Эдил ОСМОНБЕТОВ, эл аралык мамилелер боюнча эксперт: “Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга болгон расмий сапары – позитивдин башталышы»

02.02.2018 | Саясат

20171222_153949.730x400

1-февралда президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Тажикстанга барып, аталган өлкөнүн жетекчиси Эмомали Рахмон менен жолукту. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик мамилелерин талкуулагандан кийин 24 пункттан турган биргелешкен билдирүү таратты. Негизи эле президенттин бул сапарынын маанисин кандай баалайт элеңиз?

—   Биринчиден, эки өлкөнүн жогорку даражадагы жетекчилеринин жолугуп жатышы жакшы үмүт жаратат. Сооронбай Жээнбеков да жакшы тилек, жакшы үмүт менен барды. Анткени, эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз-тажик мамилеси жогорку деңгээлге чыга элек болчу. Чек ара маселеси толук тактала элек. Эки президенттин жолугушуусунда бул маселе сөзсүз козголгон болсо керек.

Негизи эле Орто Азия мамлекеттери өз ара кызматташтыкты арттырышы баарыбыз үчүн маанилүү. Өткөн жылдан тарта Өзбекстан менен мамиле чыңдалды. Эми президент Тажикстан менен мамилени оңдоого киришти. Бул позитивдин башталышы.

—  Акыркы кездери Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен мамилени жолго сала баштады. Борбор Азиядагы мамлекеттер менен кызматташтыкты арттыруу өлкөнүн өнүгүшүнө канчалык таасир этет деп ойлойсуз?

—          Борбор Азия мамлекеттери ортодогу кызматташтыкты бекемдеткенде гана өнүгөт. Ал эми Тажикстан менен улуттук кызыкчылыктарды коргоо аркылуу чек араны чечип алышыбыз керек. Ошондо гана кызматташтык арта баштайт.

Тажикстан менен CASA-1000 долбоорун да чогуу ишке ашырып жатабыз. Бул багыттагы иштердин алдыга жылганы да эки өлкөнүн президенттеринен көз каранды.

—          Тажикстан менен 52 пайыз чек ара тактала элек. Эки президенттин жолугушуусунан кийин бул маселе алдыга жылабы?

—          Сөзсүз. Бирок, чек ара маселесин кыска аралыкта чечүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, эки президенттин тапшырмасы менен атайын комиссиялар иштей баштайт.

 


Пикир калтырыңыз:

Тилекке каршы, сиздин браузер пикир калтырууга мүмкүндүк бербейт экен...

Тектеш макалалар: