Эмил Токтошев: Мага мыйзам жазуу кыйынга турган жок

04.04.2016 | Маек

Эмил ТоктошевЖКнын “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эмил Токтошев менен маек.

— Эмил мырза, “Ата Мекен” партиясына канча убакыттан бери мүчөсүз? Сиздердин фракцияга тиешелүү 11 мандаттын бири сизге кандайча тийип калды? Же добушту көп алдыңызбы? Балким, лидерге, партияга көп акча бергендирсиз?.. Бул суроо көпчүлүккө кызык да.

— “Ата Мекен” партиясына көптөн бери эле мүчөмүн. Мыйзамга ылайык, биздин партия дагы партиялык тизме менен шайлоого барган. Тизмени карасаңыздар, анда региондук тең салмактуулук сакталган жана жаңы кишилерди кошуу маселеси камтылган. Мен тизмеге Ош облусунун квотасы менен киргем. Бул маселеде акча маселеси биринчи эмес. Шайлоодо ар ким өз жеринде иштешти, мен дагы Ош облусунда иштеп, талапка ылайык добуш алдым.

— 10-15-жылдан бери ишкерлик менен алектенип жүргөн экенсиз. Саясатка аралашканыңызга эмне түрткү болду? Саясаттан сиз эмнени өзгөрткүңүз келет?

— Мен ишкерлик менен алектенип келгем, мен тоолук болом. Алыскы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө өскөм. Биз, тоолуктар, намыскөй эл болобуз. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Ошондуктан өзүмдүн эле камымды ойлой бербей элдин да камын ойлоп, эл үчүн да кызмат кылыш мага чоң парз. Депутаттын бирден бир милдети бул — мыйзам жазуу эмеспи. Мыйзам бул — биздин жашообуздун эрежеси. Канчалык эрежебиз жакшы, жашоого ыңгайлуу жана пайдалуу болсо, ошончолук коомубуздун өнүгүшү жеңил жана тез болот.

— Жакында эле кичи мекениңизге элден кабар алып келген экенсиз. Бул тууралуу эмне айтасыз?

— Кара-Кулжа районунан депутат болгон төртөөбүз өткөн жумада жалпы райондун эли менен бирге жолугушуу өткөздүк. Элдин көйгөйүн жеринен угуп, суроо-талаптарын жазып алдык. Маселен, Кара -Кулжада көбүнчө жол маселеси боюнча талаптар көп айтылды. Көп жерлерди суу жей баштаптыр. Ошол жерлерге тезинен дамбаларды курууну суранышты. Бизге ошончо эл ишеним көрсөтүп жаткандан кийин, колубуздан келишинче көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылабыз.

— Депутат болгондон бери мыйзам жазуу маселесине тиш сала баштадыңызбы?

— Мен эки жогорку билимдин ээсимин. Мага мыйзам жазуу өтө деле кыйынга турган жок. Мыйзам жазууга бир эле юридикалык эмес, экономикалык билим да керек. Экономикалык жогорку билимим бар. Жазылган мыйзамдар бир канча эксперттерден өтөт, оңдолот-түзөлөт, талкууланат. Жогорку Кеңештин бардык бөлүмдөрүнөн тастыкталып, жактырылып анан тийиштүү комитеттерге жиберилет. Ушул күнгө чейин 5-6 мыйзамдын демилгечисимин. Коомдук талкууга коюп, радио жана телевидениеге бир канча жолу чыктым.

— Ошол мыйзамдар тууралуу учкай айтсаңыз?

— Биринчи — аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Экинчиси, салтанат, салт-каадалардагы ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн жана өлүм-житимдердеги ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча. Үчүнчү мыйзам — нике курагына жеткирбей жаш кыздар менен балдардын никесин кыйгандарга тыюу салуу тууралуу. Төртүнчүсү, чек ара тилкесинде курулуш жана башка иштерди жүргүзбөө боюнча. Ал эми бешинчиси, миграция тууралуу жакшы бир мыйзамды демилгелеп жатабыз. Албетте, бул мыйзамдын баарын мен жалгыз демилгелеп жаткан жокмун, кесиптештерим менен биргеликте десем болот.

— Чек ара маселеси чечилбей, бүтүндөй элди кыжалат кылган көрүнүштөрдүн болуп жатканы боюнча эмне айта аласыз? Бул маселени чечүү жолдору барбы? Балким, сиз жакшы сунуш айтарсыз?

— Чек ара маселесине кылдаттык менен мамиле кылбасак болбойт. Бул биздин мамелекеттин бирден бир көйгөйү. Тез аранын ичинде коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү зарыл. Чек араны тактоодо сырткы мамлекеттерге кайрылсак, туура эмес. Тарыхыбыз бир болуп, эзелтен эле кыз берип, кыз алып, аш-тойлорго бири — бирибизди чакырышып келген эки калк кантип тил табышып сүйлөшө албайбыз? Өткөн тарыхка жана келечекке көз узатып, жеке амбицияларды артка таштап, тил табышууга аракет кылышыбыз керек. Биринчиден, жолубуз чектешкен чектерди тезинен чечиш зарыл. Болбосо, жергиликтүү элди кыйнап коёбуз.

— Өкмөт башчы Темир Сариевдин ишмердүүлүгү купулуңузга толобу? Сиз байкаган артыкчылыгы менен кемчилиги кайсылар?

— Биз, 6-чы чакырылыштын депутаттары өкмөттү өткөн жылдын күз мезгилинде шайлабадык да. Бир кичинекей мисал айтайын, бир кичинекей үйдү да жарым жылда куруп тапшырыш кыйын, а кичинекей ишкананын өнүгүүсүн жарым жылда көрүү кыйын. Ошондуктан Сариевдин командасына азыр баа берүү кыйын. Менин оюмча, биз шайлагандан кийин кеминде бир жыл мүмкүнчүлүк  беришибиз керек. Иштегенге убакыт бербей эле кубаласак, жоопко да тарта албайбыз. Сариев өкмөттү жетектеп жатканына 1 жыл болуп калды. Бирок, аны биз шайлагандан бери төрт айдан ашты, бизге жаңы программасы менен келген. Өкмөт ЖКга жакынкы күндөрү ишмердүүлүгү боюнча отчётун берет. Ошондо бир аз баа берсек болот. Сариевдин аракети бар, алынын жетишинче иштеп жатат.

Азамат Кангелдиев


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: