Гүлсина Чотонова, режиссер: «Ырдайм» деп ойлочу эмесмин”

10.05.2018 | Маданият

18121180_1956662991228355_5612691521163577640_o

“Арноо концертин” кимдер гана көрүп, кимдер гана укпаган. Илгерки көрсөтүү болгону менен азыркы күнгө чейин актуалдуулугун, популярдуулугун жогото элек. Биз билгендей сын жазуу эӊ эле оӊой жанр болгону менен каалоо-тилек жазуу журналистикадагы кыйын жанрларга кирет. Себеби, бир куттуктоо экинчиге окшошпой, ошол эле учурда уникалдуу болуш керек. Арноо концертине режиссерлук кылып гана тим болбостон, чыгармачылыкта эки чылбыр бир тизгинди колуна алып, кино тармагында да опол тоодой орду бар, мыкты ролдорду жаратып элдин жүрөгүнөн түнөк таап, эми ырчылык жагынан да атагы чыга баштаган Гүлсина Чотонова эже менен чыгармачылыгы туурасында кенен баарлашып кайттым.

—        Гүлсина эже, былтыркы жылы кино жаатында кандай ийгиликтерди жараттыӊыз? Быйыл эмнелерди пландап жатасыз?

— Рахмат. «Ийгилик» жараттым дегенден алысмын. «Шекспирден тартып Достоевскийге чейин рух шаалары “Адамдагы адамдыкты издеген”… Качан гана биз адамдын жан дүйнөсүндөгү асылдуулукту, адамдагы адамдыкты сактап калганыбызда гана глобализация процесси пенде жашоосунун келечегине суроолуу чакырык таштабайт. Менин оюмча, бүгүнкү сүрөткер, көркөм интеллектуал милдети адам табиятындагы руханий башталышты сактап калууда турат… Ал эми; эл, жер, өлкө деген түшүнүктөрүбүз бүгүн курулай кыйкырыкка, жылаңач сүйүүгө, көкүрөк каккан патриотизмге муктаж эмес.» деп айтканы бар, ааламдын рух  алпы, ойчулу-Ч.Айматовдун. Бүгүнкү күндөгү сүрөткер, көркөм интеллектуал, режиссер, КР Эл артисти Г.Базаров 2017-жылы, жогоруда айтылгандай; адамдын жан дүйнөсүндөгү асылдуулукту, адамдагы адамдыкты сактап калуу көйгөйүн көтөргөн, КР Эл жазуучусу М.Гапаровдун “Туздуу чөл” аттуу пьесасынын негизинде, касиеттүү Ысык-Көлүбүздө «Туздуу талаа» аттуу көркөм тасма тартты. Эгемен калкыбыздын Эл артистери: М. Алышбаев, Н.Мамбетова, З.Сооронбаев, Ж.Сыдыкбекова, С.Карабаев жана жаш актер жигит Улан Султангазиев анан мен болуп эмгектендик. Мен жаш актрисанан ролун жараттым. Быйыл болсо, Ырыс Окенова эжебиз режиссёрлук кылып жаткан “Ак шоола” сериалында Лилиянын ролун жаратып жатам. Сериал киносүйүүчүлөрдүн сынына коюлгандан кийин ар бир көрөрман канчалык деӊгээлде аткара алганымды баалап алса керек. «Сыноолор» демекчи?! Жараткандын ар бир күнү адам баласын сынап чыгып, сынып батат. Эң башкысы ааламда, ар бир үй-бүлөөдө тынчтык болсун!

15037091_1150293168382917_1966671710102582217_n

— Телевидениеге канча жашыӊызда келгенсиз?

— Мен мектепте окуп жүргөн кезимде 7-8-класста, 13-14 жашымда, КТРде Мезгил Исатов агайым, Чынара Бостонкулова эжейим даярдаган «Жаш тилек» радио уктуруусунда окуучулардан келген каттарды окучумун, алып барчумун, анан ал учурда теледе «Өспүрүм» деген көрсөтүү бар эле, аны алып барып жүрдүм.  Жолон Мамытов жазгандай: “Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче, сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз” дегендей.  Бейиши болгур, раматылык Болот Макетаев агайым ал көрсөтүүнүн автору эле… Таза дүйнөдө, балалык баё учурда Болот агайым, Мезгил агайым, Чынара эжем менин жан дүйнөмө чыгармачылыктын үрөөнүн сепкен экен. Институтту аяктап, КТРКга жумушчу катары катталып келгениме, мына быйыл 21 жылга аяк басты. 22 жашта элем.

—        Арноо концертинде режиссерлук кылып, Ала-Тоо таӊшыйт көрсөтүүсүн алып барып жүрөсүз. 2018-жылы ал көрсөтүүлөрдү башкача форматта көрө алабызбы?

— Ала-Тоо таңшыйт музакалык көрсөтүүсүнүн автору жана режиссеру Ырыс Окенова. Аталган көрсөтүүнү не деген мыкты алып баруучулар, акындар алып барышты, салттуу музыканы, жаратман авторлорду даңазалаган бул көрсөтүүдө мен да алып баруучу катары эмгектендим. Ал эми Арноо концертинде көптөгөн жылдардан бери режиссермун. З.Каракүчүкова, Б.Мамытов, Г.Молдоева, Ч.Мырзаевдер менен бирге иштештим. КТРКнын 60 жылдык тарыхында, Арноо концертинин чыгып жатканына 30 жылга чамалап калды. Мезгил талабына ылайык өзгөрүү мыйзам ченемдүү нерсе. Эң башкысы; тагдыр мени жогоруда айтылган асылдар менен бирге иштешүү бактысын энчи кылды да.

29339938_1702786773141402_7219856963927015424_n

—        Сиздин атыӊызды укканда эле Геннайдий Базарбаевдин “Карагызы” эске келет. Ал кинодо чачыӊызды режиссёрдун талабы менен кыргансызбы?

— Мен өмүрүм өткөчө айта берем: мени «кино» деген керемет дүйнөгө баш бактыргандыгы үчүн Геннадий Садыровичге ыраазымын. «Кино» жөнүндө кеп кылууга татыктуумунбу, жокпу, ал элибиздин тараза ташында тастыкталчу нерсе… Г.Базаровдун; «Каргыз», «Исход», «Метаморфо́за» жана «Туздуу талаа» кино тасмаларында тартылдым. Калкыбыздын сыймыгы болгон асыл адамдар жөнүндө айткан сайын дилиң тазарып, арууланасың, Геннадий Садырович менин жеке жашоомдогу баалуулуктарды, тирүүчүлүктөгү көз карашымды өзгөртү. Адам баласынын; ата-эне, бир тууган, уядан алган тарбиядан башка, жашоо агымындагы жакшылардан ар бир куттуу күндө эргүү, тарбия алып тураарыңда шек жок эмеспи. Алтын башың аман болсо; «чач» деген эмне?! Режиссер Г. Базаровдун талабына ылайык чачымды кырып таштаган учурларым болду, эми минтип Ырыс Окенованын тартып жаткан «Ак шоола» сериялында режиссер ролго ылайык чачымды узун, белден өткөн узундукта тартып жатат. «Кино» деген ушундай керемет нерсе экен?! Жашоонун миӊ түр кылдарын, чебер, өз дараметиңе жараша черткенге, күүгө салганга мүмкүнчүлүк берет.

15135946_1150293201716247_633360435120430416_n

         — Актрисалык, режиссерлуктан тышкары сиздин ырдай койгонуӊузду да көрүп жүрөбүз. Канча ыр жаздырганга үлгүрдүӊүз?

—  «Ырдайм» деп ойлочу эмесмин, «роль жартууда; актер режиссердун каалаганындай болууга милдеттүү «-деген принцип бар да. Ошол эле ыкма менен «Ала-Тоо таңшыйт» музыкалык көрсөтүүсүндө ретро ырларды ырдоо менен биргеликте роль жаратууга туура келди, ошентип Ы. Окенованын тапшырмасы менен ырдап калдым. 5-6 эле ырым бар, Кыргыз калкы ыр жандуу келет эмеспизби, ал сыңары ырдаган жакты. Кийинки мезгилдерде элдик ырларга көңүл коюп жүрөм, өзгөчө санат ырлага, алп акындардын насаат ырлдарына.

— Чыгармачылыкты көптөр түйшүктүү жол деп сыпаттап келишет. сиз үчүн чыгармачылык эмне?

— Түгөлбай Казаков агайдын:  «Чыгармачылыкты түйшүк катары санаган киши-өзү шордуу неме го…» — деп айтканы бар эле. Таамай берилген баа. «Чыгармачылык» деген Жараткандын берген бактысы, эргүүсү, энчиси да! «Жүрөктөн чыккан жүрөккө жетет» дейт Кыргыз калкым. Чын дилиңден чыгармачылык менен алектенүүгө эмне жетсин?!. Ар бирибиз аркалаган кесибибизди, колубуздан келген жумушту, Табият тартуулаган жөндөм менен, болгон күч-аракетибиз менен эмгектенип, Эмгектей улуу, эмгектей ак болгонубуз гана Эгемен Кыргыз мамлекетибизге, адамдыкка кошкон саламыбыз. Ааламда тынчтык болсун, Элибиз эсен болуп, Туубуз бийик, Мекенибиз ыйык болсун!

18839241_772241306279004_4374357575458030886_n

Актриса туурасында

  • Аксы районундагы Сыны айылында мугалимдин үй-бүлөөсүндө 1975-жылы 11-январда жарык дүйнөгө келген. 5 уулдун ортосунда жалгыз кыз. Өмүрлүк жолдошум Акылбек экөө 2 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

Чыгармачылыктагы чыйыр жолу

  • Гүлсина Баймырзаевна 1982-жылы Кара-Жыгач орто мектебине 1-класска кабыл алынган. 1992-жылы борбордогу № 5-мектепти бүтүргөн, 1992-жылдан 1996-жылга чейин Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда кесиптик билим алган. 1997-жылы алгачкы эмгек жолун Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драмтеатрында баштайт. 1998-жылдан бүгүнкү күнгө чейин КТРКда режиссерлук кесипти аркалап келет.

Сыйлыктары жана жараткан ролдору:

  • КТРКнын мыкты кызматкери;
  • Кино боюнча: 2003-ж. «Карагыз» реж: Г.Базаров. башкы ролдо: Г. Чотонова. Ялтадагы «Вместе» телекинофорумунда 2004-жылы Гран-При байгесине татыган;
  • 2005-ж. «Метомарфоза» реж: Г.Базаров. башкы ролдо: Г. Чотонова. Кыргыз Мамлекеттик Ч.Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын лауреаты 2006-жылы ыйгарылган;
  • 2008-ж. «Исход» реж: Г.Базаров. башкы ролдо: Г. Чотонова. 2012-ж. «Куурай-Куурай» реж: Маролейн Бунстра. (Нидерландия);
  • 2013-ж. «Талгар охотник» реж: Чарли Крейн. (Англия.) 2015-ж. «Көпөлөк» реж: С.Откеев;
  • 2015-ж. «Обещание» реж: С. Эсенбеков. башкы ролдо: Г. Чотонова. «За лучший женский роль» номинациясына ээ болгон.
  • 2016-ж. «Сулайман-Тоо» реж: Е.Стишова (Россия) 2017-ж. «Туздуу талаа» реж: Г.Базаров.
  • 2018-ж. «Ак шоола» сериалы реж: Ы.Окенова.

Төлөбүбү Касымалиева

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: