Иса Өмүркулов: КСДП президенттике сөзсүз өз талапкерин чыгарат

07.02.2017 | Маек, Саясат

Иса Өмүркулов

— Иса Шейшенкулович, жа­ңырган жыл башында баар­лашып жатабыз. Алгач, быйылкы жыл сиздин көз карашыңызда жалпысынан кандай болду, мына ушул тууралуу айтып берсеңиз?

— Элибизде: “Өткөн жылды, жа­ман деп айтпайт” деген кеп бар. Ансыңарындай, быйыл мамлеке­тибизде бир топ чоң тарыхый, ор­чундуу саясый окуялар болду. Эң башкысы стабилдүүлүк бекемде­ген жылдардын бири болуп калды. Эч жерде ызы-чуу болгон жок. Бул көрүнүштүн өзү элибиз үчүн эң чоң байлык. Себеби, тынчтык болсо, талаш-тартыш, ызы-чуу болбосо дүйнө эли кызыгып, биздин мам­лекетке чоң инвестициялар келет. Бул — элибиз үчүн чоң жеңиш. Жыл бою референдум, Баш мыйзам жө­нүндө кызуу сөз кылдык. Бул масе­леде абдан ачык-айкындуулук орун алып, каалаган адамдар каалаган топко кирип, өз пикирин билди­ришти. “Макул” деген, “Каршы” де­ген да топтор болуп, сөз эркиндиги өз деңгээлинен ашып турду десек болот. ЖМКнын баардык түрлө­рүнөн, социалдык баракчалардан коомдук уюмдар, активисттер то­лук талкууга алынды. Мунун баары биздин жарандарыбыздын кандай маселе болсо да кайдыгер карабас­тыгын билдирди. Андан тышкары, Жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өттү. Мен мекеним де­ген патриоттор депутат болуп ке­лишти деп ишенем, жакшы иште­шет деген үмүтүбүз бар. Кийинки 5 жылга болгон өнүгүү кадамда­рыбызга шарт түзүп, салым кошо тургандар да ушулар. Ошондой эле, быйылкы тарыхый окуяларды уч­кай айтсак, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун, Үркүндүн 100 жылдыгын, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын да жогорку деңгээлде өткөрүп алдык. Үркүн окуясы кыргыз элинин та­рыхындагы кара так, миңдеген ата­ларыбыз, апаларыбыз көз жумган. Ал окуяга эстелик коюлуп, Путин­дин өзү келип гүл коюуп, орус эли­нин каргашалуу окуяны колдобого­нун, кезегинде ал ката иш болгонун билдиргендей болду. Көчмөндөр оюну менен биз Кыргызстанды дагы бир ирет дүйнөгө даңазалап алдык, ушул оюндан соң Кыргыз­станды тааныбаган өлкөлөр таанып, бизге кызыгуусу артып, бизге келип жатышат. Мунун өзү биздин алдыга таштаган стратегиялык кадамдары­быздын бири.

Ал эми экономика тармагын ал­сак, оңой болгон жок. Чынында ба­тыш мамлекеттеринин Орусияга койгон санкциялары, чектөөлөрү­нүн кесепети бизге да тийип жатат. Биздин мамлекет эле эмес, коңшу мамлекеттерге да залакасы тийди. Себеби, баары туташ болгондук­тан ушундай болуп турат. Ошент­се да, биз баарынан азыраак зыян тарттык. Эконмикабыздын негиз­ги нугу, негизги багыты сакталып, түз жолдон тайган жок. Ушул жол менен социалдык, коммуникация­лык, инфраструктуралык көйгөй­лөрдү акырындык менен чечебиз. Бир жакшы көрүнүштү белгилеп кетейин. 2016-жылы чоң кадам таш­талды. Айтсак, республика боюнча 225 мектеп куруу пландалып, анын бир тобу ишке ашып жатат. Союз учурунда бир жылда мынча мектеп курулган эмес. Мектеп маселесине Жер үйдөн түшкөн 100 млн. доллар толугу менен сарпталды. Ошондой эле, былтыркыдай таза суу көйгө­йүн чечүүгө грант, инвестиция тар­туу буга чейин болгон эмес. Бул ка­дамдар биздин мамлекет үчүн чоң ийгилик. Эмки жылдан баштап жүз­дөгөн айылдарда таза суу көйгөйү чечиле баштайт.

— Бишкек шаардык кеңеши боюнча КСДП фракциясы 2012-жылы 21 мандат алса, бул жолу 13 эле мандатка ээ болду. Бул биринчиден бий­лик тарабынан админист­ративдик ресурстардыкол­донбогонунан кабар берет десек болот го… Бул боюнча эмне айтасыз?

— Менимче, акыркы кездери конкреттүүлүк күчөдү. Бир топ партиялар болгон мүмкүнчүлүктө­рүн жумшап, ага жараша натыйжа­га жетишти. Мыйзамга туура кел­бей турган нерселер да орун алды, маселен “подкуп” болду десек бо­лот. Бул көрүнүштү эл жакшы эле байкады. Демек, жокко чыгарба­шыбыз зарыл. Бул ыкма дагы таа­сир берди. Ал эми биздин партия мындай ыплас нерседен дайыма алыс болуп келген. Мен өзүм 2012- жылы мэр болуп турганда дагы ад­министративдик ресурстарды кол­донбоого, мыйзамсыз кадамдарды ишке ашырбоого аракет кылып, жакшы шарттарды түзүп бергем, менимче ошондо биз көбүрөөк до­буш алганбыз.

— Партиянын аброюна бай­ланыштуу болуп калды де­ген сөздөр да айтылууда…

— Тизмедеги адамдардын да таа­сири болду. Алардын кандайдыр бир нерсеге ишенип, жакшы ише­нип алгандыгы болду. Өзүнө ише­нип алуу да көп жакшы натыйжа­сын берген жок.

— Кийинки жылы жазда пар­ламент өз мөөнөтүнөн му­рун тарап кетиши мүмкүн экени айтылууда, бул кеп канчалык деңгээлде реал­дуу? Бул маселени сиз баа­рынан жакшы билсеңиз ке­рек…

— Референдум маселеси өзү не­гизинен эки маселеден турду. Би­ринчиси: Башы мыйзамга өзгөр­түүлөр жана толуктоолор боюнча, экинчиси кабыл алынган соң, аны колдонуу тууралуу. Парламентти жалпы эл шайлаган, Президент аны колдогон. Андыктан аны таратууга юридикалык негиз жок. Парламент жакшы иштеп, депутаттар элдин колдоосуна татып, элдин үмүтүн актап турса, аягына чейин иштейт деген ойдомун. Ал эми эл өкүлдөрү элге жакпай, өздөрүнүн жеке кы­зыкчылыктарынын камын көрүп кетишсе, андай көрүнүш парла­ментке эч кандай аброй алып кел­бейт, аягы да жакшы болбойт.

— Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамдагы беренелердин көбү 2017-жылдын 1-декаб­рында күчүнө кирет деген­ди коомчулук ар кандай тү­шүнүүдө, бул боюнча эмне дейсиз?

— Борбордук шайлоо комиссия­сы референдумдун жыйынтыкта­рын расмий түрдө жарыяланган соң, анан 15 күндүн ичинде ага Президент кол койсо, күчүнө ки­рет. Баш мыйзамдын 26 беренеси өзгөрдү да, эми анын 5 беренеси 2017-жылдын 1-декабарында кү­чүнө кирет. Ушундай чечим кабыл алынган. Калган беренелер боюн­ча расмий түрдө кол коюлган соң колдонула берет. Бирок көп бере­нелер боюнча Баш мыйзамдын не­гизинде мыйзамдарды кабыл алуу керек. Жогоруда айтылган 5 берене боюнча айтсак, биринчиси: көпчү­лүк коалициядан чыга турган болсо, коалициянын 2ден кем эмес добу­шу жана токтомдун алдына баары тең кол коюшу керек. Экинчиси: коалиция тарап кетсе, спикер да өз ыйгарым укуктарын кайрадан бы­шыкташы керек. Үчүнчүсү: өкмөт башчынын министрлерди кызмат­тан алуу жана дайындоо боюнча бе­рене. Төртүнчүсү: Президент салык боюнча бюджетке сөзсүз кол коөт, эгер өкмөттүн сунушу болсо кайра кайтарылат деген берене. Бешин­чиси: депутат премьер-министр, же биринчи вице-премьер болуп кетсе, депутаттык мандатын сактап калат. Демек кызматтан кеткен соң, кайрадан депутат болуп кала берет.

— Оппозициялык маанайда­гы адамдардын айрымдары референдумду бийлик жал­пы добуш берүүчүлөрдүн 50 пайызы эмес, 30 пайыз менен өткөрдү деген кине­лерди айтып жатышат, буга чынында мыйзам жол бе­рет да..

— Туура. Мыйзам жол берет. Ре­ферендумга жалпы шайлоочулар­дын 30 пайызы макул деп добуш берсе, референдум өттү деп эсеп­телинет. Бул жолку шайлоо жана референдумга 42 пайыз жарандар катышты, анын 79, 5 пайызы кол­доду, 15 пайызы каршы болду, жа­раксыз бюллетендер да болду. Бул туура, реалдуу көрсөткүч.

— Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча пикириңизди ук­сак…

— Азыр өкмөттүн алдында оңой эмес көйгөйлөр турат. Биринчиден экономиканы көтөрүп, өкмөттүн киреше булактарын көбөйтүү ж.б. ЕАЭСке кирүү маселесине мурунку өкмөт жакшы даярдык көрбөгөнү­нүн азабын тартып жатат. Мисалы, азыр Орусияга айыл-чарба азыкта­рын өткөзө албай кыйынчылык жа­ралып турат. Андан тышкары, биз­дин өлкөгө сырттан күйүүчү майдан тарта бир топ товарлар контрабан­далык жолдор менен кирип кетти. Мунун баары терс таасир берди. Азыр өкмөт ушул көйгөйдүн үс­түнөн иштеп жатат. Мен ишенем, өкмөт жакынкы айлардан баштап ушундай көйгөйлөрдү чечип, таты­накай иретке келтирет деген үмүтүм бар. Көйгөйлөр болуп келген, боло берет. Бюджеттин чыгымдары жыл­дан-жылга көбөйө берет, бул жак­шы. Себеби, бизде мурунку жыл­дарга салыштырмалуу ар кандай социалдык мекемелер, жол, ком­муникациялар курулууда.

— Тышкы карыз боюнча ою­ңузду уксак. Каржы ми­нистри дагы 500 млн. дол­лар карыз алышыбыз керек дегени көпчүлүккө жак­пай турат, эксперттер болсо тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 60 пайызына жа­кындап калды деп коңгуроо кагып жатышат…

— Дүйнөдө көптөгөн мамлекеттер, дээрлик бүт өлкөлөр ошондой сырт­кы карыздардын эсебинен жаша­шат. Бир, эки мисал айтайын. Өнүк­көн Япониянын тышкы карызынын көлөмү ИДПсына салыштырмалуу 219 пайызды түзөт.Американыкы 118 пайызды түзөт. Казакстанды­кы 80 пайыздан ашат. Италияныкы 79 пайыздан жогору. Ошондуктан биздин мамлекетке 60 пайыз анча­лык жогорку көрсөткүч эмес. Не­гизинен батыш мамлекеттери бүт эле насыяга жасашат. Биз сырттан насыя албай койсок деле болот. Би­рок түндүк-түштүк альтернативдик жолун, «Датка-Кемин электр ли­ниясын, ГЭСтерди, жолдорду кай­сы акчага курабыз? Анда эч нерсе курбай олтура берелиби? Сырттан карыз алуудан коркпошубуз керек. Болгону ал сырттан алынган акчаны максаттуу пайдаланып, конкреттүү багыттарга сарптап, ар кандай жеке кызыкчылыктарга жол бербей, кө­зөмөлдү күчөтүшүбүз зарыл. Мына ушул жагына басымды күчөтпөсөк болбойт.

— Президенттике талапкер болуп, такталып жаткандар­дын саны барган сайын өсө баштады. Бийлик өзү бир нече адамды алып чыгат, анын бири Иса Өмүркулов болуп калышы мүмкүн де­ген божомолдор айтылууда. Бул кепти өз оозуңуздан ук­сак…

— Президенттике жалпы эл менен бирге: тажрыйбасы мол, билим дең­гээли жогору, кыраакы, иш билги адамды жаңылбай тандап алышы­быз керек. Анткени, кийинки 6 жыл мамлекет кайсы жол менен кетет, өнүгүүсү канда болот деген суроого мен эле эмес, жалпы коомчулук кай­дыгер карабай, акыл калчап турат. Бизде саясый партиялар көп, андан тышкары да мен-мен деген жигит­тер да арбын. “Күлүктөн күлүк ашса, төр аягы тыбырайт” дегендей, эли­биз эч кимге алданбай, сатылбай акылмандуулук кылып, эң татык­туу, эң патриот адамды Президент кылып шайлап алат деген ишенич­темин. Мен да ошондой адамга до­буш берем. Ал эми КСДП да өз та­лапкерин сөзсүз көрсөтөт.

— Ал талапкер ким болушу мүмкүн?

— Эми аны убакыт көрсөтөт да…

— 2017-жылы мамлекетке, элге өзүңүзгө эмне күтөсүз?

— Келаткан жаңы жылда ал­бетте биринчиден мамлекетке ту­руктуулукту, тынчтыкты күтөм. Өнүгүүнү, өсүүнү күтөм. Бизде эң негизгиси туруктуулук бекем болуп турса, өнүгүү да болот. Чынында 2017-жыл оңой -олтоң болот деп айтып, кепилдик берүү кыйын. Жа­шоо деген — бул күрөш. Андыктан бүгүнкү күндө атка минерлердин баары тең “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” ынтымакта­шып иштешибиз керек. Бири-би­рибиз менен касташпай, бирибизге бирибиз упай топтобой, элди ой­лоп, түз, ак иштейли деген тилекти айткым келет.

Ар бир үй-бүлөгө, жакындарына, деги эле жалпы эле элибизге тынч­чылык, молчулук, бакубат жашоону каалайм.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: