Домой Коом Финполдун экс-башчысын интимдик видео үчүн шантаж кылган өкүл уулуна өкүм чыкты

Финполдун экс-башчысын интимдик видео үчүн шантаж кылган өкүл уулуна өкүм чыкты

169

Фиполициянын мурдагы башчысы Акимжан Муйбалиевди интимдик видеосу үчүн шантаж кылган эки адам (бирөөсү өкүл уулу) дээрлик 600 миң сом айып пул төлөмөй болду. Бишкектин Свердлов райондук соту ушундай чечим чыгарды.

Бул окуя былтыркы жылдын май айынан бери уланып келген. 3-майда 18 жаштагы кыз Муйбалиев тарабынан зордукталганын айтып, милицияга арыз жазат. Анын адвокаты медиага кайрылуулар менен чыгып, коомдук талкуу жаралган эле.

Соттун токтомуна ылайык, Муйбалиевдин өкүл баласы Каныбек Туратов менен «зордукталдым» деп арыз жазган Асыл (кыздын аты өзгөртүлдү) өз ара сүйлөшүп алып, шантаж аркылуу Муйбалиевден 500 миң доллар талап кылышкан.

«3-майда Муйбалиев Асыл менен жолугуп, Бишкектеги мейманканалардын бирине барышат. Кыздын макулдугу менен интимдик катнаш орун алган. Көп өтпөй эле Муйбалиев өкүл уулу Каныбек менен жолугат (экөө чогуу иштеп жүргөн, Муйбалиев Финполго башчы болуп келгенде, Каныбек ушул түзүмгө кызматка алынган, үйлөнгөн соң Муйбалиевди өкүл ата шайлаган). Каныбек Муйбалиев менен Асылдын интимдик катнашы тартылган видеону көрсөтүп, 500 миң доллар бербесең, ролик интернетке чыгат деп коркутууга өтөт», — деп баяндалат сот токтомунда иштин чоо-жайы.

Каныбек Асыл жашы жете элек кыз экенин, зордуктоо тууралуу милицияга арызданганын да Муйбалиевге жеткирет. Асыл арыз жазардан мурда өзүн-өзү ургулап, көгала тактары менен күбөлөндүрүүдөн өткөнү айтылат.

Муйбалиев өз кезегинде милицияга кайрылып, акча опузалап жаткан өкүл уулу Каныбек менен Асылга чара көрүүнү суранат.

Финполдун мурдагы башчысы Акимжан Муйбалиев

Баса, Каныбек Муйбалиевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу алдамчылыкка да айыпталган. Ал 2012-жылы Муйбалиевдин кайненесинен 30 миң доллар алып, арадан беш жыл өткөндө 3 миң долларын гана кайтарган.

Каныбек тергөө маалында күнөөсүн моюндап, бирок сотто ал көрсөтмөлөрүнөн баш тарткан. Анын айтымында, Муйбалиевдин адвокаты «биз тосмо арыз жазабыз» деп 10 миң доллар алып, бирок кылмыш иши токтотулган жок.

Сот Каныбек Туратовду алдамчылык жана опузалоо боюнча айыптуу деп таап, 260 миң сом айып пул салды. Ошондой эле Муйбалиевдин кайненесине дээрлик 1,3 млн сом материалдык зыянды төлөөгө милдеттендирди.

Ал эми Асыл соттун чечими менен 300 миң сом айып төлөмөй болду.

Булак: jebe.media