Эмилбек Каптагаев: Апрель революциясы негизги саясий максаттарына жетти, бирок…

08.04.2016 | Маек

Эмилбек КаптагаевӨкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен маек.

— Эмилбек мырза, мына 2010-жылдагы Апрель революциясынан бери алты жылдын жүзү болду. Ушул алты жылдык кичи мааракенин алдында өткөн жыйындарда спикер Асылбек Жээнбеков баш болгон расмий адамдар: “Апрель революциясы нукура элдик революция болгон, андан бери өлкө жаңырды, жаңы заман башталды, биз канкор бийликтен кутулдук” — деп жатышса, дагы бирөөлөр: “Азыркы бийликтин мурдагыдан эч айырмасы жок, кайрадан революция кылабыз, азыркы бийлик деле көтөрүлүш менен келген, биз деле ошондой жол менен бийлик алабыз” —  деген таризде чыгып жатышат. Буга кандай дейсиң?

— Негизи эле “азыркы бийлик”, “мурдагы бийлик” деп карама-каршы коюп айтуу натуура болот, менин оюмча, ушундай ойду атайын эле, саясий технология катары элдин аң-сезимине куюп жатышат. Анткени, 2010-жылкы Апрель элдик революциясынан кийин мамлекеттик бийлик жок дегенде 5 жолу алмашты. Учурда иштеп жаткан президент Атамбаев дагы, Жогорку Кеңеш дагы шайлоо аркылуу элдин колдоосу менен бийликте отурушат, бул акыйкат сөз. Тереңдете айта турган болсом, өткөн 6 жыл ичинде Атамбаевди эл үч жолу колдоп берди да. Маселен, 2010-жылдагы шайлоодо СДПК партиясы жакшы добуш алды, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо өзү жеңишке жетишти, андан кийин 2015-жылкы шайлоодо СДПК партиясы көпчүлүк добушка ээ болуп олтурат. Бул ийгилик Атамбаевдин жеке кадыр-баркы, саясий салмагынын үзүрү экенин ким тана алат? Ошондуктан, жөн эле элдин башын айланта бербей бул маселени тактап айткан дурус го. Азыркы мамлекеттик бийлик түзүмдөрү эч кандай “көтөрүлүшү”, эч кандай “кан төгүү” жок эле, ошол Апрель революциясынын жемиши болгон, улам бышыкталып, улам өнүгүп бара жаткан парламенттик демократиянын шартында, элдин эркин тандоосу менен, шайлоо аркылуу келип иштеп жатат. Ал эми революция деген оюнчук эмес, бир аз кишинин же саясий топтун каалоосу менен боло калбайт. Революцияны эл жасайт. Ал үчүн ошондой кырдаал түзүлүп, бийлик элдин назарынан дагы, Кудайдын назарынан дагы калып, коомдук пикирде жек көрүндү болуп, каргышка калуусу зарыл. Революциялык кырдаал түзүлгөндө  көпчүлүктүн үмүтү жакшылыктан үзүлүп, мыйзам чегинде, тынчтык жолу менен акыйкаттыкка жетүү мүмкүн болбой калат. Бийликке каршы жапа тырмак көтөрүлүү, ошол эле 2010-жылдагыдай көкүрөктү окто тосуп, ажалга тике карап чыгуу, бул арга кеткендеги, жол жок туңгуюкка кабылгандагы жасалуучу акыркы, жандалбас кадам. Айтып жатышкандай, “свет кымбаттаганы” же “сотканын төлөмү көтөрүлгөнү” үчүн эч ким жанын кыйбайт, өмүрүн тобекелге салбайт. Мындай кадам үчүн бийик даражадагы максат болуу шарт. Адам өмүрү кымбат, жан таттуу. Мына ошондой улуу максат ЭРКИНДИК болгон, эл эркин жашоону тилеп көтөрүлгөн. Бакиевдер жүздөгөн жигиттердин көзүн тазалап, канчаларын түрмөгө тыгып, миңдеген кишилердин оокат кылып, бала-бакырасын багып жаткан бизнесин тартып алып, алардын элди “кулак кескен кул” кылып алам деген арам саясаттарынан улам, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп мыйзам менен дагы, элдин пикири менен дагы эсептешпей, ал эмес Кудайды да тааныбай калгандыгынан улам эл жарылып кетти да. Жаныш менен Максим Бакиевдин мамлекетке, элдин ырыскысына, жердин кутуна кылган кыянаттыгын айтып отуруунун деле зарылчылыгы жок. Азыр ошондой шарт, ошондой заман барбы? Жок, андай заман болушу да мүмкүн эмес. Анткени, коом өзгөрдү, эл өзгөрдү, замандын агымы өзгөрдү. Апрель революциясында эл үчүн, келечек үчүн, эркиндик үчүн шейит кеткен кыраан жигиттердин арбагына таазим кылуу биздин парз. Апрель революциясын дагы, анын каармандарын дагы жеңил баа кылып, аларга карата ар кандай токонаалат сөздөрдү айтуу көрпенделик, пастык деп эсептейм.

— Коомдук пикирде азыркыга чейин эле ошол Убактылуу Өкмөт башкарып жаткандай түшүнүк бар да, жогорудагы сөздөр ошондон улам айтылып жатат. Бийликтин  беш жолку алмашканын тактап айтсаң?

— Адегенде Убактылуу Өкмөт турду. Ошол мезгилде биз бийликти алган жокпуз, ошондой татаал кырдаалда өлкө үчүн, мамлекет үчүн жоопкерчиликти алдык. Кайдагы бийлик, тополоң эле болуп жатпады беле.  Алты ай  өткөөл мезгил болот, ушул мөөнөткө гана иштейбиз, бийликти мыйзам жолуна салуу менен кетебиз деп айтканбыз,  убада так аткарылды. Убактылуу Өкмөт болгону 3 ай иштеди, апрель айынан июлга чейин. Мына ушуну баса белгилеп айткым келет – Убактылуу Өкмөт болгону үч ай иштеген. Андан кийин жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, Референдум аркылуу өткөөл мезгилге президент болуп Роза Отунбаева дайындалгандан кийин бийлик Техникалык Өкмөткө өттү. Муну деле баарыбыз жакшы билебиз. Ошол учурда Атамбаев, Текебаев, Сариев баш болгон Убактылуу Өкмөттүн лидерлери кызматтан кетип, башка партиялар, башка саясатчылар  (анын ичинде бакиевчилери дагы, акаевчилери дагы бар) менен бирдей укукта эле шайлоого аттанышканын ким тана алат? 2010-жылдагы шайлоо мамлекеттик бийлик тарабынан калыс, ачык өткөрүлгөнүн Убактылуу Өкмөттү көрөйүн деген көзү жоктор деле моюнга алып, ачык айтышпады беле. Мына ошол шайлоонун жыйынтыгы менен “Ата Журт” партиясы көпчүлүк добуш алып жеңип чыкканын да унуткан жокпуз го. Бул партиянын революцияга кайнаса каны кошулбай турганы деле ачык нерсе. Мына ошол 2010-жылдын ноябрь айынан баштап мамлекеттик бийлик негизинен “Ата Журт” менен “Республика” партияларында болгону жалганбы? Келдибеков – Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп, “бизде парламенттик бийлик” деп баарын опуруп-жапырып башкарып турбады беле. Роза Исаковна ошондо ага атаандашкан да, бийлик талашкан да жок, мейли деди, жол берди.  Андан кийин Өкмөт канча алмашты, акыркысы былтыр шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик кайра дагы алмашпадыбы же мен туура эмес айтып жатамбы?

— Негизи туура, бирок революциядан кийин маселенин баары чечилип, заман оңолуп, “май көл, сүт көл” болуп жашап калдык деп айта албайбыз да.  Деги эле Апрель революциясы өз максатына жеттиби?

— Эл эч кимден коркпой, эч кимге күнкор болбой жашоо, иштөө мүмкүнчүлүгү үчүн күрөштү, акыры эл өз максатына жетти, өзүмчүл, канкор бийлик кулады. А мамлекеттик саясат деңгээлине чейин жеткен зомбулук, каракчылык, мыкаачылык жок. Бүгүн Садыркуловду өлтүргөндөй мыкаачылык кылып, өлүгүн өрттөп жиберүү мүмкүн эмес, андай кылууга шарт да жок. Азыр бир үй-бүлө баары жокту басып алып, өзүм билемдик кыла албайт. Анткени, мамлекеттик түзүм өзгөрдү, мамлекеттик бийликтин эң башкы органы болгон Жогорку Кеңеште бир эмес эки оппозициялык партия отурат, алар бийликтин чордонун түзгөн эки комитетти – бюджет менен укук коргоо органдарын тескешет, Каржы министри менен Ички иштер министрин, прокурорду күндө чакырып, күндө отчөт алууга укуктары бар. Мындай көрүнүш бизде гана бар, бир да башка мамлекетте оппозицияга бул эки тармакты көзөмөлдөтпөйт, ал жакка жолотпойт дагы. Жеңген партиялар гана бул жакты карашат. Ошондой эле мурдагы заманда, Апрель революциясына чейинки заманда, шайлоонун жыйынтыгын Ак үйдө отуруп алып эле өздөрү каалагандарындай жазып коюшчу, муну  баарыбыз билебиз. Азыр бийликте андай мүмкүнчүлүк жок, добуш берүүнүн жаңы түзүмү шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол бербейт, добуш эки жолу саналып жатат, адегенде автоматтык түрдө, анан кайра кол менен. Мына ушундан улум былтыркы парламенттик шайлоодо дагы, жакында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо дагы мурда чыгып көнүмүшкө айланган чатактар болгон жок, ким канча добуш алса, ошондой орун алып жатат, шайлоого мурдагыдай жергиликтүү бийликтер дагы аралаша албай калышты. Эми санап отурса көп эле иш жакшылык жагына ооду да. Аны эл өзү деле көрүп, билип турат. Ошондуктан Апрель революциясы негизги саясий масаттарына жетти десек болот. Бирок, чечиле элек маселелер да толтура. Бардык иштин телегейи тегиз болуп кетти деп айтууга болбойт. Чала жасалып жаткан дагы, тескери жасалып жаткан дагы иштер көп. Ошентсе да бара турган багытыбызды, баса турган жолубузду таап алдык, бул акыйкат.

— Ушул багытта өнүгөбүз, ийгиликке жетишебиз деп ишенесиңби?

— Иштин ийгилигин үч нерседе аныктайт: биринчиси, туура максат коюу, экинчиси- туура жол тандоо, үчүнчүсү- туура аракет кылуу. Биз Кыргызстанды өнүккөн, бакубат жашоону камсыз кылган, мыйзамдуулук өкүм сүргөн өлкөгө айлантабыз деген максат койдук. Бул туура максат. Биз парламенттик демократияга негизделген жолду тандап алдык. Бул жол татаал, чыдамкайлыкты, сабырдуулукту талап кылуучу жол, иштөө, айрыкча башкаруу өтө оор. Бирок, чыдаш керек, бул бирден бир туура жол. Кай бири айтып жатышпайбы – бийликти бир адамга берүү керек, бир адам жооп бериши керек деп. Балким, бул деле туура ой. Бирок, бул жолго түшүү үчүн, бардык бийликти бир адамдын колуна топтоо үчүн биз дагы көп нерсеге макул болуп, моюн сунуубуз керек, бул жагын да эстен чыгарбоо абзел. Ошол адамдын камчысына да, ал адамдын катачылыктарына да чыдаш керек, ал адамдын айтканы айткандай, дегени дегендей боло турган мамлекеттик бийлик түзүү керек. Камай турганыңды кама, ата турганыңды ат, бирок, өлкөдө темирдей тартип орнот деп колуна укук берүү керек. Башкача айтканда, азыркынын Сталини бол деш керек. Азыр ушуга эл жапа тырмак көнөт, моюн сунат деп айта албайм. Жыйырма беш жылдан бери эл өзгөрдү, коом өзгөрдү, коңшу мамлекеттерге караганда биздин элдин артыкчылыгы – ар ким эркин ой жүгүртүүгө, эркин жашоого, өз көйгөйүн өзү чечүүгө, өз чарбасын өзү пландап, бизнес кылууга үйрөнүп алышты, азыр эч ким өкмөттүн көзүн карабайт, бирөөдөн жардам күтпөйт. Баамдаган кишиге бул абдан чоң артыкчылык. Бул артыкчылык азыркы учурда, биз Россия, Казакстан, Белоруссия мамлекеттери менен бирге Евразия шериктештигине киришибиз менен, коңшу Кытай тарапка дагы соода кылууга жол ачылып жатканын эске алуу менен өз жемишин бере баштаары талашсыз. Ийгилик мындан аркы аракеттерибиз туура же туура эмес болгонунан гана көз каранды. Ал эми бул маселе азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарынан, алар жүргүзгөн кадрдык, экономикалык, маданий саясаттан көз каранды. Биз бийликтебиз деп эле оңду-солду темине беришсе, адамдын акылына сыйып-сыйбаган демилгелерди көтөрө беришсе иш болбойт, элди да кыйнайт, өздөрү деле жыргап кетпейт. Жогорку Кеңештин депутаттары муну туура эле түшүнүп турат деп ишенем.

— Туура жол таптык деп эле Текебаев токуган Баш мыйзам менен жашай берүүбүз керек экен да? Ушундайбы?

— Конституция жөнүндө “Текебаев жазган”, “Текебаев түзгөн” деген пикирлер натуура. Текебаев шашылыш жаза коюп эле анан 2010-жылы ошол кездеги Конституциялык кеңешме, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү окубай эле макул болуп кабыл алынып кеткендей айтылып жаткан сөздөр да туура эмес. Бул сөздөр өлкөдө болуп жаткан саясий өзгөрүүлөргө, жаңы саясий маданиятка карата тескери пикир жаратуу максатында айтылып жатат деп айта алам. Азыркы Конституциянын мазмуну 2010-жылдын май-июнь айларында кыска убакыт болсо дагы кеңири талкуу болгону чындык. Талкуу бүткөн соң Убактылуу Өкмөттө каралып, ар бирибиз анын ар бир барагына кол тамга да койгонбуз, ушуга макулбуз деп. Бирок, айта кетүүчү сөз, азыркы Конституцияда бекитилген мамлекеттик түзүм, Президенттин жана башка мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары, сот жана жергиликтүү бийликтеги реформалардын багыттары боюнча 2008-жылы эле, революцияга чейин эки жыл мурда эле, ошол кездеги оппозициялык маанайдагы саясий партиялар жана коомдук уюмдардын башын кошкон Коомдук Парламентте талкуу кылганбыз, бир эле эмес бир нече жолу талкууланган. Жыйынтыгында 2008-жылдын ноябрь айында “Достук” мейманканасынын жыйындар залында Меморандумга кол койгонбуз, кимибиз убакыт өтүшү менен кандай шартта, кайсы жерде болгонубузга карабай  конституциялык түзүмдүн бул Концепциясын ишке ашыруу үчүн күрөшөбүз деп. Анда Атамбаев да, Отунбаева да, Сариев да, Бекназаров да жана башка саясатчылардын баары кол койгон, бардыгы 100дөн ашуун киши. Мына ушундан улам, 2010-жылы 7-апрель түнү, Бакиевдердин канкор бийлиги кулагандан кийин, Конституциялык реформалар анын багыты бийлик түзүмдөрү боюнча  талаш-тартыш болгон жок. Болгону, 1993-жылкы Баш мыйзамды кайтаруу мүмкүнбү же жокпу деген гана суроо болгон. Натыйжада биз мурда, 2008-жылы баарыбыз кол койгон Концепциянын негизинде жаңы Конституция жазылып, элдин талкуусуна коюлушу керек деген пикирге келгенбиз. Бул иштин өтөөсүнө чыгуу милдетин Өмүрбек Чиркешович алган, башында туруп аткарды.

Мына ушул жагдайды негедир эске албай жатышат. Ушул факт так айтылбай жүрөт. Азыр Конституцияны өзгөртүүгө зарылчылык жок, ушул эле мыйзам менен жашоого, иштөөгө, өнүгүүгө болот. Кыргызда “Саптай албаган учук тандайт” деген сөз бар. Кеп Конституцияда эмес. Азыркы Конституциядагы мүчүлүштөр элдин жашоосуна, мамлекеттин өнүгүүсүнө таптакыр эле кедергисин тийгизип, тоскоол болуп калган жок. Менин пикиримде, ошол эле Конституцияда көрсөтүлгөн мөөнөткө, 2020-жылга чейин чыдоо керек. Ага чейин дагы эки шайлоо болот, 2017-жылы президентти шайлайбыз, 2020-жылы кайра Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайбыз, ошону менен коомдогу саясий маданият дагы чыңдалат, мамлекет үчүн, эл үчүн болгон жоопкерчилик дагы жогорулайт. Өзүбүз дагы ага чейин мамлекеттик жана коомдук түзүлүштөгү оош-кыйыштарды, оңдоочу, алмаштырылуучу жоболорду, түздөөчү жагдайларды жакшы түшүнүп, бышып калабыз, өз ара талаш да азаят, бири-бирибизди уга турган, сөзгө конок бере турган жагдай түзүлүп калат. Эл дагы, жарандык коомчулук дагы, эң башкысы саясатчылар дагы парламенттик демократияга, анын шартында жашоого, иштөөгө көнүп калышат. Мына ошондой мезгилде Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз кылсак болот. Ал эми азыр ушул маселеге киришип алсак, “чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей абалга жетип калышыбыз ыктымал. Куранда деле айтылат, “күмөн санаган иштен кайт” деп. Сөзүмдүн аягында бийликке келем деп элди дүрбөтүүгө аракет кылып жаткан мекендештерге айтаар элем: Туура, жашоодо катачылыктар, натуура иштер, чечилбеген көйгөйлөр көп. Бирок, мен жогоруда айткандай, азыр аларды чечүүнүн мыйзамдуу жолдору да көп, каалга ачык. Ачык турган эшикке кирбей тамды сүзө берүүнүн деле кажети жок деп ойлойм. Былтыр күзүндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо эч ким силердин колу-бутуңарды тушап койгон жок, элге чыгып, элди ынандырып, ишеничине кирсеңер азыр парламентти ээлеп, Өкмөттү өз каалаганыңардай дайындап, айтып жаткан максаттарыңарды ишке ашырмаксыңар да. Ошондой эле мүмкүнчүлүк эмдиги жылы болот, президенттик шайлоого даярдангыла, элдин назарына ээ болгула. Азыр жол ачык, шайлоо калыс. Мурдагыдай зомбулук жок. Бардыгы өз колуңарда.

Маектешкен Баратбай Аракеев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: