Эл мүңкүрөп турганда миллиондорду жасап жүргөн Текебаевдин дили эл менен бирге болобу?

04.07.2017 | Саясат

    Текебаев

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин бир туугандарын, жакындарын, уулдарын, балдарын жоготкон мекендештерибиз кан жутуп, эмне кылаар айласын таппай калган эле. Мындай убакта элдин уулу болом деген саясатчылар эл менен бирге болуп, алардын кайгысын тең бөлүшүп, жандарында болушу керек болчу.

Ал эми дал ошол Апрель революциясынын арты менен камактан бошоп, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болгон Өмүрбек Текебаев ал кыйын кырдаалда элди башынан жөлөп коюунун ордуна тескерисинче «дагы кайсыл жактан миллион өндүрсөм экен?» деген маселе менен башын оорутуп жүргөнү маалым болду. Буга ачык далил катары кече 29-июнда Биринчи Май райондук сотунда россиялык ишкер Леонид Маевскийдин берген көрсөтмөсүн айтсак болот.

Андан сырткары мародерчулук боюнча да илинчеги бар Текебаев болбой эле «мен да президент болом» дегендердин катарында. Элге миллиондорду өз кызыкчылыгы үчүн кымырган президенттин кереги барбы?


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: