«Элдик парламенттин» артында Акаев турган жокпу?

16.04.2016 | Саясат

Аскар АкаевСССР ыдырагандан кийин чарбабыздын түбүнө биротоло жеткен Бекболот Талгарбеков, өзүнчө эле президент болугусу келип жүргөн Колубаев Төрөбай,  УИАнын президенти Эркебаев Абдыганы, мурунку министр Эднан Карабаев мурунку премьер, азыркы депутат Жумалиев Кубанычбек, экс-губернаторлор Кумаров Ботолкан, Бакиров Мамасадык дегендер кечээ күнү Улуттук китепкананын залына чогулуп  “Элдик парламент” дегенди түзүптүр. Анда бүтүндү бүлүндүргөндү гана билген Талгарбековуң сөз сүйлөп жатат дейт. Же аны кунт койгон киши жок болсо да айтып турганы бул экен. Кирип чыккандардын айтымында:  “Россиянын ФСБсы бизге  иштеп жатат, Атамбаев май айына чейин президенттиктен кетет, анын ордуна Төрөбай Колубаев дегенди шайлайбыз” деп. Колубаев деген Атамбаев президенттикке шайланарда аны менен дебатка чыккан дейт, Чүй университетин бүтпөй калыптыр. Талгарбековдун тантыраган сөзүнө карасак, Кыргызстандын президенттигине элес-булас эси бардын баары эле шайлана берет тура. Кудая тобо, бу Талгарбеков дегениң да бир кезде мамлекеттик башкаруунун бир бучкагын чойду э?! Мына сага ит турмуш! Баса, Темир Сариев отставкага кетсе, анын кээ бир жакын санаалаштары ушул “элдик парламентке” кирип кетишиптир. Деги жаныбыз калса экен… Бул балекет баскыр “Элдик парламент” дегенге өңчөй эле Акаевдин бир кездеги өтө сүйүктүүлөрү чогулуп алышыптыр го, кокус аркасында Акаев жокпу деген ой кетет экен…


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: