Эне- турмуш. Жокчулукка майышпагандар

18.03.2016 | Тагдыр

Баатыр эне балдары менен

Кабарчылык турмушта ар түркүн кишиге жолугуп, түрдүү тагдырларды көрөсүң. Алардын арасында байы, кедейи, дудугу, чечени, оозу менен орок оргону, чоң иштерди бүтүрүп койгону, хан сарайдай бийик үйдө жашаганы, көчөөдө жатып, жашоодон тажаганы, билимдүү-окумуштуусу, көп билген өңдөнгөн молдосу, айтор, баары жоктун баары бар. Алардын көбү менен бир жолу сүйлөшүп, макала чыгарган соң унутулуп калат. Ал эми кай бири кайра-кайра эске түшө берет.

Каракол шаарында  9 баласы, оорулуу күйөөсү менен күн кечирген 40 жаштагы Махабат аттуу айымдын турмушу ошондой эстен чыкпай калган тагдырлардын катарына кирет. Анын кайраты, эмгекчилдиги жашоого болгон оптимистик көз карашы мени таң калтырып, суктанууга алып келген. Андыктан, Нурмухаммедова Махабат жана жолдошу Кудайбергендин эки бөлмөлүү үйүн көз алдыма элестетип, шаардын чет жагына жөнөдүм.

Баатыр эненин жашаган жериБаатыр эненин жашаган жери

Жубайлар 9 балалуу. Улуусу 22де, андан кийинкиси 18де, ошентип 2 жаштан айырмаланып олтуруп, кичүүсү 3 жарым жашка чыккан. Эки кыз, жети эркек. Акбар, Данияр, Альбина, Асель, Кудайберген, Кенжебек, Исламбек, Арстанбек, Айдарбек.

Экөө баш кошуп, Караколдо батирлеп 8 жыл жашашкан. 2008-жылы тырышып жүрүп жер алып, алгач чатыр тигип, ошондо туруп калышат. Батирлеп жүргөндө бир жерге ээ болсок, жерди казып болсо да жашайт элек деп кыялданган түгөйлөр жер алгандан кийин үйдүн фундаментин куюуга цементке акча жок, эмне кыларын билбей калышат. Ошол жердеги союз убагында таштанды менен толтурулган бир чоң чуңкурду тазалап, огород кылып алалы деп таштандыларды чыгара башташса, арасынан темир, жез чыгат. Аны сатып, ага цемент сатып алышат. Алардын чатырдагы жашоосун көргөн Анвар деген адам топурак түшүрүп берип, дагы бир Койсун аттуу аял баласын кошуп берип, ылайдан кирпич куюшат. Анан эки бөлмөлүү үйдү тургузушкан.

Алар менен үч жыл мурда таанышкам. Бул жолу барганымда, эки бөлмөлүү үйдүн жанына ылай кирпич менен жаңы үй салынып жатканын көрүп сүйүнүп кеттим. Короого киргенде көзгө тааныш көрүнүш-керме-керме болуп жайылган кийимдер. Махабат эч жерде иштеген эмес, турмушка чыгып, төрөп балдарын багуу менен алек болуп келет. “Үйдө эң кенжеси мен элем. Биз төрт бир тууган болчубуз. Апамдын үч баласы биринчи күйөөсүнөн экен, алардын экөө каза болуп, экөөбүз эле калдык. Андыктан, бала кезде сиңдим же иним болсо деп абдан кыялданчу элем. Кичине бала көрсөм, азыр да эзилип кетем”,-дейт баатыр эне. Махабаттын жолдошу мурда соода-сатык менен алектенчү. Бирок, 1995-жылы бөйрөгүнөн операция болуп, кара жумуш жасаганга жарабай калган. Ал тургай көп басууга болбойт. Дарыгерлер бир кыйла татаал диагноз койгон. 1997-жылга чейин биринчи группадагы майып деген тыянак чыгарылган.

Алгач же жарык, же суу жок тактайсыз үйдө эптеп жашашты. Бир жолу кошуналар битир садагадан чогулган 5000 сомду мечитке эмес, аларга берет. Алар ошол акчага эшек сатып алышып, кийин араба алып, аны менен кээде жүк ташып, уулу пилорамадан гарбил алып келип  тилип, жарып отун сатып каражат тапты. Кийин эптеп акча чогултуп,  кой алып, аны семиртип сатып, кайра кой алып акча каражатын табууга аракет кылышты. Бирок, канча жанталашып аракет кылба 9 баланы тойгузуу, аны кийинтүү оңой эмес да.

Алардын үй-бүлөсүнө бир айга тамак жана нан үчүн 4 мешок ун кетет. Жеринин аянты 6 сотый деген  менен эки көчөнүн кесилишинде болгондуктан, арык ордун кеңейтип, таштанды болуп жаткан жерди тазалап, бир чарчы калтырбай пайдаланып келишет. Карагат, малина, сабиз, пияз, ашкабак кенен айдап алышкан. Үй бүлөгө бир кышта 20 мешоктон ашык картошка кетет экен. “Мамлекет эптеп бутуна тура албай жатса, андан кантап жардам күтөм? Кыргызстан бутуна туруп кетсе, балдарыбыз бизден жакшы жашаса экен деп тилейм”,- дейт Баатыр эне. Анан анын айтканын угуп, жакшы жашоосуна да нааразы болуп, күнүнө беш маал Өкмөт менен Президентти, ал аз келсе, депутаттарды, акыры барып айыл өкмөттү сөгүп олтурган кай бир тааныштарымды эстеп коем.

Мени өтө ойлонткон бул үй бүлөнүн улуу баласы Акбардын келечеги. Ал 4-классты бүтүп окубай калды. Там салып, түйшүк менен болду, аскердик кызматты альтернативдүү өтөдү. Азыр дагы отун сатып акча таап, бөбөктөрүн багып келет. Ата-энесине тирек болгон жалгыз ошол.

Экинчи уулу Данияр мектепти аяктап, азыр Караколдогу №14 кесиптик лицейде плотник кесибинде окуйт экен. Аны угуп сүйүнүп калдым. Калгандары мектепте жакшы окушат. “Контракт төлөбөй, өз күчүбүз менен окуйбуз. Контрактка берген акчага мал алсак канча пайда” дешет балдар. Махабат 7 балага бардыгы болуп 4 миң 900 сом пособие алат. Ошого каниет кылат. 40 жаштагы баатыр энени карап, анын түйшүгүн элестеткенде, коркуп кетем.

Махатбат үйүнө киргизип, даам оозтийүүгө чакырды. Үч кровать, телевизор, меш, бир чоң чара камыр, каршы-терши кеткен электр зымары гана көзгө көрүнгөн эки бөлмөдө туруп, алардын пейилине, өз күчтөрүнө гана ишенген жашоосуна суктанам.

“4миң 900 сом эмнеге жетсин, бирок, эптеп салып алган мал короодо азыр 5 кой бар, аны семиртип сатып, торпок алсакпы деген тилектебиз. 6 жаштагы Арстанбек эпилепсия менен ооруйт эмеспи. Төрөт учурунда травма алган. Үйдүн орду арыктын ордунда, нымдуу болгондуктан, бул да таасир эткен экен. Азыр аны Бишкекке дарыгерге көргөзүп келгенге каражат таппай жатабыз. Кичинеден терип чогултуп алган малды саткан акчага эки жыл мурда жаңы үй баштаганбыз. Ылай кирпичтерди өзүбүз куйдук. Үйдү салып баштаган менен качан бүтөбүз билбейм. Архитектурадан документин жасатканга да акча каражат жетпей жатат. Аны алалы десек, балдардын кийим-кечеси жыртылат”,-дейт Махабат.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: