Домой Коом Эки достун кармашынан эл азап чекпесин! Соцтармак тынчтыкка чакырууда

Эки достун кармашынан эл азап чекпесин! Соцтармак тынчтыкка чакырууда

13

Социалдык тармактын колдонуучулары бири-бирин чагымчылдыкка алдырбай, ынтымактуу болууга үндөп жатышат.

Кой-Таштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктар социалдык тармактар аркылуу пост жазып, өз пикирин билдирип жатышат. Арасында өлкөдөгү тынчтык баарынан маанилүү экенин белгилеп, элди ынтымакка чакыргандар арбын.

Белгилей кетсек, 7-августта кечки саат 20.00дөр чамасында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Бирок мурдагы президентти кармай алышкан эмес. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, күч түзүмдөрү менен кагылышкан учурлар катталды. Андан соң Атамбаев бийликке кайрылуу жасап, баскынчылык кадамдарды токтотууга чакырган.Акыркы маалымат боюнча, атайын операция учурунда ок атылып, 47 киши түрдүү жаракаттарды алган. Спецназдын бир жоокери ооруканада каза болду. Ал эми Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. УКМК аскерлер желим ок гана колдонгонун, Атамбаевдин үйүнөн аскерий октор атылганын билдирүүдө.

Кырдаалга байланыштуу бүгүн, 8-августта, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулары маалым болду.

«Кыргызстан бизде бирөө эле! Мамлекетти ойлойлу!» — деп жазган Facebook тармагынын колдонуучусу Нурлис Токебаев.

Ал эми Шайыр Жунусалиев «Бектер кетет эл калат! Учурда элдин биримдиги маанилүү, бирөөнүн кара башы үчүн эки жаатка бөлүүнүн кереги» жок деп жазган.

Улукбү Амирова болсо мындай окуялардан кийин Кыргызстан коңшу өлкөлөргө уят болуп жатканын эскертти.

Орозбек Осмонов кыргыз элинин митингден тажаганына токтолуп, азыркы тапта биримдик керектигин жана чагымчылдык иштерге алдырбоого чакырды.

КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов «Эки достун кармашында карапайым эл эле жапа чегип жатат. Эки тарап тең ок атууну токтотуш керек!» — деген пикирин жазган.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаттары да социалдык баракчалары аркылуу билдирүү жасап жатышат. Вице-спикер Аида Касымалиева «Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди кармоо иши мыйзам чегинде ишке ашуусу керек. Кандай болгон күндө да карапайым эл жабыр тартышына эки тарап тең жол бербеши абзел!» — деген таризде кайрылуу жасаган.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков төрт сап ыр менен көөдөндөгү оюн билдирген.

Көз жаш… көз жаш… көздөн эрксиз тамасың,

Көрүп өлгөн кыргыздын бир баласын…

О, Жараткан, биримдик бер, ыйман бер,

Өзүң таап бер бул кырдаалдын чарасын…