Домой Саясат Эсиңе бекем тут кыргыз, «чимкирик» депутаттардын эми кереги жок!

Эсиңе бекем тут кыргыз, «чимкирик» депутаттардын эми кереги жок!

25

Акыркы мезгилдеги Кыргызстандагы саясий окуялар, саясий «элитанын» абалы, деңгээли, келе жаткан парламенттик шайлоонун кандай болорун айгинелеп турат.

Дегенибиз, мен-мен деген партиялар ыдырап, партия ичиндеги ыйкы-тыйкылар, бөлүнүп-жарылуулар орун алды. Шайлоо жакындаган сайын партиялардын экс-лидерлери менен эмки лидерлеринин ортосунда таасир талашуулар башталды. Бул бир жагы. Экинчи жагы буга чейинки шайлоолордо регионалдык чен 5 пайыз болсо, алдыдагы шайлоолордо 9 пайыз болот. Бул деген буга чейин региондордон эптеп 5 пайыз алган партияларга, 2020-жылы парламенттин эшиги жабык деген сөз. Мына ушулардын баары 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоодо, шайлоого катышам деген партияларга оңойго турбасынан кабар берет. Алтынчы чакырылыштын депутаттарынын аркандалбаган амбициялары, деңгээлдеринин «бийиктиги», бит берген жагынан алдына киши салдырбастыгы, саткындык боюнча биринчи орунда турары, буга чейинки легендарлуу парламент атына көө жапты.

Башкача айтканда тилинен башка берекеси жок демекчи, сүйлөтуп, сын айттырып эле койсо болду. Башка пайда батасы жок. Бюджеттен оңбогондой каражат коротуп, жол тандабас минишип, дырдыйып журөт, кылганы жумушу ушул. Айрым парламентарийлер айтмакчы добуш берүүчү эле машинка. Кыргызстанга кылган кыпындай да пайдасы жок ашепкелер. Өздөрүнүн эле кара курсагын ойлошот, иштеп жаткан бизнесин коргойт, тааныштарын майлуу-сүттүү орундарга орноштурат, баарын кыйратып койгонсуп оңду-солду интервьюларды берет, кнопка басат. Бул кылган эрдиктери эл өкүлдөрүнүн ансыз да кадыры качкан аброюн төмөндөттү.

Анүстүнө, эл ишенген, карт тарыхы бар саясий партиялар өздөрүн ресурстарын өздөрү соруп, бири-биринин былыктарын ачышып, ыйык трибунадан эки-экиден акыйлашып, ит-мышык абалга жетишти. Сөзүбүз кургак болбош үчүн далилдерди келтирели. Партиялардын сап башында турган КСДПчыларды бөлүнөт-жарылат деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Бирок, таасир талаш, лидерге ишенбөөчүлүк көрсөтүү, бирин-бири жектөө, кектөө эл күтпөгөн бурулуштар КСДПда орун алды. Партия жарымысы КСДП, жарымысы «Атамбаевсиз КСДП» болуп, арабөк абалда турат. Кийинки шайлоодо булар иттен жок же ит байлаган жиптен жок калары айдан ачык болуп калды. КСДПдан кийинки орунда турган «Республика-Ата-Журт» партиясынын лидери Бабанов, президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн жылт берип кечээ жакында эле кайтып келди. Ага чейин булар да партия ичинен интригага чулганып, экиге бөлүнүп парламенттеги фракция лидерлигин алмаштырганга жетишкен.

Бирок, булардын абалы КСДПга караганда жакшыраак. «Кыргызстан» партиясынын да абалы анчейин эмес. Булар да арабөк абалда турат, бирөөдөн команда күтүп тургансып. Башка партиялардын деле абалы ушул. Бирок, акыркы маалыматтарга таянсак Райым миллион бир катар партияларды каржылап, кийинки шайлоодо эски партияларды ээрден оодарам, эскилердин доору бүттү, жаңы партиялар келиши керек деп, тизме түзө баштаптыр. Райымдын ишенгени баарыбызга эле белгилүү болгондой жашылбайлар экени жашыруун деле эмес. Жалаң капчыктын каармандарынан куралган парламентти көрдүк го. Бир ооз сөз айтпай, балык болуп, тымызын гана бизнесин коргоп отурушат го чиркиндер. Мындай парламенттин барынан жогу. Капчыктуу парламент кантип «чимкирик» болгонун өздөрү да аңдабай калышты. Эске сала кетсек, буга чейин сын айткан жагынан астына киши салбаган «базаркомдор» өкмөттү өлөсө сындап, акыркы жаңы кодекстер боюнча, түкүрүк мыйзамына асылышып, «түкүрүк өкмөт» атаганы эсибизде. Көп өтпөй эле өздөрү «чимкирик» атка конуп калганын, мурдуларын шыр тартышып байкабай калышты. Ошентип буга чейин легендарлуу парламент кашыктап чогулткан парламенттин аброюн, шайлоочулардын ишенимин бир паста чакалап чачып жок кылышты.

Ошондуктан урматтуу шайлоочум, кулагыңарга күмүш сырга. Алдыдагы парламенттик шайлоо тез эле келип калат. Тандоодо жети өлчөп, бир кесели. Эскилерин да, жаңыларын да электен өткөрөлү.

Булак: Факты. кж