Элдин укугун азыртадан тепсеген Бабанов кантип президент болсун?!

14.09.2017 | Саясат

Бабанов

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстан боюнча баннерлерин жайнатып, акчасына гана чиренгенин далилдеп, бул аракети менен элди иренжитүүдө. Айрымдар болсо ага кеткен чыгымды муктаж жарандарга таратып берсе болмок деген пикирлерин билдирүүдө. Бабанов элди иренжиткени аз келгенсип ошол баннерлерге айрым адамдарды укугун тебелөө менен чыгарып, бир топ элди наарзы кылды.

Жакында жергиликтүү телеканалдардын бирине Бишкектин тургундары Елена Кучерява жана Наталья Полунина аттуу жаран кайрылып, Бабановдун аракетинен моралдык запкы жегенин билдирген. Алардын айтымында, Бабанов эч кандай уруксат сурабай туруп сүрөттөрүн бүтүндөй республикага илдирген. Елена Кучеряванын айтымында, бир жыл мурда түшкөн тасманы алып чыгып, андагы кадрларды пайдалануу түздөн-түз адамдын укугун бузуу. “Менин сүрөтүмдү шаардын бардык аймактарына илиптир. Менден эч ким уруксат алган эмес. Биз эми юристтерге кайрылганы турабыз. Анткени, бул мен үчүн жагымсыз жана мындайды каалабаймын. Мектепте окуган кызыма да ар кандай суроолорду берет экен. Менин сүрөтүм мобилдик телефондор аркылуу да тарап кетти. Мага анын кереги жок”, — дейт ал. Ошондой эле Елена айым шайлоодо Бабановду эмес, башка талапкерди колдой турганын айткан.

Бабанов булардан башка да бир топ адамдардын укугун бузуп, алардын сурабай туруп сүрөттөрүн жарыялоодо. Муну менен ал кыргызстандыктардын укугун тебелеп, моралдык жактан басмырлоодо. Эгер элге бирдей караган, башкалардын укугун сыйлай билген адам болгондо ошол сүрөтүн чыгарган адамдардан бир ооз сурап койбойбу. Атайын даярданбай сүрѳткѳ түшүү кандай болоору маалым. Же Ѳмүрбек мырза аял затын ушинтип кордогусу келеби? Азыртадан элди тепсеген Бабанов келечекте кантип президент болсун?!


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: