Хабибулла Арзыкулов: 2016-жылы фонддун эсебинен 10 млн. сом жардам көрсөттүк

10.05.2017 | Маек

“Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабибулла Арзыкулов менен фонддун алып барган иштери туурасында кенен маектешип кайттык.

Хабиб Арзыкулов жана Аваз Алиев

— Хабибулла мырза, “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун негизги максаты туурасында маегибизди баштасак?

— Биздин негизги максат — биздин жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте иш алып баруу. Жалпы Кыргызстандын ишкерлери Кыргызстандан акча таап жаткан болсо, өз пайдасын кайрымдуулук үчүн бөлүшүш керек, кээ бир ишкерлер да ошентип ойлошот. Башка улуттун өкүлдөрү менен иштешебиз, алар да биз Кыргызстандан пайда таап жатабыз, кайрымдуулук үчүн пайдам менен бөлүшөйүн деп калышат. Жетим балдарга жардам берип жатабыз. Бирок, эртеңки күнү ал ишти саясий же диний максатта колдонобуз деген ниетибиз жок. Келечекте ал балдар өлкө үчүн кызмат кылсын, эң оболу өзүнүн үй-бүлөсүн тың багып кете тургандай болсун, өзүнүн жашоосуна тың болсун деген ниетибиз бар. Биздин фонддун ачылганына 8 жыл болду, ушул 8 жылдын аралыгында жетим балдардын көйгөйү эң орчундуусу экен. Ошондуктан жетим балдар менен көбүрөөк иштеше баштадык. Азыр 12-кичи райондогу №71-мектеп-интернаттагы 200 баланын бардык чыгашасы биздин мойнубузда. Окуу куралдары, жайкы эс алуу, дары-дармектери, театр деген сыяктуу жерлерге алып барып турабыз. Мугалимдерге да кошумча төлөп сабактан жетишпегендерге кошумча кесиптерге сүйлөшүп окутабыз. 18 жашка чейин бала бир кесип менен алек болуп өзүнүн оокатын өзү кылыш керек. Статистика боюнча интернаттын балдары кылмыштуулукка аралашып кетсе, кыздары сойкулукка аралашышат экен. Ошондуктан, биз камкордукка алган балдарыбыз кийин окууну бүткөндө колдору билип, турмушуна тың болуп чыкса, андай ыплас жолдон алыс болсо деп тилек кылып жатабыз. Эгер жогорку окуу жайына бюджетке өтө албай калса демөөрчү таап келишимдик түрдө окууга өткөрөбүз. Мен балдарга “Көп китеп окусаңар, көбүрөөк изденсеңер иш силерди издеп келет”- деп айтып турам.

— 200 баладан сырткары сиздердин толук камкордугуңуздарда дагы канча бала бар?

— Азырынча 200 бала, Арча-Бешикте дагы интернат ачтык. Документациясы бүтүп калды. Ал жерге 40 бала алабыз. Эгер мүмүкүнчүлүгүбүз жетсе, Кыргызстандын ар бир облусуна андай интернаттарды ачсак дейбиз. Бирок, жетим балдардын санын көбөйтүү эмес, ушул учурдагы көйгөйдү жеңилдетүү. Көпчүлүк мигранттардын балдары да азыркы учурда ата-эненин мээримин көрбөй өсүп жатышат.

— Демөөрчүңүздөр кимдер? Себеби, сиздердин демөөрчүңүздөрдү көптөр түрк улутунун өкүлдөрү деп жүрүшөт?..

— Мен өзүм Себат лицейинен бүткөндүктөн түрк жана англис тилдерин жакшы билгендиктен түрк улутунун өкүлдөрү менен да барып иштеше берем. Бирок, негизги демөөрчүлөрүбүз кыргыздын чыгаан ишкер уул-кыздары. Арада өзбектер, уйгур улутунан да демөөрчүлөрүбүз бар.

— Кайрымдуулук фонддор абдан көбөйүп кетпедиби, жардам сурап барсаңыз жактыра бербегендер болобу?

— Албетте, беш кол тең эмес. Демөөрчү да дайыма бере бербейт. Мени көрүп качкандар бар. Кээде мени “Маданияттуу рэкет” келе жатат деп тамашалап калышат. 3 түрдүү ишкерлер бар. 1-түрү бал аарысы бал кылат, балымды алып коёт деп бал кылбай койбойт, бал жасай берет. Сурабасаң деле алып келип берет. Сюрприздер көп болот. Машинасынын ачкычын алып келип бергендер да болот. 2-түрү губка сыяктуу. Түшүндүрөсүң, анан берет. 3-түрү таш сыяктуу, түшүндүрмөк турсун эмне кылсаң да кайрымдуулук үчүн эч нерсе чыкпайт. Биз баары менен иштеше беребиз. Биздин ар бир айда бир акциябыз бар. Кийим таратабыз десең кийим алып келет, экинчи ирет жаңысын, кийин акча берет, ошентип кайрымдуулук маданияты өсөт.
Биздин фондду Жаш Ишкерлер Ассоциациясы ачкандыктан, алгач ал жерде иштедим. Ал жердеги кызматым мүчө табуу болчу. Мен ишкерлер менен жакшы иштешкендиктен мени фондго директорлукка алышкан болчу. Ал жерде азыр миңге чукул мүчө бар, алардын баары менен иштешем. Биз коммерциялык эмес уюм катары катталганбыз. Дагы деле андай мыйзам ишке аша элек. Келген каражаттын 98%ы кайрымдуулукка жумшалып, 2 пайызы административдик чыгымдарга кетет. А бизде болсо жүз пайызы кайрымдуулукка кетет. 2 пайыз менен эч бир кайрымдуулук фонд жашап кете албайт. Дүйнөлүк стандартта фондго түшкөн каражаттын 50 пайызга чейинки суммасын колдонгонго уруксат берет. Россияда, Түркияда 30 пайыз, Европада 80 пайыз уруксат берилет. Мен чет мамлекеттеги кайрымдуулук фонддордун иш тажрыйбасын көрүп келип жатам. Азыр бизде миңге жакын кайрымдуулук фонд ачылыптыр. Иш жүзүндө 2-3 гана фонд иштейт. Калганы 2 пайыз менен иштерин алып бара албай калат. Түрктөрдүн, арабдардын фонддору иштеп жатат, алар даяр акчаны алып келип эле таркатып жатат да. А биз болсо ар кандай акцияларды уюштуруп, демөөрчүлөр менен өз алдынча иш алып барып, отчётун берип жатабыз. Жасаган иштерибизди көрсөтүп турабыз.

— 2016-жылы канча суммада жардам бере алдыңыздар?

— Фонддун жеке эсебинен 10 млн. сомдун тегерегинде жардам бериптирбиз. Бирок, эсепке кирбеген жардамдар андан да көп болду. Биздин башкаруу кеңешибиз бар. Алар биздин бухгалтерияны тыкыр изилдешет. Элден топтолгон каражат жүз пайыз элге берилет. Ал эми биздин айлыгыбызды ЖИА берет. Бир курман айттын акциясында эле 1 млн. долларлык акция жүрөт, миңдей бука соёбуз. Курмандык сойгусу келген киши бука, коюн союп биздин берген тизмебиз менен эттерин биз берген даректерге жеткирип беришет. Орозодо деле 200 миң долларлык акция жүрөт. 5000 кишиге миң сомдук азык-түлүк жетет. Биздин кассага кирбей көп акча айланат. Мага ишкерлер чалып, мага интернат, майыптар үйүн бериңиз, муктаждыктарын сиздердин фонддун атынан алып барып берейин дешет.

— Жардам берүү аудиторияңыздар кандай?

— Биз негизинен жалпы жардам беребиз. Эң маани берген тарабыбыз жетим балдар, кедей адамдар, ооруп операцияга муктаж инсандар (аларга да лимит бар, 2 миң долларга чейинки жардамды гана бере алабыз),карылар үйлөрү анан майыптарга колдон келген жардамдарыбызды берип келебиз. “Бир демөөрчү – бир окуучу” деген долбоордун алкагында 160 балага демөөрчү таптык. Активист, диаспоралар менен иштешип, кылган иштерибиздин отчётун жөнөтүп жатабыз.

— Аваз Апиевдин сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп жатыпсыздар?

— Сүрөтчү тарыхта бааланбай келген. Аваз байке да өзү сунуш кылып келди. Мен чет мамлекеттердеги сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келдим. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсүмүн. Алгачкы болуп, силердин фонд менен биргеликте кайрымдуулук жасайын, көргөзмөмдү уюштуруп бербейсиңерби деп калды. Байкенин эмгектери 500 доллардан 5000 долларга чейинки сүрөттөр экен. Көбүнчө Казакстандан алып кетишет экен. Байкенин эмгектерин Казакстандан атайын бир ишкер келип 15 сүрөттү 4400 долларга алып кетти. Сүрөткө кызыгат экен. Мурда да Аваз Апиевдин сүрөтүн алып жүрүптүр. Менин канчадаган иштер тааныштарым бар. 300-400 ишкерди чакырсам 20га чукулу келип бирок алышкан жок. Аваз Апиев байкени таанытып, сүрөтүн сатып берип жатабыз, анан байке чыныгы эмгеги менен жетим балдарга жардам берип жатат эң негизгиси ушул.

— Атыңызды го чыгарып алдыңыз, саясатка аттануу тууралуу оюңуз барбы?

— Ал ойдон алысмын. Саясат эң жакшы адамды кара пиар менен өтө жаман адам кылып коюп жатат, же болбосо жаман адамды жакшы кылып коюп жатат. Мага партиялардан келип сунуштагандар болду. Өзүңдүн аудиторияңды тарт, биз сага орун беребиз, акчаңды да албайбыз дешти. Ал нерседен алыс болдум. Мен фонддун жөн гана жетекчисимин. Мени жогору жакта көзөмөлдөп тургандар дар. Кандай иш кылсам башкаруу кеңеш менен кеңешип кылам. Болгону, бардык кылган иш чарам, биринчи Кудай ыраазычылыгы үчүн, экинчи кайрымдуулук маданиятын бир аз болсо да жогорулатуу.

— Өзүңүз кандай үй-бүлөдө чоңойгонсуз?

— Орто үй-бүлөдө чоңойдум. Эл катары кой кайтарып, кара жумуштарды кылып эле чоңойдук. Өзүм түрк лицейин бүттүм. Азыр кайрымдуулук иштерин кылып жатканымды көргөн апам, “ар кимге барып суранбай эле өзүңдүн кесибиң менен иштесең жакшы болмок”, — деп калат. “Бул ишти биз жасабасак, ким жасайт”, — деп түшүндүрөм. Биз түрк лицейде окуп жүргөндө түрк улутундагы тарбиячыларыбыз Кыргызстанды силерден башка эч ким жакшы өнүктүрбөйт, жакшы окуп өнүктүргүлө. Убагы келгенде биз кетебиз, а силер каласыңар деп көп айтышчу. Алардын кабинетине киргенде Турциянын желеги илинип турса абдан намыстанчумун.

— Ар кандай тагдырларга туш келип, иштешесиздер да, ыйлаган учурларыңыздар болдубу?

— Ооба, башында андай учурлар толтура болду. Кийин психологдор менен иштеше баштадык. Алардын деңгээлине түшө берсеңер, 2-3 жылдын ичинде алардын кейпине өзүңөр түшүп каласыңар, өзүңөрдү колго ала билгиле, кайра силер өзүңөрдүн деңгээлине аларды чыгарышыңар керек дешти. Жумасына 50 киши кайрылат. Алардын ар биринин тагдыры ар башка жана кейиштүү. Кечинде башың чыңалып чыгат.

Төлөбүбү Касымалиева


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: