Гемоглобиндин аздыгын кантип аныктайт?

25.06.2016 | Ден-соолук

анар менен гемоблабинди көтөрүү

Кандагы гемоглобиндин нормадан азайып кеткенин кандын жалпы анализи аркылуу гана так аныктоого болот. Бирок, төмөндөгү белгилер да  гемоглобиндин азайганынан кабар берет:

— Алсыздык
— Тез чарчоо
— Уйкунун бузулушу
— Демигүү
— Башы айлануу
— Айыздык циклдын бузулушу
— Эркектердин бел кубатынын азайышы
— Арыктоо (тамакка табити тартпоо)
— Тырмактардын морттугу
— Чачтын өсүшүнүн жайлашы, түшө башташы
— Теринин бозоруп жана кургашы
— Буту-колдун учтарынын чымырашы
— Буттун тырышып оорушу

Бул белгилер кандагы гемоглобиндин көлөмү узак убакка чейин аз болуп жүргөндө пайда болот. Эгерде өзүңүздөн бул белгилерди байкасаңыз, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз.

Гемоглобин бул – курамында темир бар өзгөчө белок. Ал организмде жетишерлик болушу үчүн тамак-аш менен кошо кириши керек. Ал этте жана малдын ич эттеринде көп кездешет. Кандагы гемоглобин азайганда сүт менен чай, кофени да ичпеш керек. Себеби, бул суусундуктардын курамындагы кальций жана танин заты кандагы темир затынын сиңишине тоскоол болот. Булардын ордуна сууну бат-баттан аз өлчөмдө ичүү сунушталат. Таза абада көбүрөөк болуш керек. Себеби, үйдө камалып отурганда кычкылтек жетишсиздиги келип чыгат.

 

Элдик медицинадан

Кандагы гемоглобиндин нормада болушу үчүн каакым гүлү абдан пайдалуу. Анын жаңы жалбырагынан, гүлдөрүнөн, сабагынан жана тамырынан шире жасап ичсе болот. Мунун оңой жолу — каакымды эт туурагычтан өткөрүп же блендерде майдалап алып, ал боткону дакиден сыгып алат. Каакымдын ширеси ачуу эмес, андыктан эчтеке кошпой эле өзүн ичүү керек. Кышында болсо каакымдын жалбырагы менен тамырын тундуруп ичүү зарыл. 1 аш кашык тамырга бир стакан суу кошуп 1 мүнөт кайнатат, 1 саат тундурат. Тамактын алдында эртең менен жана кечинде 0,5 стакандан ичет. Ошондой эле эртең менен ачкарын 1 стакан ит мурундун ширесин ичүү пайдалуу. Буга таза бал кошуп койсо таасири артат.


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: