Домой Саясат Дүйшөбаевдин таржымалында өөнү бар

Дүйшөбаевдин таржымалында өөнү бар

4

Кырдаалдан куп пайдаланып, эбин таап дөндөйүп алгандардын катарында дагы бир “чийки” генерал бар экендигин жалпы коомчулук жакшы билет.

Өлкө кымгуут болуп жатканда өзүнүн кара башын ойлоп, мурдагы үлкөн кишилерди чек арадан өткөрүп, кымбат унааларды коңшу тарапка оодарып ашказанын майлаган Кеңешбек Дүйшөбаевдин кыңыр иштери тууралуу тогуз жылдан бери үзгүлтүксүз айтылып келет. Бирок, ныпым жылыш болбойт. Неге дегенде ал акыркы жылдарда азыркы бийликтин “обоймасынан” орун алууга ынтаасын катуу койгон. Айрыкча кеткен президентти шыбамай боюнча “чемпиондукту” эч кимге бербей келатат. Тимеле жаагы шимилгенче ойт берет десең…

Ыңгайлуу шарт жаралып жатканда айрыкча жан бактылар түнкүсүн уктабай калары маалым. Кайсыл жерде “кызыл эт” көрүнсө баса калууга куштар болгон Кеңешбек ошол тарапта пайда боло калат. Анын үстүнө убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү учурдагы бийликтин камчысын чапкысы келген түр көрсөткөнү менен анчалык үзүлүп деле түшпөсүн Бекназаров ачыктап салды. Он төрт мүчөнү жамаса да бирикпейт, ар кимисинин көздөгөн максаты бар экендиги талашсыз. Кызык факт. Канат Исаев ушул кишини өзүнүн партиясынын этегине киргизип алганы эмнеси деген суроонун жообу даяр. Анткени экөөнүн тең “элдешкис душманы” бар А. Атамбаев аттуу. Демек, кол кармашкандардын багыты бирдей мааниге ээ. Антсе да “Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү таржымалында өөнү бар К. Дүйшөбаевди бекер жанына кошуп алды, эми шайлоочулар ого бетер жипкирет деген туура кебин айтып жүрүшөт. Негизи партиянын лидерлигине жакында шайланган кишинин деле тулку боюнда “каралжын” өчпөс тагы бар. Тилекке каршы ошондойлордун доораны сүрүп турганда боло берет да деген көз карашка баары эле макул эмес. Акчанын күчүнө таянып шайлоого баргандардын эртеңкиси кандай болорун шайлоо өткөндөн кийин билербиз. Аттиң, кайра эле опулдагандар, лакылдагандар, бийликке жаккандар парламенттен орун алса элдин шору арылбайт турбайбы деген жыйынтык жаралаары турган иш. Баарынан да Кеңешбек Дүйшөбаевдин чүкөсү таа консо анда жарга такалдык дей бергиле…

Булак: Ачык сөз