Фарид НИЯЗОВ, КСДП төрагасынын 1-орунбасары: “КСДП курултайы 15-июлда өтөт, биздин партия бир гана талапкерди президенттикке көрсөтөт”

22.06.2017 | Саясат

 

Фарид Ниязов  21-июнда Бишкекте өткөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) кезектеги Саясый кеңешинин жыйынында партиянын XVI курултайы 15-июлга белгиленди. Ошондой эле Саясый кеңештин 2017-жылдын апрелинде бекитилген жаңы Регламентине ылайык, жыйында КСДП Төрагасынын жаңы биринчи орун басарын шайлоо болду. Саясый кеңештин мүчөсү Чыныбай Турсунбековдун демилгеси менен бул орунга Фарид Ниязов бир добуштан шайланды.

КСДП Төрагасынын жаңы биринчи орун басары Фарид Ниязов журналисттерге мындай ички которуулардын себебин түшүндүрүп берди. Анын айтымында, Саясый кеңеш партиялык жетекчиликтин ишин түздөн-түз аймактык жана баштапкы партиялык уюмдарда топтоону чечкен. “Ошондуктан, Төраганын биринчи орун басарынан ар дайым партиялык иштин чордонунда болуу талап кылынат. Башкача айтканда, партактив үчүн дайыма кол жете турган жерде, негизинен КСДПнын борбордук кеңсеси жайгашкан “Медиа Форумда”, же аймактык партуюмдар боюнча иш сапарында болуу зарыл. Саясый кеңештин мүчөлөрү беш жыл бою КСДП Төрагасынын биринчи орун басары болуп келген Чыныбай Турсунбековго жемиштүү жана ак ниет иши үчүн ыраазылык билдиришти. Ал партия үчүн көп нерсени жасады жана жасай берет. Саясый кеңештин мүчөсү катары Чыныбай Акунович КСДПнын жетекчилеринин бири болуу менен эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катары негизги көңүлүн өз ишине бурат. Анткени, спикерлик — бул зор ишеним жана жогорку жоопкерчилик. Мамлекеттин саясый системасындагы өзгөрүүлөр саясый партиялардын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүнү талап кылууда, демек, партия ичиндеги иштерди кескин күчөтүү керек”, — деди ал.

Сөзүн андан ары улаган Ф.Ниязов КСДП президенттик шайлоого бир гана талапкерди көрсөтөөрүн, башка талапкер болбосун баса белгиледи. Муну менен ал: “КСДП алдыдагы аламан жарышта 2 талапкер алып чыгат экен” таризиндеги божомолдорго чекит койду. Натыйжада 15-июлдагы партиянын курултайында учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков президенттикке бирдиктүү талапкер катары расмий аттанаары дагы бир жолу бекемделди.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: