“Ипподром бизге дагы көп жыл кызмат кылып берет”

36176998_1572579762870381_2520173005544357888_n

2016-жылы 5-августтан 21-августка чейин Рио-де-Жанейродо Олимпиадалык оюндар болгон. Андай дүйнөлүк масштабдагы иш-чараны өткөрүүгө мамлекет акыркы акчаларын кетирип, ал массалык башаламандыкка алып келген. Жарым жылга жетип-жетпей оюн өткөн стадиондор талкаланып жок болгон.Олимпиада – масштабдуу спорттук иш-чара. Ар 4 жыл сайын оюндар ЖМК өкүлдөрүнүн көӊүл чордонунда болуп, бул чоӊ иш-чарага дүйнөнүн төрт тарабынан делегациялар өздөрүнүн сүйүктүү командаларын колдогону келишет.Кыргызстанда андай олимпиадалык оюндар бир да жолу өткөн эмес. Бирок, ар бир 2 жылда Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары өтүп турат. Олимпиадалык оюндар сыяктуу эле бардык мамлекеттерден өздөрүнүн командаларына күйөрмандык кылып өкүлдөр келишет, алар менен кошо туристтер да келишет. Бул иш-чараны өткөрүш үчүн Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкция кылышты. Тактап айтканда, ал ипподромду кайрадан жаӊы салышты. Курулуш компаниясы аны 2016-жылы 8 айда куруп, ипподром азыркы күнгө чейин популярдуу болуп келет. Ипподромдун алгачкы курулуш проектиси 487 млн сом болсо, кийин ал 1,1 млрдга чейин көтөрүлгөн.Көчмөндөр Оюндарынан кийин өлкө ал ипподромду карабай койгон жок. Ал жакты кызматкерлер кышы-жайы карап турушат. Жакынкы аралыкта эле ипподромдун дубалдарынын кейпи келишкен сүрөттөрү интернетке чыкты. Бирок обьекттин директору Эламан Мамытовдун айтымында ипподром 3-Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даяр жана абалы мыкты экен. “Сиздер өзүӊүздөр көрөсүздөр. Интернетке кайсы сүрөт чыгып кеткенин билбейм, бирок биз бардык кызматкерлер ипподромдун абалын мыкты боюнча сактаганга аракет кылабыз. Биздин ипподром бардык эл аралык стандарттарга туура келет. Ошондуктан биз мыкты сактаганга аракет кылабыз. Көчмөндөр Оюндарынан сырткары бул жакта өлкөбүздөгү ири иш-чаралар да өтүп турат. Ошондуктан, бул ипподром көп функциялуу, универсалдуу деп айта алам. Мисалга алсак, ат чуркаган жолдо фиброволокна төшөлгөн. Узундугу 1800 метр. Мындай ат үчүн төшөлгөн жумшак жолдор КМШ мамлекеттеринин бир да өлкөсүндө жок. Мындай жолду кармоо күнүмдүк кароону талап кылып, аны такай нымдуу кармаш керек. Андан сырткары биз ипподромдун айланасын жашылдандырып турабыз. Учурда кызматкерлер бул жактарды мыкты карап, үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына даярданып жатабыз. Дагы кошумчабыз бар, мисалы техниканы сактаганга ангар курсакпы деген ой бар. Бирок ал, Көчмөндөр Оюндарына эч тиешеси жок” – деди.ippodrom-CHA-1021x580

Андан кийин интернеттеги сүрөттү көрүп, ал чындыгында ипподромдун дубалы экенин, бирок ал дубалды курулуш компаниясы ремонттогонун кошумчалады. “Курулуш компаниясынын эгер керек болуп калса жыл сайын ремонт иштерин жүргүзүп туруу милдеттенмеси бар. Ипподромду курган курулуш компаниясы өзүнүн ишин сапаттуу аткарган. Менимче, керектүү кам көрүүдө ипподром бизге дагы көп жыл эмгек кылып берет”  — деп түшүндүрдү. Мамлекеттик ишкана мамлекеттен акча албай, чарбалык эсепте болгондугуна байланыштуу, ипподромдун камсыздоого персонал өзү табыш керек. Бирок, бул жылы Дүйнөлүк Көчмөндөр  Оюндарын өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 10 млн. сом сурашты.“Бул акчалар оюндарга жогорку деӊгээлде даярданууга керектелет.Электроэнергия жана башка чыгымдарды төлөө үчүн бул сумманы сурадык. Мындай сумманы быйыл эле сурап жатабыз, мурунку жылдары өзүбүздүн чыгымдарды өзүбүз элетөлөп жүргөнбүз. Былтыр ипподромдун чыгымы 12 млн. сом болгон. Башкача айтканда айына 1 млн. сомго чукул акча керектелет. Электроэнергия, коммуналдык төлөмдөргө көп акча кетет. Андан сырткары транспорттук чыгымдар, кызматкерлердин айлык акысы, ипподромду кайтаруунун акысы да бар. Негизинен кызматкерлердин айлыгы 6 миӊдин тегереги болот, колдоруна 4 миӊдей алышат. Бул эӊ минималдуу айлык акы” – деп кошумчалады. 36188156_1572536449541379_9180335506771148800_nБылтыр ипподромдо ар кандай иш-чаралар өттү. Мисалы, эстрада ырчыларынын концерттери, ат оюндары өттү. “Биз үчүн кирешелүү айлар июль менен август айлары. Бул айларда биз өзүбүздү бага турган кирешени таап алышыбыз керек. Жакынкы аралыктарда биздин ипподромдо дүкөндөрдү ачалы деп жатабыз. Андан сырткары  кол өнөрчүлүк борборун ачып, концерттерди өткөрүп, анан эӊ башкысы океанариум ачууну пландоодобуз. Алдыдагы пландарыбызда шапито циркин чакыруу да бар. Кирүү акысыз. Чыгымдарыбызды кичине болсо да жабалы деп былтыр кирүүгө 50 сомдон алдык. Быйыл болсо биздин атайын аянтчаларды ижарага берели деп турабыз” – деди Мамытов. Таластын тургуну Күмүшбек Алымкуловго ипподром абдан жагыптыр. Анын айтымында мындай ипподромдорду Кыргызстандын бардык аймактарында куруш керек. “Бул ипподром Кыргызстандагы эӊ биринчи жана заманбап ипподром. Бул абдан кооз жана чоӊ. 10 миӊдей киши батат. Бизде мындай мыкты жай болгондугуна мен абдан кубанам” – деди ал.

 

 

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: