Эстелик эмнени айтышы керек? Үркүндүн 100 жылдыгына эстелик

11.03.2016 | Коом

Жакында Үркүндүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арналып Караколдо орнотула турган эстеликтин долбоору боюнча сынак өтүп, ага 6 скульптуралык эмгек катышкан.

Үркүнгө арналган эстелик

Бул окуяларды чагылдырууга аракет жасаган эмгектерди 10 кишиден түзүлгөн атайын комиссия талдап чыгып, биринчи орун Мирлан Осмоналиевге таандык скульптурага берилген. Анда эки адам мылтык көтөрүп, алдыга сунуп турганы, жанында жарадар адамдын башын жөлөгөн аял, жерде жаткан боз үйдүн элементтери сүрөттөлгөн болчу.

Үркүнгө арналган эстеликОшентип, маалымат булакта­рына ушул эмгек шаарга көрк кошо турганы жарыяланып да кеткен эле. Бирок, дал ушул маалымат каражаттарындагы жаңылыктар коомдо ар кандай пикирлерди жаратып, талаш-тартыш пайда кылды. Интернет булактарында бул эстелик жөнүндө түрдүү пикирлер айтылып, аларда, “ал кезде мылтык жок болчу. Кыргыз эли оруска каршы күрөшмөк түгүл өз башын калкалап качышкан” деген маани камтылган эле. Ошондон соң, коомчулуктун пикирин эске алуу менен ал скульптурадагы кай бир көрүнүштөр өзгөртүлүп жасалат деген ойлор айтылган. Облустун башкы архитектору Сабырбек Байымбековдон бул жөнүндө сураганыбызда, “мен бул комиссиянын чечимине кол койгон эмесмин. Себеби, мага ал эмгек жаккан жок. Андагы берилген маани тарыхыбызга төп келбейт” — деп билдирди. “Анын үстүнө, биз коомчулуктун бул скульптурага каршы пикирин угуп туруп, аны орнотуу чечимин чыгарып сала албайбыз. Бечелге жөтөлдүн кереги жок дегендей, үркүндө эл Россиялык падышанын кордугунан качып кутулууга аракет жасашкан”, — дейт башкы архитектор. Ал ошол конкурста экинчи орунду алган Марлен Бакачиевдин эмгегин коомчулукка сунуштап көрүүнү туура көрүүдө. Себеби, андагы ой чындыкка көбүрөөк коошот дейт ал. Скульптурада алдыңкы планда бала көтөргөн эне “токтогула!” дегендей белги берип колун алдыга сунуп турганы, артында калың журттун тоону ашып баратканы сүрөттөлгөн. Элдин арасында атчаны, жөөсү, жыгылып жатканы да бар.

Бул эмгек болсо Бакачиев Марленге таандык дедик. Ал буга чейин Теке баатырдын эстелигин, Канымкүл Досмамбетованын бюстун, Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун, Балыкчыда Саякбай манасчынын образда­рын жараткан. Жакында эле Караколдогу сейил бакка коюлган Пушкиндин эстелиги да анын эмгеги.

Айтор, жаз жакындап, 1916-жылдагы кыргыз эли­нин улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын өткөрүү иши да чукулдап турганда, Караколдо кайсы эстелик орун алышы керектиги ачык билинбей турат.

Анткен менен, учурда Үркүн окуясынын тегерегинде бирдей көз караш да жок. Азыр ар ким өз дараметине, билимине жараша божомолдорду айтып келет. Кай бири 16-жылдагы кандуу окуяга чыныгы тарыхый баа бере албай келе жатабыз, аны изилдебегендик — ата бабаларыбыздын арбагына кайдыгер карагандык дешсе, көбү бул окуяны орус улутуна каршы багыттабай, ал орус падышачылыгынын саясаты деп баалоону туура көрүшөт. Тарыхта белгилүү болгондой, көтөрүлүштүн негизги себеби орус дыйкандарынын көп санда көчүп келип, жакшы жерлерге ээ болуусу жана жергиликтүү элеге кысым көрсөтүүсү эсептелинген. Ал аз келгенсип, Россиянын биринчи дүйнөлүк согушка катышуусу жана Түркистандан аскердик курактагы эркектерин согуштук коргонуу жумуштарына алуу саясаты элди көтөрүлүүгө аргасыз кылган. Көтөрүлүш июль айында башталып, август айында күчөгөн. Жер-жерлерде көтөрүлүшчүлөрдүн чакан тобу ошол кездеги орус бийлигине каршы чыккан. Бул окуяда стратегиялык аскердик билими бар орус падышачылыгынын отрядынан 200 миңден ашуун кыргыз курман болгону айтылат. Айры, чалгы, найза, союл, бардаңке, түтөтмө мылтык менен куралданып, чаржайыт көтөрүлгөн элди басып коюу падышалык Өкмөт үчүн оор деле болгон эмес.

Көтөрүлгөн эл канкордук менен жазаланганда, элди кырып-жоё баштаганда, алар аргасыз Кытайга качышкан. Ашуудагы ачкачылыктан жана сууктан кырылган кыргыздардын тагдырынын бир үзүмүн Сөөк ашуусундагы азыркыга чейин жер үстүндө калган сөөктөр айтып турат. Кытай тарыхында Жети-Суу облусунан эле 332 миң адам качып барганы жазылган экен. Айтор, бул теманы жаза берсе, узакка созулар. Айталы дегенибиз, Караколго коюла турган эстелик маселеси туура чечилсе деген ой.

Эскерте кетсек, ал эстелик Президенттин фондунан бө­лүнгөн, атайы Үркүндүн 100 жылдыгына деген 3 миллион сомдун эсебинен жана кошумча облустук бюджеттен жасалмак. Ал Каракол шаарынын Токтогул, Москва көчөлөрүнүн кесилишине коюлары чечилген.

Кандай болгон күндө дагы бул талаш маселеге акыркы чекитти кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев коёру анык.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: