Элнура Молдокадырова менен Ренат Самудинов АКШдан кармалганын ТИМ тастыктады

10.11.2017 | Саясат

 

15871472_954436347991526_2676704182976853168_nКыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилигине КР жарандары Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова америкалык чек арачылар тарабынан кармалганы жөнүндө билдирме келип түштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда КР жарандары үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында кармалып, элчиликке 19-октябрда билдирме келип түшкөн. «Кыргызстандын элчилиги АКШнын Чек ара жана Иммиграциялык кызматтары менен байланышканда, кыргыз жарандарынын өлкөгө кирүүгө уруксат кагаздары (виза) жок болуп чыкканы белгилүү болгон. Муну менен катар алар саясий баш паанек сурашканы маалым болду. Учурда аталган маселе АКШнын иммиграциялык сотунун кароосунда турат. Жарандар аларды кармоо шарттары боюнча арызданышкан жок», — деп айтылат маалыматта. Кармалгандарга элчиликтин өкүлдөрү киргизилген жок. Нөөмөтчү элчиликтин байланыш номерлерин жазып алып, КР жарандарына тапшырыларын айткан. Ушул күнгө чейин аталган жарандар Вашингтондогу КР элчилигине кайсы бир маселелер боюнча кайрылган эмес. Ренат Самудинов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсү болгон. Бирок көз карашы туура келбей калып, партиядан чыгарылган. Элнура Молдокадырова КТРКда эмгектенип, журналисттик иликтөөлөр боюнча долбоордун автору болгон. Кийин өз каалоосу менен иштен кеткен. Алар АКШдан саясий  баш паанек сурашкан.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: