14 пайыз дейт. Мындай практика дүйнө жүзүндө жок. Ипотека деген — ипотекалык курулуш болуш керек да, өкмөт болсо сатып алабыз деп жатат. Анын үстүнө анын каржылоо булактары жок болгондуктан Социалдык фонддо пенсияга топтолгон каражатты алабыз деп парламенттен сурап келишкенде биз, депутаттар каршы болдук.

Себеби, Социалдык фонд — бул мамлекеттүүлүктү негиздеп турган эң чоң системалардын бири. Эгерде пенсиялык системаны уратып алсак, анда мамлекет урайт! Ипотека маселесин каржылоо булагын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан алуу маселесин да көтөрүштү. Бул да туура эмес. Эмне үчүн ал фонддон алыш керек? Ал фонд ЕАЭСке киргенибизге байланыштуу өндүрүштү колдоп, жумушчу орундарды сактап, бюджетти толтурууга салым кошуп турушу керек. Бул маселеден тышкары, учурда эң кирешелүү “Мегакомду” сатабыз деп турушат. Мисалы, “Кумтөр” компаниясы Ички дүң продукциянын 50 пайыздан ашыгын  берет. Эгер “Кумтөр” кени казылып бүтсө, ал берип келген кирешени кайдан табабыз? Негизи сатыкка банкрот болгон ишканаларды алып чыгыш керек эле. Учурда “Кыргызтелекомду” банкрот кылышты. Пайда алып келбей калды.

— Жакында өкмөт башчыга “Кумтөр” маселеси боюнча жарга такап суроо бергениңиз менен, өкмөт башчы толук кандуу жооп узаткан жок окшойт…

— Туура баамдагансыңар. Чынында эле өкмөттүн берген жооптору мени канааттандырган жок. Себеби, бүгүнкү күндө өкмөт “Кумтөр” маселесине байланыштуу саясаты, туруктуу позициясы жоктугун билдирип жатат. “Кумтөр” боюнча уттуруп жатабыз. Ал тургай, Сатыбалдиевдин өкмөтү 50×50 пайыз келишимин алып чыккан да. Андан кийин Оторбаев иштеди, эч нерсе жылган жок. Азыр Сариев да бул маселени чече албай жатат. Алтын болсо кайра кымбаттады,  демек мамлекет уттуруп жатат.

Башка тармактар боюнча да айтайын. Балыкчы-Корумду жолун куруп бүтүрөбүз дешти эле, бүгүн ал жолду кура албасын айтышты. “Айыл банк” аркылуу жеңилдетилген насыяларды беребиз дешти эле, андай насыяны алгысы келгендер абдан көп, бирок талапка ылайык ала албай кыйналып жатышат. Айтор, жакшы сөздөр айтылганы менен, алардын басымдуу бөлүгү  ишке ашпай турат. Бул жалгыз менин пикирим эмес, көптөгөн шайлоочулардын да пикири. Ал эми ЕАЭСке кирип жатканда атайы комиссияны, макулдашуу, келишимдердин баарын тең Экономика министрлиги даярдаган. Мына ошондогу  өздөрүнүн кетирген кемчиликтеринин азабын эл тартып жатат. Анткени, бул чоң уюмга киргенден бери биздин продукциялар сыртка чыккан жок. Тескерисинче, кошуна мамлекеттердин продукцияларынын көбү бизге келди. Азыр базарларыбызды казактар буудай, ун менен толтуруп салышты. Орусиядан арзан шекер келип жатат. Ошол эле учурда биз өзүбүз өндүргөн кантты, дан эгиндерди сата албай калдык. Өкмөт эт комбинаттарды курдук деп жатат, мейли курсун, бирок абал ушундай болсо этти каякка сатабыз? Малдын да баасы арзандап кетти.  Маселе ушунда. Кыскасы, мунун баары элетте жашаган 60 пайыздан ашык элибиздин жашоосуна көбүрөөк залакасын тийгизип жатат.

— Демек, сиз ЕАЭСтин биз үчүн пайдасынан зыяны көп деп эсептейсиз?

— Пайдасы жок деп кескин айтпайм. Бирок, убагында бул маселе боюнча өкмөт тарабынан жеткиликтүү даярдык болгон эмес.  Стратегиялык маселелердин баарын президент өзү чечип жатат, эми өкмөт иштеш керек да, же аны кичине баладай кылып эле жетелеп жүрө береби?

— Эми кеп нугун сиз башкарган комитетке тиешелүү суроолорго бурсак. Транспорт, коммуникация тармагын өнүктүрүүгө жакшы мыйзамдар жана чоң каражат керек эмеспи. Бул маселе боюнча эмне айтасыз?

— Бул маселе боюнча албетте, президентке баа бериш керек. Өзү каражат таап, түндүк-түштүк альтернативдүү жолун куруп баштады. Бул жол кудай буйруса, бүтсө, үч чоң облусту өнүктүрүүгө шарт түзөт. Бир топ айылдар, айыл өкмөттөр кадимкидей тыңып, бутка турат. Бишкек-Торугарт жолу бүтүп жатат. Бишкек-Кара-Балта жолу, Ош-Исфана жолу, ошондой эле Бишкектеги жолдорго Кытайдан грант түрүндө 350 млн. юань алып келип жатат, мына ушунун баары президенттин эмгеги. Анан эми өкмөт иштеп, ушундай маселелерди талапка ылайык ишке ашырышы керек да.

Эми курулушту айтсак, Республикада 2 миңден ашык мектеп бар. Чынында мектеп курулуштары баш аламан жүрүп жатат. Бул маселе боюнча жок дегенде 5 жылдык план түзүп, ошол боюнча талапка ылайык иштерди аткаруу зарыл. Бир эле мезгилде баарын куруу мүмкүн эмес. Бирок, тиешелүү мекемелер жылына план менен курулуш жүргүзсө, натыйжалуу болмок. Болбосо, популизм кылып, ар  кайсы жерде мектептерди баштап же аягына чыгарбай келе беришкен. Жылына 3 млн., 5 млн. сом бөлүп, курулушту 10-15 жылга чейин созуп жатышат. Быйыл дагы капиталдык салымдар боюнча көйгөйлөр бар.

— Жакында эле Бишкектин мэри шайланды. Сизди да кайра болсун дегендер көп болду. Сиз болсо, унчуккан жоксуз. Же жылуу-жумшак, көйгөйү аз депутаттык жакшы дедиңизби?

— Биринчиден, бул маселе боюнча мага эч ким сунуштаган жок. Өзүм иштейм деп да айткан жокмун. Экинчиден, мен мэр болуп 4 жылдай иштедим. Мен мэрликке келгенде такыр башка мезгил болчу. Белгилүү окуялардан кийин шаар талоонго түшүп, өрттөнүп, жер басып алуулар болуп турган. Бар күчүмдү, билим-тажрыйбаны пайдаландым. Албетте, бааны эл берет. Эми жаңы көз караш, жаңы күч менен башкалар да иштесин. Тилекке каршы, буга чейин иштеген Кулматов өзү да кыйналды, шаарлыктарды да кыйнады. Жаңы мэр менен тааныштыгым бар. Өндүрүштө иштеген жигит.

— Жаңы мэр кайсы тармакка көбүрөөк көңүл бурушу керек?

— Мен акыл үйрөткөндөй болбоюн. Бирок, шаарда бир топ көйгөйлөр бар. Маселен, жаңы конуштардагы көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бөлүп: мыйзамсыз үйлөрдү мыйзамдаштыруу, бир топ жаңы конуштарды шаарга кошуу, коммуникациялар, транспорт, жол, жолдордогу тыгын маселелерин чечиши зарыл. Шаардагы жолдорго, мектеп, бала бакчалардын салынышына да каражат сарпташы абзел.

— Биздин гезит аркылуу мындан 1 ай мурун ЖКнын экс-депутаты Нарынбек Молдобаев мэрия тыгын көп болгон, чоң бизнес, соода борборлорунун жанынан жер маселесин чечип берсе, өз каражатына бери болгондо жер алдында 3-4 кабаттуу машине токтотуучу жайларды курарын, андан тышкары Бишкектеги электр лампалардын баарын заманбап, үнөмдүү, күчтүү жарык берген лампаларга алмаштырарын айтты эле. Мэр бул маселени колдош керекпи? Же мунун баарын кыска убакытта мэрия өзү жасай алабы?

— Кыска убакытта жасоо абдан кыйын. Нарынбек Молдобаев абдан жакшы сунуш айткан экен, демек мэрия бул сунушту, шарттарын карап чыгып, сөзсүз түрдө талапка ылайы иш жүргүзсө, жыйынтыгы жакшы эле болот деген ойдомун. Мен мындай маселени колдойт болчумун. Чынында шаардагы электр лампалар боюнча көйгөйлөр бар. Бул маселени мен колго алып, иштерди баштагам. Мен мэр болуп келгенде шаарда борбордук башкаруу пульт да, коомдук жана билим берүү мекемелерде электр энергияны эсептегичтер да жок болчу. Мындайча айтканда, дүңүнөн эсептеп келишкен экен да. Шаар боюнча 100дөгөн подстанцияларды коюп, айтор электр энергия маселесин толук эле чечкенбиз. Эми шаарды жарыктандыруу маселеси боюнча ушундай жакшы сунуштар болуп жатканда, ал сунушту колдоп, шарттарды түзүп берүү керек.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: